Ливиядагы акыркы кырдаал

545
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Ливиядагы акыркы кырдаал

Суроо:

Америка малайы Хафтар жана Европа малайы Сараж күчтөрүнүн ортосундагы бир нече салгылашуулардан кийин Хафтардын борбор калаа Триполиге карата чабуулу күч алды. Хафтар жана анын артында турган Америка азыркы учурда Триполини колго алуу мүмкүн деп карай баштадыбы? Мындай айыгышкан салгылашуулар жүз берип кетишине эмне өзгөрүүлөр орун алды? Триполидеги Сараждын өкмөтүн Түркия колдоого алып жатышынын акыйкатты эмне? Орусия чынында эле Ливия ишине аралаша алабы? Же бул нерсе опузага алуу бабына киреби? Германиянын Ливия кризиси тууралуу конференция өткөрүүгө чакырып жатканынан эмнелерди күтүүгө болот?

Жооб:

Жогорудагы суроолордун жообу ачык-айкын болушу үчүн төмөнкү нерселерге назар салып чыгуу зарыл:

Биринчиден: Америка өз малайы Хафтарды Ливиядагы аскерий күрөш майданында күчтүү фигурага айлантууда ийгиликке жетишкенден кийин, Ливия эки таасир күчү астында калды. Америка малайы Хафтар ээлик кылган аймак жана Британия жана Европа малайлары ээлик кылган аймак арасында таасир күчтөрү астында калды. Америка өз малайы Хафтарды, өзгөчө, Мисир аркылуу аскерий жактан колдоого алуусу Хафтарды Ливияда аскерий жактан таасирдүү күчкө айланты. Бул нерсе Хафтар Ливия түштүгүнө чабуул кылганда көрүндү. Европанын таасири басаңдай түштү, айрыкча, Хафтар 2019-жылы апрелде Триполиге чабуул кылган учурда орун алды. Хафтар жана анын артында турган Америка Триполидеги Европа малайы Сараждын өкмөтүнө карата кысымды күчөтүүнү максат кылды. Бул аркылуу саясий сүйлөшүүлөрдө арстан үлүшүнө ээлик кылып калууну көздөдү. Алжир өз көйгөйү менен алек болуп калгандыгынан пайдаланып Хафтар Ливия түштүгүн колго алгандан кийин анын Триполиге карата чабуулу мына ушундайча жүз берди. Америка Триполиде мыйзамдуу тан алынган өкмөт казанынан тышка чыгууга аракет кылды. Ал муну Хафтарды расмий жооптуу адам катары санап телефон аркылуу аны менен байланышкандыгы менен көрсөттү. «Америка мамбашы Хафтар менен байланышууну демилгеледи». («Sky News аrabiа», 19.04.19).

Экинчиден: Европа Американын мындай аракетине каршы Ливия маселесин саясий өңүттө чечүү жагын көтөрүүдөн ары өтө алган жок. Германия канцлери Меркель Ливия кризисин чечүү үчүн Берлинде эл аралык конференция өткөрүү демилгесин колго алып, конференцияга чакырды. Бирок, бул демилгенин убакыты так белгиленген жок. «Германиянын борбор калаасы Берлинде өтүшү күтүлүп жаткан конференцияын белгилүү бир датасы жок». («Deutsche Fillet», 07.12.19). Бирок, кээ бир маалыматтарга ылайык, бул конференция ушул айдын аягында өтөрү айтылды. Европа чоң жетилик жыйынынан бери пландаган максатын бул конференция аркылуу ишке ашырууну каалап жатат. «Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн лидердери Ливиядагы күрөш маселеси тууралуу эл аралык конференция өткөрүүгө чакырык ташташты. Франция шаары Биаррицте өтүп жаткан чоң жетилик саммитинин аягында өлкө башчылары жергиликтүү күчтөр жана бардык кызыкдар тараптар бул конференцияга катышуусу зарылдыгын белгилешти». («Кудус арабия», 26.08.19). Европа өлкөлөрү Берлин конференциясына Ливияда өз малайларын сактап калуу жана анын артынан өз таасирин сактап калуу үмүтүн жарыктандыра турган нерсе катары карап жатышат. «Сараж экинчи күнү Триполиде Италия ТИМи Лойджи де Майону кабыл алды. Де Майо Италия Ливияда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн колдоо көрсөтөрүн билдирди, Ливия кризиси аскерий жол аркылуу чечилбестигин баса белгиледи. Италия  Саламанын саясий нукка кайтып келүү аракеттин колдорун жана Берлин конференциясы Ливия маселесиндеги кызыкдар өлкөлөрдүн ортосунда бир мунусага келишүү үмүтүн жандандырышына үмүт артып жаткандыгын билдирди». («Индепендент арабия», 17.12.19).

