Америкадагы шайлоо тууралуу

453
0

Америкадагы шайлоо тууралуу

Алдын ала чыгарылган жыйынтыкка таянсак, демократтардын талапкери Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды. Байден шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Буга кошумча бир катар штаттарда добуштар саналып бүтө элек. Бул штаттарда да Байден Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамптан алдыда бара жатат. Байден расмий кызматка 2021-жылдын 20-январынан тарта киришмекчи.

Белгилей кетсек, АКШда президент штаттын калкына жараша бөлүнгөн шайлоочулар коллегиясы аркылуу тандалат. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ин алган талапкер жеңүүчү болот. Бир штатта 1% айырма менен жеңишке жетишкен талапкер ошол штаттын бардык добушуна ээ болот. Мисалы, эгер штаттын 2 миллион жашоочусу болсо, ал штаттын шайлоочулар коллегиясында 20 добуш болот. Эгер ушул штатта талапкерлердин бири 51% ал эми экинчиси 49% добушка ээ болсо, 51% добуш алган талапкер шайлоо коллегиясында ушул штаттын бардык 20 добушуна ээлик кылат. Мына ушундайча, талапкерлердин бири шайлоочулар тарабынан көп добушка ээ болсо да, бирок шайлоочулар коллегиясында көп добушка ээ болбой калат. Бул Америка жар салып жаткан эл бийликтин булагы деген ураандардын жалган экенине байланыштуу.

Ал эми, Америка үчүн негизги маселелер боюнча иштер Трамптын учурунда кандай болсо Байдендин учурунда да өзгөрүүсүз улана берет. Болгону, ыкмалар гана өзгөрүшү мүмкүн. Анткени, Америка системасы көптөгөн мекемелер аркылуу көзөмөлдөнүп барылат, алардын ар биринин күчөп, алсызданып тура турган ыйгарым укуктары бар.

Америкадагы «Республика» жана «Демократ» партиясынан келген президенттердин башкаруу ыкмасындагы айырмачылыктар аталган партиялардын тарыхына байланыштуу. Республикачыл партия “демократия” деп эле айкыра бергенди анча жактыра бербейт. Ал көбүнчө текебердик, кекирейүү жолун тутунат. Бул партиянын көпчүлүк бөлүгү ушул чөйрөдөн куралган жана дагы деле партияда ушул чөйрөнүн адамдары үстөмдүк кылат.

Мындай “өгүз өкүрүк” идеясы көбүнчө күчкө таянган, өлтүрүү, кыргын, сүргүн, жардыруу, тартып алууга ыктаган адамдарда кездешет. Буга Трамптын башкаруусунда дүйнө эли күбө болду. Трамптын админстрациясы бийликке келбей жатып Ислам жана мусулмандарга ачык душмандыгын көрсөттү. Мусулмандар көпчүлүктү түзгөн өлкөлөрдүн акимдерин өзүнүн кызыкчылыгы астында каалагандай иштетти. Кийин Кытай жана Европанын товарларына чектөө киргизди. Орусиянын үмүтүн үзүп санкцияларды улантты. Эл аралык уюмдарды каржылоодон өз билемдик менен баш тартып, айрымдарынан болсо чыгып кетти.

Ал эми демократтарда болсо, алдамчылык жана демократия деп куу сүрөөн салуу устөмдүк кылат. Англис ыкмаларын колдонууга басым жасайт. Ал сүткө уу кошуп берип, күлүмсүрөп карап турат. Республикачылар түздөн-түз азуу менен өлтүрүүнү ыкма катары колдонсо, демократтар кебез менен мууздайт… Ошондуктан, демократ башчылар карапайымдарды алдап ээрчитип кеткенге маш. Мунун каршысында республикачылар алдап олтурушпайт, душмандыгын ачык көргөзүшөт. Алыс барбай эле, жакынкы аралыктагы Америка башына келип кеткен Америка мамбашчыларынын тарыхына кайрылсак, бул нерсе айдан ачык болот. Рейган, Никсон, чоң Буш, кичи Буш, Трамп – баардыгы республикачылардан. Алар айрыкча Ислам жана мусулмандарга каршы азуу тиштерин жана текеберликтерин ачыктан-ачык көргөзүштү. Кеннеди, Картер, Клинтон, Обама – баардыгы демократтар. Алар Ислам жана мусулмандарга карата айла-амал, адаштыруу, чалгытуу ыкмаларын иштетишти.

          Жыйынтыктап айтканда, Америкадагы шайлоонун жыйынтыгы ачкөз капиталист институттардын чечимине байланыштуу. Алар айрым учурда Республикалык ыкмада Америка стратегиясын белгилесе, айрымында Демократтардын ыкмасында план түзөт. А бирок, дүйнө элине карата капиталисттик зулумдук өз нугунда улана берет. Демек, Америкадагы шайлоонун жыйынтыгында штаттардагы 60% мусулмандар добуш берген Байдендин же 40% колдогон Трамптын бийликке келиши бул зулумдукту эч качан токтотпойт. Алардын кимиси келбесин, мусулмандардын агып жаткан каны токтобойт, өлкөлөрүбүздөн ташып жаткан байлыктар азайбайт.

Аллах Таала айтат:

“Шек-күмөнсүз каапырлар силердин ачык душманыңар” (Ниса: 101)

          Андыктан, Исламий Үммөт козголоңун, каапыр душмандарга каршы күрөшүн улантышы зарыл. Америка эле эмес, бардык колонизатор күчтөр Аллахтын жардамы менен жеңилет. Анткени, Американын абалы мына-мына үзүлөйүн деп калган жөргөмүштүн желесинен да алсыз. Ал кулоого карай бет алган. Бирок Үммөт Америка малайларынан сак болуулары керек. Мына ушулар Американын мусулман жерлерине бут коюусуна өбөлгө жаратып бергендер. Үммөт чыныгы куткарууга, азат кылууга алып бара турган аң-сезимдүү калыс адамдар тарабына өтүп, аларга бул иште жардам берүүлөрү ваажиб.

Пайгамбарыбыз салаллаху алейхи вассалам айтты: “Силер адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. Жакшылыка чакырасыңар, жамандыктан кайтарасыңар, Аллахка ыйман келтиресиңер“… (Абу Дауд риваяты)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here