Иранда коронавирустан 8 адам каза болду

443
0

Иранда коронавирустан 8 адам каза болду

Ирандын расмийлери коронавирустан дагы эки киши каза болгонун кабарлады. Ушуну менен Иранда жаңы COVID-19 вирусунан каза болгондордун саны 8ге жетти.

23-февралда Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Киануш Жаханпур өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 15ке көбөйгөнүн айтты. Ошону менен Иранда вируска чалдыккандардын жалпы саны 43кө жетти.

Иран коронавирустан каза болгондордун саны көптүгү боюнча экинчи мамлекетке айланды. 22-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө 785 адам вирусту жуктуруп алгандыкта шектелип жаткандыгын билдирген.

Вирус жайылып кетишинин алдын алуу үчүн Ирандын расмийлери чектөөлөрдү киргизди. Айрыкча, кошуна Иракка диний зыяраттар токтотулду.

О.э. бир нече шаарларда мектеп, университет жана кинотеатрлар жабылды. Пландаштырылган профессионалдык спорт оюндары күйөрмансыз өткөрүлө турган болду.

21-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигин мөкүлү Мину Мухраз вирус Кум шаарында күндөн электр энергиясын алуучу заводду куруп жаткан кытайлык жумушчулардан тараган болушу мүмкүн экендигин айтты.

Аптанын башында Ирак, Кувейт жана Саудия мамлекеттери Иранга маанилүү рейстерди токтотту.

Вирустун очогу болгон Кытайда бүгүнкү күнгө чейин 2300дөн ашуун адам каза болду.

Сереп:  Коронавирус  проблемасы мамлекеттер ортосунда кызыкчылык талашуу куралына айланып, эл аралык саясий түс алып барууда.

24- февралда АКШ президенти Дональд Трамп расмий сапар менен Индияга барды. Ал сапар жөнүндө “Азаттык”  радиосу: “Эки мамлекеттин расмийлери кызматташтыктын¸ айрыкча ¸ Кытайдын экономикалык экспансиясы (башка өлкөгө карата аймактык, географиялык же башка кеңейиши) кеңейүүсү фонунда өз ара кызыкычылыгы бар экендигине өзгөчө көңүл бурушууда” деп кабарлады.

Кытай мамлекети коронавирус карантини себептүү дүйнөлүк базардагы бир катар позицияларын жоготору күтүлүүдө. Аны мындай абалга (вирус себептүү карантин абалына) салган кокустукпу же эл аралык саясаттагы геосаясий оюндарбы айырмасыз, учурда Кытайдын абалы начарлап барууда. Бул болсо дүйнөдө экономикалык боштуктарды пайда кылышы мүмкүн болгон абал. АКШ ал боштукту  Индия менен толтуруу мүмкүн экендигине ишара кылууда.

 АКШ Кытайга каршы ишке салып жаткан дүйнөлүк масштабдагы маалыматтык күрөш дүйнө жүзүн коркута алды. Кытайдагы вирусту чуманын деңгээлине көтөрүү менен АКШ Кытайдын дүйнөдөгү баскынчылык максатындагы инвестициялык жүрүшүн жокко чыгарууну, же болбосо, анын ушул экономикалык баскынчылыгын убактылуу болсо да токтотуп турууну максат кылат. Кытайдын убактылуу сенек абалынан пайдаланып, дүйнөдөгү инвесторлорду Индияга бурмакчы болот о.э. дүйнөдө пайда болушу күтүлүп жаткан экономикалык боштуктарды арзан жумушчу күчү бар Индия сыяктуу мамлекет менен толтурмакчы болот.

АКШ үчүн ыңгайсыз же убактылуу проблема пайда кылып жаткан Иран сыяктуу мамлекеттерди Кытайдагы сыяктуу проблема жаратышы мүмкүндүгү менен коркутат. Коронавируска каршы күрөшүү адамзаттын саламаттыгын сактоо негизине курулушу керек эле. Эл аралык саясат болсо аны экономикалык жана саясий куралга айландырып барууда. Бул максатты эл аралык кубаттуу маалыматтык машина аркылуу гана ишке ашырууга болот.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары адамзатты коркута алды. Адамдар өз мамлекетинин жарандарын да кабыл алуудан да баш тартып, Украинадагы сыяктуу тополоңдорду уюштурууда. Алардын кытайлыктарды өлкөгө киргизүүгө каршы турушу табигый көрүнүш. Кытай дүйнөгө кеңири жайылып жаткан инвестицияларын жана биргелешкен ишканаларын башкарууда проблемаларга дуушар боло баштайт. Себеби, ал өлкөлөрдөгү жарандар өздөрүнүн саткын жетекчилерине каршы көтөрүлүп, кытайлык ишкана жана жарандарды чыгарып жиберүүнү талап кылуу көбөйөт.

Ири мамлекеттерге жакпай калган Иран жана башка ушул сыяктуу колония өлкөлөр ар дайым маалыматтык күрөштөн зыян тартып келишет. Себеби, алар ээрчип жаткан эл аралык саясат куфр акыйдасына курулган болуп, эл аралык саясаттагы дүйнөлүк жетекчиликти  Ислам үммөтү жашаган мамлекеттерге өз ыктыяры менен тапшырып койбойт. Тескерисинче, ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биздин өлкөлөрдү кемсинтүүгө, ар бир иште айыптоо аркылуу чөгөлөтүүгө аракет кылышат. Массалык кыргынга алып  баруучу вирустар да, антивирустар да кафирлерддин колунда болгондуктан, каалаган убакта бизди изоляция кылып коюшу да мүмкүн.

 Чумага каршы күрөшүүнү исламий өкүмдөргө байлабасак, алар биздин башыбызга түшкөн балээлерден өздөнүнүн материалдык кызыкчылыктары жолунда пайдалана беришет! Негизи Халифалык мамлекети астындагы аймактарда да чума жайылган. Ал жөнүндөгү шаръий өкүмгө амал кылуу менен мусулмандар Аллахтын нусратына жетишкен. Акыйдага акыл аркылуу ыйман келтирген мусулмандар бир гана Аллахка тобокел кылышкан. Трампка же куфр дүйнөсүнө эмес! Башыбызга түшүп жаткан же куфр дүйнөсү атайылап пайда кылып жаткан балээлерден Аллахка кайтуу менен гана кутулабыз!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here