Үчүнчүдөн: Америка Европа өткөрүүгө аракет кылып жаткан «Берлин конферениясынын» өтүшүнө тоскоолдук жаратып жаткандыгы көзгө урунду. Айрыкча, Америка Ливиядагы эл аралык атайын өкүлү аркылуу Берлин конференциясынын алдына коюп жаткан шарттар аркылуу. «Ливиядагы БУУнун өкүлү Гасан Салама Берлин конференциясы өтүшү үчүн үч шарт койгондугун ачыктады. Ал маселени чечүү аракети Коопсуздук Кеңешинин бөлүнүп жарылуу себебинен улам кыйынчылыкка учуругандыгын баса белгиледи». («Бавабату вусто», 13.11.19). БУУ өкүлүнүн бул көңүл коштугу Американын Берлин конференциясына карата тоскоолдугун көрсөтүп турат. Ушул нерсе бул конференциянын так убагын белгиленишине тоскоолдук жаратып жаткандыгын айгинелеп турат! Бирок, Америка бул нерсе менен эле чектелип калган жок, балким, Түркия менен Орусияны да Ливия майданына аралаштырды. Америка бул аракети аркылуу Ливия маселеси жаатында эл аралык жана жергиликтүү күчтөрдүн документин чаташтырып жиберди. Кийин Европанын аракетин да чалгытып, Берлин конференциясынын өтүшүнөн мурда Европага таасир өткөрдү. Бул нерсени ал Ливия майданына Түркия менен Орусияны да тартуу аркылуу кылды. Бул нерсе аркылуу Европа Америка менен Ливия маселесин чечүүдө таасир талашкан негизги фигура катары болбой калат. Балким, Орусия жана Түркия Европадан озуп, андан таасир талашат, анын натыйжасында Европанын ролу алсырайт. Ошондуктан, эгер конференция өткөн күндө да Европа үмүт кылган натыйжа болбойт. Европа Америка Берлин конференциясынын өтүшүн колдоого алуусуна жана ага катышуусуна таасир кылуу үчүн Америка позициясына карата баардык ыкмаларды ишке салды. Ал тургай, Европа жооптуулары Американы ыңгайсыз абалга салуу максатында, Америка конференциянын өтүшүнө кызыкдар экендигин билдирип, анын атынан да сүйлөштү. «Германиянын ТИМи Мас италиялык кесиптеши Де Майо менен берген пресс-конференцияда: «Америка Берлин конференциясынын өтүшүнө кызыкдар жана анын ийгиликтүү болушуна өз таасирин тийгизет», – деди». («Айн Ливия», 10.11.19). Башкача айтканда, Америка айтпаганды Европа жооптуулары Америка атынан сүйлөдү! Ал эми, Американын эки көзү Ливия майданына тигилген. 2019-жылы 17сентябрда Берлин конференциясына даярдык көрүү жоолугушуусунан кийин Американын Ливиядагы элчиси Ричард Норланд Берлин конференциясына катышууга чакырылбаса да Алжирге барды жана Алжирдин ТИМи Boukadom менен жолугушту. («Кудус арабия», 12.11.19). Бул нерсе Америка Ливия маселесинде Алжир Хафтарга каршы кийлигишүүсүнөн кооптонуп жаткандыгына далалат кылат.

