Ислам Умматы яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга каршы чыгышына Ливия үлгү боло алабы?!

364
0

Ислам Умматы яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга каршы чыгышына Ливия үлгү боло алабы?!

Ливия телеканалдарынын биринде мубарек Рамазан айында көрсөтүлчү бир телеберүүдө жашыруун камерада тартылган видео көрсөтүлдү. Видеодо диктор баскынчы яхудийлердин символу түшүрүлгөн микрофонду кармап алып, Ливия калкына мындай суроо берет: ««Израилге» нефть экспорт кылынышына кандай карайсыз?» Бирок, диктордун суроосуна, анын микрофонундагы яхудийлердин символуна, диктор «Израиль» телеканалынан деп тааныштырылышына каршы чагылгандай жооптордун айтылышы күтүлбөгөн окуя болду. Диктор суроосун аяктар замат талкуудагылар аны тескеп киришти… Адамдар «Баскынчылардын микрофону жана каналы», «Аларга иштеген диктор Ливияга кайдан келип калды» деген өңдүү суроолорду беришип, яхудийлер менен мамилелерди номарлаштыруунун ар кандай көрүнүшүнө каршы экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Фалестиндин маалымат бөлүмү өз сайтында жарыялаган билдирүүдө ушуларды баса белгиледи:

«Бул – мусулман өлкөлөрүндөгү кылмышкерлер жана яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырып жаткан коркок акимдер Ислам Умматына таандык эместиктерине, өздөрүнө жана Батыштагы кожоюндарына гана таандык экендиктерине ачык-айкын мисал. Ислам Умматына жана анын перзенттерине келсек, көрүнүп тургандай, алар яхудий вужудун мубарек Фалестин жеринен түп тамыры менен жок кылуу зарыл болгон душман мамлекет деп билишет. Алар яхудийлер менен алакаларды нормалдаштырууну четке кагышат о.э. кылмышкер акимдер жана Фалестин режими узак жылдардан бери баскынчы менен келишип жашап жаткандай келишүүнү уят деп билишет. Бул окуяда дагы ушул нерсе көрүнүп турат – душмандар жана малайлар чегаралар менен бөлүп салганына карабастан, Ислам Умматы өзүн бир бүтүн Уммат деп билүүдө».

 Роя гезити, №285, 2020-жыл, 6-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here