Талибан Вашингтон менен тынчтык келишимине кол коюларын билдирди

369
0

Талибан Вашингтон менен тынчтык келишимине кол коюларын билдирди

Талибан кыймылы Вашингтон менен тынчтык сүйлөшүүлөрү аяктаганын жарыялады. Ушул айдын аягында тынчтык келишимине кол коюлушу күтүлүүдө.

“Ушул айдын аягында Доха шаарында, БУУнун,  Ислам кызматташтык уюмунун,  Европа биримдигинин жана Афганистанга кошуна мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда келишимге кол коюлат”, – деди Талибан делегациясынын мүчөсү Абдус Салам Ханафи маалымат каражаттарына берген интервьюсунда. 

Ханафий келишимге кол коюлган соң АКШ жана Афганистан өкмөтү Талибан кыймылынын 5 миң мүчөсүн, ал эми Талибан кыймылы болсо миң туткунду бошоторун билдирди. Анын айтымында,  Афганистандагы тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр туткундарды бошотуу жараяны бүткөндөн кийин башталат. А бирок, ал АКШ аскерлери Афганистандан чыгарылышы боюнча эч кандай маалымат бербеди.

Өткөн шаршемби күнү АКШ жана Афганистандын расмийлери Нью-Йорк-Таймс гезитине билдиргендей, АКШ президенти Дональд Трамп Талибан менен “шарттуу” тынчтык келишимине ыраазы болгон.

Расмийлердин билдиришинче, эгерде Талибан 7 күндүк мөөнөттө аларга ишенимдүү экендигин тастыктоочу далилдерди келтирсе, тараптар ортсундагы тынчтык келишимине кол коюлат.

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео да “29-февралда келишимге кол коюлушунан үмүттөнөрүн билдирди.

“Кошмо Штаттар жана Талибан кыймылы Афганистандагы согушту токтотуу жана мамлекеттеги АКШ күчтөрүн азайтуу үчүн олуттуу сүйлөшүүлөрдү алып барууда”, – деди.

Анын айтымында,  келишимге кол коюлушу ар тараптуу туруктуу тынчтыкты камсыздайт жана Афганистандагы саясий чечим горизонтун ачат.

Комментарий: АКШ Афганистанда алда качан эле жеңилген. Американын президенттери, министрлери, дипломаттары жана генералдары муну дүйнө жүзүнөн жана өз калкынан жашырууга аракет кылып келишет. Бирок, айды этек менен жаба албагандай, Американын Афганистан жана Пакистандагы мурунку элчиси Жеймс Доббинс сыяктуу бир топ белгилүү саясатчылар “Афганистанда анык жеңилдик” деп моюнга алышты.

Бүгүнкү күндө АКШ админстрациясы Афганистан жана Орто Азиядагы кызыкчылыктарынан кол үзбөй туруп согуштан чегинүү үчүн аракет кылууда. Мындай учурда региондогу мусулмандар көздөрүн чоңураак ачышы керек. Советтер Союзу сыяктуу эле Вашингтонду да Афганистандан кууп чыгуучу күчкө ээ болгон Талибан кыйымылынын эч качан сөзүнө турбай турган АКШ менен сүйлөшүү столуна отурушу куфрга пайда гана алып келет.

Өз кызыкчылыгы үчүн алдоо, жалган, кыянат жана убадага турбастык – булар капиталисттик мабданын табияты. Ушундай болгон соң, бул мабданын жетекчиси катары таанылган Америкадан кандай жакшылык күтүүгө болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here