Төртүнчүдөн: ал эми, Америка Ливия күрөшүү майданына Орусия жана Түркияны киргизүү аркылуу Европа позициясын алсыратуу, анын артында Сараж өкмөтүн алсыратуу аракетине келсек, анын баяны төмөнкүдөй:

а)   Америка өз малайы Хафтарга жардам бериши үчүн Орусияга Ливия маселесине кийлигишүү жолдорун ачып берди. Орусиянын аскерий компаниясы «Вагнер» Ливия майданында көрүндү. Орусиянын бул кылмышкер компаниясы Американын Иракта пайда болгон «Блэкуотер» кылмышкер компаниясынын окшошу болуп  саналат. Көрүнүп тургандай, Америка Хафтарды колдоого алуу үчүн Орусияны кылмышкер «Вагнер» компаниясын Ливияга киргизүүгө шыктандырды. Орусиянын бул компаниясы Орусиянын заманбап аскерий куралдары менен куралданган, мисалы, тик учактарга бөгөт койуу системасы куралдары сыяктуу. Бул аркылуу Хафтар Ливия күрөшүндө каршылаш тараптарына караганда тараза ташы оор келе турган негизги фигурага айланат. Бул сырткы аскерий келишимдер аркылуу акча табууну кесип кылган мамбашы Путиндин  максатына туура  келет. Путин Америка талаптарына жооб берип жаткандыгын тан алып мындай деди: «Орусиянын Хафтар жана  Сараждын өкмөтү менен байланыштары бар». («Россия сегодня», 09.12.19). Ошол эле учурда, Америка Хафтарды колдоого алып жатат. «Ак үйдүн билдирүүсүндө: Трамп терроризмге каршы күрөшүүдө жана Ливиядагы мунай ресурстарынын коопсуздугун камсыздоодо фелдьмаршал Хафтардын ролу эбегейсиз экендигин тан алгандыгы айтылды». («Deutsche Fillet», 24.11.19). Америка Ливия күрөшүн аны менен Орусия ортосундагы күрөш кылып көрсөтүүнү каалап жатат. «Германиянын «Deutsche Fillet» маалымат агентиги 2019-жылы 24-ноябрда Америка өкмөтүнүн баянатын жарыялады: Орусия Ливия күрөшүн Ливия элинин каалоосуна каршы пайдалануусуна каршы Америка Ливиянын эгемендүүлүгүн жана  бүтүндүгүн колдоого алат».

б)   Ал эми, Түркиянын Ливиядагы ролу ачык эле көрүндү. «Түркия мамбашы Эрдоган жана Ливия өкмөт башы Файиз Сараж 2019-жылы 27-ноябрда Анкара жана Триполи ортосунда коопсуздук жана аскерий  жаатта өз ара түшүнүшүү, ошондой эле, деңиз аймактарын аныктоо меморандумуна кол койушту. Эрдоган журналистерге берген билдирүүсүндө мындай деди: «Мисир Ливияда эмне кылып жүрөт? Абу Даби өкмөтү Ливияда эмне кылып жүрөт?». Орусиянын ролуна комментарий берип Эрдоган мындай деди: «Алар  «Вагнер» аталышындагы компания аркылуу Хафтардын жалданма аскерлери катары иш алып барышат. Аларды ким каржылап жатканы да белгилүү».  Ал дагы кошумчалап: «Мына ушул кырдаал каршысында биз кол куушуруп отурушубуз таптакыр туура эмес. Биз буга чейин болгон күчүбүздү жумшадык, аны мындан ары да улантабыз», – деди». («Ал-жазиира нет», 20.12.19). Кийин Түркия парламенти Эрдогандын долбоорун колдоп берди. «Эл аралык жактан тан алынган Сараж баштаган Ливия өкмөтүн аскерий жактан колдоого алуу үчүн мамбашы жактан сунушталып жаткан демилгени – Түркия парламентинин 325 депутаты макул болуп, 184 депутат каршы чыгып – колдоп добуш беришти. Парламенттин бул колдоп берген мандаты Анкарага эл аралык жактан тан алынган Ливия өкмөттүк күчтөрү Триполиде Хафтарга каршы күрөш алып баруусунда согушуу үчүн эмес, аскерий жактан кеңеш жана машыгууларды өткөрүүдө машыктыруучу иштерин алып баруу үчүн Түркия күчтөрүн Ливияга жиберүүсүнө жол ачат». («Би-Би-Си», 02.01.20).

