Коопсуздук кеңеши жаңы антикоррупциялык стратегиянын долбоорун талкуулайт

253
0

Коопсуздук кеңеши жаңы антикоррупциялык стратегиянын долбоорун талкуулайт

 Үстүбүздөгү жылдын июнь айында 2020-2024-жылдарга карата Кыргыз Респубикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоору карала турган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

 Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдиргендей, стратегиянын долбоору Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечимдерин ишке ашыруу алкагында Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы астында улуттук эксперттердин тобун тартуу менен иштелип чыккан.

 Долбоор салык жана бажы жол-жобосун фискалдаштыруу, саясий кызматтарды ээлеген адамдардын мүлктөрүн текшерүү, коррупция деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасын түзүү, коррупция үчүн жазаны катаалдаштыруу жана оорлоштуруу сыяктуу чараларды камтыйт.

 Комментарий: Кыргызстанда бардык тармактар дээрлик өкмөттүн көзөмөлү астында. Мамлекеттик структуралар жана алардагы коррупциялык схемалар… жана мамлекеттеги кылмыш дүйнөсү, дин иштери, улутчулдук жана “теңирчи мушриктер” тармагы… булардын бардыгы мамлекеттин көзөмөлү астында. Мамлекет өзүнө караштуу болгон жогорудагы бардык кылмыштуу тармактарды коопсуздук кызматы, прокуратура, сот жана орган кызматкерлери жардамында кармап турат. Бул режим – коррупцияга каршы коррупциялык жол менен күрөшүп жаткан режим. Саясий чөйрө өкүлдөрү болгон чиновниктерден баштап, мамлекет кубатынын кепилдиги болгон сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, күч түзүмдөрүнүн бардыгы коррупцияга белчесинен батып  калган. Алар өздөрү баткакта туруп дагы коррупция менен күрөшмөкчү болуп жатышабы…

 Негизи коррупция проблемасы – жеке адамдарда же чиновниктерде эмес, тескерисинче бардык нерсени материалдык кызыкчылык үсүтүнө курган капиталисттик түзүмдө. Себеби, бардык чиновниктер жана саясатчылардын көздөгөнү убактылуу ээлеп турган кызматынан пайдаланып калуу болуп, алар элдин эсебинен байып кетүүдөн башка нерсени билишпейт. Алар Аллахтын алдында да, адамдардын алдында да жооп бериштен коркушпайт. Коррупционерлерди көзөмөлдөөчү органда иштегендердин өздөрү да ушул балээге кириптер болушкан. Капиталисттик түзүм колдонулуп жаткан соң, коррупция балээси элдин канын сүлүктөй соро берет. 

Коррупция балээсинен кутулуунун бирден-бир жолу – бул исламий Халифалык мамлекетин тикелөө. Исламда саясат адамдарды камкордук менен башкаруудан турат. Мамлекеттеги саясатчылар карапайым адамдар тарабынан көзөмөлдөнөт, керек болгон учурда махкаматул мазолим  мекемелеринде жоопко тартылышат, мындан тышкары, аларды акыретте эң катуу эсеп-китеп күтөт. Себеби, Исламдагы саясат – бул пайдалануу эмес, тескерисинче, Аллах Тааладан корккон абалда аткаруу керек болгон аманат. Ошол себептен  да, бүгүнкү күндө капиталисттик түзүмдө болуп жаткан коррупция Халифалык түзүмүндө эч качан болбостугу табигый көрүнүш.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here