Кыргызстан бийлиги «саясий айттардан» эч сабак албады

287
0

Кыргызстан бийлиги «саясий айттардан»

эч сабак албады

Быйыл да Орозо Айт күнү муфтият тарабынан алдын ала белгилеп коюлду.  Албетте, бул мамлекеттик саясат алкагында болгону ар бир адамга белгилүү. Эске сала кетсек, мурун да Айтты алдын ала белгилөөдө каталар кетип, муфтияттагылар андагы өз каталарын тымызын тан алышкан жана аларды “саясий айттар” деп аташкан.

“Саясий айт” демекчи, чынында мунун дүйнөлүк жана эл аралык саясий мааниси бар. Дүйнөлүк саясаттан алганда, айттардын мындайча ар түрдүү белгилениши кафирлердин Исламга каршы күрөшүнө кызмат кылат. Анткени, мусулмандардын бир күндө айтты белгилеши, аларды ушул маселеде пикир жана туйгу жагынан бириктирет. Бул болсо, мусулмандардын башка маселелерде да биригишине салым кошот. Ошондуктан, кафирлер айттын ар башка күндөрү белгиленишине кызыкдар. Мындан максат, бул өлкөлөрдүн мусулмандарын бир бүтүн Ислам Мамлекетинде биригүүдөн алыстатуу.

Эл аралык саясаттан алганда, мындай “саясий айттар” малай акимдерибиздин колонизатор кожоюндарына карата мамилесине карай белгиленет. Мисалы, 2014-жылы Кыргызстанда Россия таасири күчөп кеткенде, ошол жылкы Орозо айт Россияда 28-июль деп белгиленип, анда  Кыргызстан Орусияга ээрчиген (негизи, туурасы 27-июль болгон эле). Ошондо Кыргызстан муфтияты өздөрүнүн айтты белгилөөсүнө дээрлик Россия муфтиятынын кептерин “далил” кылып келтиришкен, эч кандай шаръий далил келтиришкен эмес.

Былтыркы айтты белгилөө, эл аралык саясий өңүттөн алганда, мурункуларынан айырмаланды. Анткени, мурдагы жылдан тартып, АКШнын Орто Азиядагы саясаты жаңыдан жанданып, анын негизи – Орто Азия өлкөлөрү арасында интеграцияны күчөтүү жана ал аркылуу бул өлкөлөрдүн Россияга көз карандылыгын кыскартуу болууда. Бул саясатка Өзбекстан жана Казакстан бийликтери өзгөчө кызыкдар. Муну алардын саясий-экономикалык мамилелеринен көрүп жатабыз. (Учурда пандемия дүрбөлөңү айынан Россиянын региондогу колонизаторлук таасири дагы бир кыйла алсырап кетти). АКШнын Орто Азияга карата ушундай саясий багытынын алкагында, мурдагы жылы Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан айттарды бир күнгө белгилөөгө келишип алышкан. Кийин буга Тажикстан да кошулган. Былтыр да Алматыдагы В.Г. Фесенков атындагы космостук изилдөөлөр жана технологиялар улуттук борборунун маалымдамасына таянып, Рамазандын башталышын алдын ала белгилешти жана ушуга ылайык, Орозо айты да алдын ала белгилеп коюлду.

Быйыл болсо, дүйнөлүк саясаттан алганда, кафир державалар пандемия шылтоосу менен, экономикалык кризистер жана алардын акыбетиндеги ачарчылыктар аркылуу дүйнөнүн “артыкбаш” калкын кыргынга учуратууга карай алып бара жатат. Бул кафир державалардын мындай ыфлас саясатын мусулмандардын Ислам баалуулуктарына амал кылуулары жокко чыгарып жибере алат (Эң эле жөнөкөй мисал, кафир державалар пандемия дүрбөлөңүнө акча сапыртып, карантин аркылуу калкты ачка калтырып, мамлекетти болсо карызга батырып, мамлекет ичинде баш-аламандыктар чыгарып, мамлекетти андан ары да жалпы кризистерге тыгып жиберүү менен ачарчылыктар келтирип чыгарууну көздөп жатышат жана ошого карай алып бара жатышат. Эл аралык уюмдардан келген жардамдардын коррупциялык жолдор менен “кумга сиңип” кетиши да ушуга далалат кылат. Бирок, ушул өзгөчө кырдаал жана абалдарда мусулман калктын бири-бирине жардам берүүлөрү, ихсандары империалисттердин бул максаттары ойдогудай кетишине кыйла тоскоолдуктар жаратып койду. Эгер мындан башка да исламий баалуулуктарга амал кылып бара берсек, империалисттердин бул дүйнөлүк саясаты бүтүндөй таш кабат). Ошондуктан, кафир державалар исламий баалуулуктарга сокку берүүгө зор көңүл бурушууда жана аны алардын жергиликтүү малайлары ишке ашырып беришүүдө. Мисалы, Кыргызстанда коронавирустун кирип келиши умрачылар менен даъватчыларга жабыштырылды (коронавирус Кыргызстанга Кытай менен чек ара ачык турганда, 4 ай бою Кытайдан кирип келбей, Саудия аркылуу умрачылар жана Пакистан аркылуу даъватчылар менен кирип келгенин караңыз). Жума, таравих, айт намаздарына тыюу салынышы, ифтарлар токтотулушу да ушулар алкагына кирет (башка нерселерге да тыюу салынып жатат дейсизби, булардын бардыгы ачарчылык келтирип чыгаруу алкагында болуп, ошонун ичинде, идеологиялык күрөш да камтылган, империалист кафирлер биздин аңкоолугубуздан пайдаланып, “бир ок менен көп коён атып алууга” адаттанып алышкан). Эгер ушул бойдон кете берсе, мындан ары хажга тыюу салынышы, даъват иштери токтотулушу ж.б. күтүлөт. Мына ушундай жагдайда, айттын алдын ала белгилениши – кафирлердин исламий баалуулуктарга сокку уруу саясатына кызмат кылат.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here