Бешинчиден: ал эми, Американын Түркияны Ливияга киргизүүдөгү ролу – Эрдоган кыйкырып жаткандай – Сараж өкмөтүн колдоого алуу эмес. Болуп жаткан окуяларга терең назар салып, анын түпкү маңызы каралса, эл аралык жана жергиликтүү, регионалдык максаттардын басымдуу тарабы айкын болот. Анын баяны төмөнкүдөй:

Жергиликтүү: Сараж өкмөтүнүн желеги астында «Муътадил Ислам» топтору катары этибарга алынган көптөгөн күрөш алып барып жаткан аскерий жамааттар бар. Буга чейин эле бул жамааттар менен Түркиянын байланышы болуп келген. Түркия Сирияда канкор Башарга аймактарды жеңил желпи тапшыруу үчүн аймактардагы Түркияга ыктаган куралдуу жамааттарды ал аймактардан сыртка алып чыгып кеткендей, Ливиядагы ага ыктаган бул жамааттарды да өз тарабына оодурушу жеңил. Ошондуктан, Түркия өзүн Ливияда берилгендик менен согуш алып барып жаткандай кылып көрсөтүп, Саражды Хафтардын каршысында алсыратуу үчүн иш алып барат. Сараж Эрдоган Америка кемеси менен бирге жүрөрүн, Ливияда ага жардам берүү үчүн эмес, тескерисинче, Америка кызыкчылыгына кызмат кылуу максатында, Сирияда ага ыктаган куралдуу жамааттарды негизги аймактардан башка аймактарга чыгарып, ал аймактарды канкор Башарга тапшырып бергендей, Ливияда да ага ыктаган куралдуу жамааттарды Хафтарга керек болуп жаткан аймактардан башка аймакка алып чыгып, ал аймактарды Хафтар жеңил желпи ээлеп алышына шарт жаратуу максатында Ливиянын күрөш майданына киргенин жакшы түшүнүшү керек. Бирок, Сараж Европанын көрсөткөн тартиби менен Түркия менен жакындашып, Американы ыңгайсыз абалга калтырууну каалады. Анткени, анын өкмөтү эл аралык жактан тан алынган өкмөт жана ал кайсы өлкөндөн жардам алууну калааса, андан жардам алууга укуктуу, ошондуктан, Эрдоган Сараждын өкмөтүн колдоого мажбур болот. Кийин Европа Түркиянын Ливия маселесине кийлигишип жаткандыгына каршы эл аралык ызы-чуу көтөрөт. Анын натыйжасында, Түркиянын артында турган Америка, кийин Мисир да бул эл аралык ызы-чууга кабылышат… Сараж жана анын артында турган Европа бул эл аралык ызы-чуу жана ыңгайсыз абал Американын, Хафтардын жана  Мисирдин Саражга каршы кысымын азайтуусуна таасир берет деп күтүп жатышат….

