Өзбекстан-Афганистан-АКШ форматындагы диалог күчөтүлөт

389
0

Өзбекстан-Афганистан-АКШ форматындагы диалог күчөтүлөт

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башчылыгындагы делегация Вашингтон шаарында АКШ Эл аралык өнүгүүнү каржылоо корпорациясынын (DFC) башкы директору Адам Болер менен жолугушту. Бул тууралуу, Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Болердин Өзбекстанга 29-июндагы сапары учурунда түзүлгөн келишимдерди  ишке ашыруу жараяны талкууланган.

О.э. жолугушууда өнөржай, тейлөө тармагы жана инфраструктуранын өнүгүшүнө түздөн-түз инвестициялар менен жаңы технологияларды тартуудагы эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

Өзбекстан тарап DFC катышуусунда Өзбекстанда нефть-газ, энергетика, транспорт, курулуш, банк, фармацевтика жана башка тармактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирген. О.э. америкалык DFC корпорациясынын жетекчиси инфраструктуралык долбоорлорду демилгелөөгө багытталган Борбор Азия инвестициялык фондун түзүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеген.

Афганистандын инфраструктурасын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык жактан тикелөө Өзбекстан менен DFC ортосундагы кызматташтыктын маанилүү багыты болуп эсептелет. Ошондуктан, тараптар үстүбүздөгү жылдын май айында башталган “Өзбекстан-Афганистан-АКШ” үч тараптуу кызматташтык форматы алкагында диалогду күчөтүү зарыл экендигин  баса белгилешти.

 Комментарий: Өзбекстан башка кошуна өлкөлөргө караганда Афганистандын инфраструктурасына көбүрөөк салым кошту. Мындан тышкары, Өзбекстан Борбор Азиядагы бардык республикалар менен чектешкен жападан-жалгыз мамлекет. Бул да АКШнын Борбор Азияны Россиянын таасиринен алыстатууда Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарга алып чыгуу аркылуу регионду Россияга альтернатива болгон транзиттик жол менен камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Ушундай максатта “Термиз-Хайратон-Мазари Шариф” темир жолу курулду. АКШ бул максатына жетишүү үчүн Афганистанда тынчтык орнотушу керек. Ошол себептен да Америка “Талибан” менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө киришип, бул сүйлөшүүлөргө ортомчу катары Өзбекстанды тандады. Ошол себептен да афган расмийлери жана АКШнын өкүлдөрү Өзбекстанга тынымсыз каттап калышты, же түрдүү деңгээлдеги жолугушуулар аркылуу Өзбекстанды бул жараянгаактивдүү катышууга үндөп жатышат.

Мисалы, 2019-жылдын 9-декабрында “Азия жүрөгү – Стамбул жараяны” форумунун сегизинчи министрлер конференциясында Өзбекстан, АКШ жана Афганистан делегацияларынын башчылары үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

 Ошол эле жылдын март айында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Дохада “Талибан” кыймылынын делегация башчысы Бародар Ахунд менен жолугушуп, Афганистандагы тынчтык жараяны жана Афганистанга экономикалык жардам берүү маселесин талкуулады.

 2020-жылдын 30-июнунда АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Пакистан, Катар жана Өзбекстанга сапар кылып, Афганистандагы “тынчтык жараянын” талкуулады.

2020-жылдын 28-29-август кндөрү Афганистан республикасынын тышкы иштер министри Ханиф Атмар башчылыгындагы делегация Өзбекстанга сапар кылды…

 Белгилүү болгондой, Өзбекстан стратегиялык жактан өтө маанилүү чекитте жайгашкан, мындан тышкары, Борбор Азиянын негизги стратегиялык багытына таасир өткөрө ала турган, табигый ресурстарга бай мамлекет. Эл аралык саясаттагы АКШ, Россия жана Кытай ортосундагы геосаясий күрөш Борбор Азиянын, анын ичинде, Өзбекстандын үстүндө күчөп жатат.

Абдурахман Адилов  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here