Тунис мечиттерди чынында эле калкты коронавирустан коргоо үчүн жаптыбы?!

62
0

Тунис мечиттерди чынында эле калкты коронавирустан коргоо үчүн жаптыбы?!

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты тарабынан чыгарылган Тахрир гезитинде «Мечиттерди жаап, жума жана жамаа намаздарына тыюу салуу – Аллахтын динине дагы да көбүрөөк кол салынган токтомдордон» делет. Гезиттин жаңы санында жарыяланган ушул башкы макалада минтип кошумчаланат:

«Өкмөт мындай зөөкүрлүгүн улантып, маалымат каражаттарындагы жарчылары аркылуу ал тургай орозого да асылды. Алардын айтымында орозо адамдын иммунитетин төмөндөтүп, адамдар эпидемиянын олжосуна айланышына себеп болот имиш. Өлкөдөгү почта бөлүмдөрү, банктар, базарлар, арак сатылган дүкөндөр алдында адамдар тыгын болуп топтолуп турганда өкмөт ушул токтому менен адамды коргоону динди коргоодон үстөм коюп жатканын айтты».

Тахрир гезити мындай тыянак кылат:

«Өкмөт жамаат намаздарын аткаруу о.э. оорунун жугушун алдын алуу маселесин биргеликте чечкен чаралар жөнүндө изденүүнүн ордуна, Аллахтын үйлөрүн жаап, Исламдагы эң улуу ырасымдардын бирине кол салды. Шек-күмөнсүз, анын бул иши Аллахтын динине каршы үлкөн зулум болуп, мындай кылмышты жасагандар Аллахтын ушул аятында айтылган абалга акылуу:

﴿وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ مَنَعَ مَسَاجِدَ اللَّهِ أَنْ يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ وَسَعَى فِي خَرَابِهَا أُولَئِكَ مَا كَانَ لَهُمْ أَنْ يَدْخُلُوهَا إِلَّا خَائِفِينَ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَلَهُمْ فِي الْآَخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ﴾

«Аллахтын мечиттерине, Аллахтын аты зикр кылынуусуна тоскоолдук кылган жана аларды кыйратуу аракетинде жүргөн кишилерден да залимирээк ким бар? Акыры бул адамдар үчүн андай жайларга корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн эле го?! Алар үчүн бул дүйнөдө кордук, Акыретте болсо чоң азап бар»                                                                        [2:114]

 

Роя гезити, №285, 2020-жыл, 6-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here