  1. Регионалдык: Алжир өзүндөгү кырдаалга байланыштуу Саражга жардам колун суна албай жаткан маалда, Түкиянын Саражды аскерий жактан колдоого алуусу шылтоосу менен Мисир Хафтарды аскерий жактан колдоого алууну күчөтөт. Чындыгында, Мисир куралдуу күчтөрүн Ливияга согушуу үчүн жөнөттү. Ал эми, Түркия Сараж өкмөтүн колдоого алуусу бул Түркия Сириядагы ага ыктаган куралдуу жамааттарды колдоого алгандай символикалык түрдө гана болот. Негизи, Түркия Ливиядан кыйла алыс. Түркиянын колдоого алуусу ооз учунан экендигин айтпаганда, анын негизги максаты Ливия күчтөрүн Түркия тузагына түшүрүү болуп  саналат. Түркиянын жардамы Сириядагы сыяктуу бир закым гана!
  2. Эл аралык: Түркиянын Ливия майданына кирүүсү бул аймакты чыңалган аймакка айлантат жана Түркия менен Орусияны жакындаштырат. Бул кырдаал учурда ишке ашып жатат. Эрдоган Орусия аскерлеринин Ливияда жүргөндүгүнө каршы билдирүүлөр менен чабуул  кылды. Орусия болсо, Түркиянын кийлигишип жаткандыгына нааразылыгын билдирди. Кийин бул билдирүүлөр Түркия менен Орусия  Ливия жаатында келишимге келишкендиги тууралуу башка билдирүүлөр менен орун алмашты. Бул абал Түркия менен Орусия Сирия жаатында тил бириктирүүлөргө баргандай ишке окшоп калды.
  3. Ал эми, Эрдоган Сараж менен газ жана мунай изилдөө иштерин алып баруу келишимин шылтоолоп адамдарды алдап жаткандыгы: «Түркиянын энергетика министри Фатих Донмаз мындай деди: «Деңиз аймактары такталып жана ал БУУда бекитилгенден кийин Түркия газ жана мунайды изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензияларды бере баштайт». Ал кошумчалап: «Бул иштер 2020-жылдын башкы айларында башталып калат деп ишенемин», – деди». («Reuters», 18.12.19). Көрүнүп тургандай, Эрдоган бул келишимдин алкагында Түркия бул аймакка өз кызыкчылыгы үчүн кирип, газ жана мунай изилдөө иштерин алып барат деген түр жаратуу аркылуу адамдарды чалгыта турган мүмкүнчүлүк тапты. Эрдоган 2018-жылы октябрь айында Анталия вилаяты тарабындагы Жер ортолук деңизде 100 км тереңдиктен газ жана мунай изилдөө иштерин алып баруусу өтө деле олуттуу болгон эмес. Кемелер газ жана мунай изилдөө иштери үчүн жиберилгендигине карбастан, Түркиянын энергетика министри изилдөө иштери башталбагандыгын тан алды. Азыр болсо, Эрдоган Түркия өз кызыкчылыгы үчүн Ливияга кирип газ жана мунай изилдөө иштерин алып барат деп адамдарды чалгытууда. Ошол эле маалда, Эрдоган бул чалгытуу ролу менен Ливияда Америка кызыкчылыгы үчүн иш алып баруу ролун ойноп жатат.

Алтынчыдан: ал эми, Триполидеги салгылашуунун чечүүчү тарабы акыркы айларда Хафтардын пайдасы үчүн боло тургандыгына ишара кылган факторлор көрүнө баштады:

Биринчи фактор: Америка Ливия майданына Түркия жана Орусияны алып кирүү аркылуу Европа үчүн кыйчалыш кырдаалды пайда кылгандан кийин жана жогоруда айтылып өткөндөй, Мисирдин ролунун күчөшү Хафтардын Триполиге карата аскерий амалияттарды күчөтүүсүнө шыктандырды. «Ливиянын улуттук армиясы аталышындагы куралдуу күчтөрдүн командири Халифа Хафтардын 12-декабрдагы билдирүүсүндө Триполиге карата чечкиндүү аскерий амалияттар башталгандыгы айтылды. Ал алдыңкы бөлүктөгү аскерлерди салгылашуу эрежелерин сактоого чакырды. Хафтар Ливиянын «Нөл саат» деген телеканалына аскерий кийимде чыгып, бардык аскерий бөлүктөргө кайрылуу жасап мындай деди: «Бүгүн биз борбор калаа Триполиге карай алга жыла турган чечүүчү салгылашууну жарыялайбыз». («Deutsche Fillet», 12.12.19). Бул аскерий амалияттар  бүгүнкүгө чейин уланууда…

Экинчи фактор: Орусиянын кийлигишүүсү, айрыкча, «Вагнер» компаниясы Хафтардын тарабында болуусу. Көрүнүп тургандай, Америка Хафтарды колдоого алуу үчүн Орусиянын кылмышкер «Вагнер» компаниясын Ливияга киргизүүгө шыктандырды. Орусиянын бул компаниясы Орусиянын заманбап аскерий куралдары менен куралданган, мисалы, тик учактарга бөгөт койуу системасы куралдары сыяктуу. Бул аркылуу Хафтар Ливия күрөшүндө каршылаш тараптарына караганда тараза ташы оор келе турган негизги фигурага айланат. Мамбашы Путин Америка талаптарына жооб берип жаткандыгын тан алып мындай деди: «Орусиянын Хафтар жана Сараждын өкмөтү менен байланыштары бар». («Россия сегодня», 09.12.19).

Үчүнчү фактор: Сараж өкмөтүнүн желеги астында «Муътадил Ислам» топтору катары этибарга алынган көптөгөн күрөш алып барып жаткан аскерий жамааттар бар. Буга чейин эле бул жамааттар менен Түркиянын байланышы болуп келген. Түркия Сирияда канкор Башарга аймактарды жеңил желпи тапшыруу үчүн аймактардагы Түркияга ыктаган куралдуу жамааттарды ал аймактардан сыртка алып чыгып кеткендей, Ливиядагы ага ыктаган бул жамааттарды да өз тарабына оодурушу жеңил. Ошондуктан, Түркия өзүн Ливияда берилгендик менен согуш алып барып жаткандай кылып көрсөтүп, Саражды Хафтардын каршысында алсыратуу үчүн иш алып барат… Бул бир тараптан. Башка тараптан болсо, Түркиянын Ливияга кийлигишүүсү көмүскө түрдө жардам берип жаткан Мисирдин ачыкка чыгып Хафтарды колдоосун күчөтүүсүнө шылтоо болуп берет!

Төртүнчү фактор: Түркия менен Орусия ортосундагы чалгытуу көрүнүшү. Түркия Ливияда Сараждын өкмөтүн колдоого алып жаткандай түр жаратып жана Орусиянын Хафтарды колдоого алып жаткандыгын айыптап  билдирүүлөрдү берди: «Алар «Вагнер» аталышындагы компания аркылуу Хафтардын жалданма аскерлери катары иш алып барышат. Аларды ким каржылап жатканы да белгилүү». Ал кошумчалап: «Мына ушул кырдаал каршысында биз кол куушуруп отурушубуз таптакыр туура эмес. Биз буга чейин болгон күчүбүздү жумшадык, аны мындан ары да улантабыз». («Ал-жазиира нет», 20.12.19). Ал эки күндөн кийин Путин менен келишишкенин жарыя кылды! «Эрдоган менен Путин Ливиядагы кырдаалды талкуулоо үчүн эки делегация түзүштү. Жакынкы аралыкта эки өлкөнүн расмий жооптуулары жолугушат». («НТВ» түрк телевидениеси, 18.12.19). Башкача айтканда, кудум Сириядагыдай, эртели кеч Орусия Сирия калкын бомбалоого алып жатканда Түркия эки жүздүүлүк кылып Сирия элин жана куралдуу жамааттарды колдоого алам деп, Орусия менен байма-бай жоолугушууларды өткөргөндөй абалды Ливияда да ишке ашырып жатат. Тактап айканда, эки тарап өздөрүнүн карөзгөй иштери эбак ачылып калгандыгын жашырып жатабыз деп ойлоп роль ойноп жаткан абалдай! «Ал-жазира нет» 2019-жылы 20-декабрда Италиянын «El Soso Deriwa» сайтынын маалыматын жарыялады: «Ливия майданы Орусия-Түркия оюнун чагылдырып жатат. Ошондой эле, бул эки өлкө ортосунда Кара деңиз жаатында келишим түзүлдү. Бул эки өлкө Ливияда Сириядагыдай тынчтык тажрыйбасын ишке ашырууга даярдык көрүп жатышат». Түркия менен Орусия ортосундагы чалгытуу иштеринин ачык-айкын болуп калуусу Хафтар үчүн ишти жеңилдетет жана аны активдештирет. 

Ушул төрт фактор Хафтардын позициясын бекемдейт жана Триполиге карата чабуул алып барышына шыктандырат. Ушул төрт фактор Америка башкаруусу жана анын тартиби менен жүргүзүлөт. Бул Хафтар тууралуу болду. Ал эми, Сараж тууралуу болсо, албетте, аны Европа колдоого алат, айрыкча, Британия, Франция жана Италия. Бул бекемдик менен согуш алып барып жаткан жамааттарга кошумча күч, айрыкча, Мисурат согушкерлери. Бирок, биз жогоруда баяндап өткөндөй, сырткы күчтөрдүн кийлигишүүлөрүнүн улануусу, Триполиге карата аскерий кысымдын күч алышы, Түркия Сараждын армиясындагы ага ыктаган куралдуу жамааттарды өзүнө тартуусу Ливияда Европа таасиринин олку солку болуусуна алып келет. Ошондуктан, Ливиядагы британиячыл жана европачыл чоң саясий чөйрө бул таасирди сактап калышы кыйын. Айрыкча, Америка Ливия майданына Орусия менен Түркияны киргизүү аркылуу иштерди чалгытып жибергенден кийин бул таасирди сактап калуу кыйынга турат. Башкача айтканда, Ливиядагы Европа таасирин  мурдагыдай калыбына келтирүү азыркы кырдаалдагы окуяларга  байланыштуу өтө кыйынчылыкка турат. Ошону менен бирге, жакынкы келечекте кризисти асерий жол менен чечүү да оңойго турбайт. Ушуга негизделип, Ливия маселесинде күтүлөт турган жагдай – алар капиталисттик жолдо орточо чечимге келүү аркылуу саясий чечимге  жетүүгө аракет кылышат. Башкача айтканда, эки тараптын аскерий жактан чечүүчү натыйжага жетишүүсү кыйынга турса, саясий жактан басымдуу болуу менен аскерий жактан кимиси басымдуу болсо, ошого карап орточо чечимге келишет. Бул басымдуулук азыр Хафтар тарапта, башкача айтканда, Америка тарапта.

Жетинчиден: корутундулап айтканда, мусулман өлкөлөрү колонизатор кафир мамлекеттердин таасир талашып согуш жүргүзгөн аймакка айлануусу жана өзүбүздөн болгон мусулмандар колонизатор кафирлердин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып жаткандыктары кейиштүү. Ошондой эле, мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер өз тактыларын, бийлигин сактап калуу үчүн кафир кожоюндарына берилгендик менен малайлык кылып жатышканы өкүндүрөт. Бул акимдер акыбет такваларга, Ислам жана мусулмандарга таандык экендигин билишпеди. Кийин өкүнө турган маал өтүп кеткен соң өкүнүп калышарын да аңдашпады!

Аллах Таала айтат:

﴿فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَى أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ فَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَى مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ﴾

«Жүрөгүндө кесели барлар (мунафыктар)(яхудий жана насронийлерге) шашып барып, бизге бир мусибат жетип калышынан коркобуз деп жатышкандыктарын көрбөдүңбү. Аллах фатх кылууну же Өз алдынан бир ишти (жеңишти, мусулмандар кафирлердин үстүнөн үстөм болуусун) алып келсе, алар (мунафыктар) өздөрүнүн ичинде жашырган нерселерине өкүнгөн абалда калышат»                                                                                                           [5:52]

                                                                                                      11жумадул-аввал, 1441-х.

                                                                                                                    6январь, 2020м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here