Лукашенко: Бизге мындай биримдиктин эмне кереги бар?

489
0

Лукашенко: Бизге мындай биримдиктин эмне кереги бар?

 17-ноябрда Беларуста парламенттик шайлоо болуп өттү. Президент Александр Лукашенко шайлоо участогунда добуш берген соң, Россия менен биригүүнүн келечегине баа берди.

 Лукашенко Россия менен жылдык соода дефицити 9 млрд долларга барабар болушун жана Беларус продукцияларынын Россия базарларына коюлбастыгы бул дефицитти азайтууга жардам бербестигин айтты.

 “Бирер уюмга кирип жатканда, мындан ай жана жыл сайын жакшылык болорун күтөсүн. Биздечи, эмне болуп жатат? Бизге жыл сайын жаңы шарттар коюлууда. Натыйжада, биз эконимкада ар дайым жоготууга учурап жатабыз… Бизге мындай уюмдун эмне кереги бар? Мен силерге жөнөкөй тил менен, дыйкан катары айтып жатам!”, – деди Лукашенко.

 Лукашенко Беларус Россиядан эч нерсе сурабастыгын, болгону, айыл чарба субъекттери үчүн бирдей шарттарды талап кылып жатканын айткан. 

 Комментарий: “Жакшы нерсе рекламага муктаж эмес” деген сөз бар. Эгерде ЕАЭБ чыныгы  экономикалык уюм болуп, анын артында бирер мамлекеттин (Россиянын) саясий кызыкчылыктары болбой, уюмда бардыгы тең укуктуу болуп, ар бир мамлекет уюмга мүчөлүктөн бирдей пайдаланганда – уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн мактоого, мүчө болууга мажбурлоо үчүн басым өткөрүүгө муктаждык болмок эмес.

 Бир кезде Россиянын басымы астында Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирген Атамбаев да арадан эки жыл өтпөй туруп бул уюмдан үмүт кылып болбостугун айткан.

Атамбаев: “Кыргыз-казак чек арасындагы окуялар ЕАЭБден өтө эле көп нерсени үмүт кылганыбызды көрсөттү… Эгерде бул бир кишинин, ал улуу киши болгондо да,  анын гана каалоосуна көз каранды боло турган болсо, анда биримдик ишенимдүү болбойт”,- деген эле.

 Бул уюмдан бир гана Россия пайда көрүүдө. 2019-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча жарыя кылынган отчётто биримдикке мүчө мамлекеттерден бир гана Россиянын соода балансы оң көрүнүштө болгон. Аталган мезгилде Россиянын соода балансы 11.2 млрд. доллардык оң сальдо көрсөткөн. Мында экспорттун көлөмү 24.4 млрд. доллар болсо, импорт 13.2 млрд. долларга барабар болгон.

 Ошол эки айдын ичинде Казакстан ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнө 4 млрд. доллардык товар экспорт кылып, 9.3 млрд. доллардык товар жана кызматтарды импорт кылган. Тышкы сооданын тескери сальдосу 5.3 млрд. долларга барабар болгон. Кыргызстандыкы болсо 925 млн. доллар (экспорт – 391,6 млн. доллар, импорт – 1.3 млрд. доллар), Арменияныкы 513.6 млн. доллар (экспорт – 465.4 млн. доллар, импорт – 979 млн. доллар) болгон.

 Белгилүү болгондой, Россия Өзбекстанды да уюмга кошуу үчүн ага басым өткөрө баштады. Азырынча Кыргызстан өкмөтү аркылуу Өзбекстандан келип жаткан айыл-чарба продукцияларына убактылуу чектөө киргизген болсо, эртеңки күнү өзбек бийлигинин эң бир оорулуу чекити болуп эсептелген Россиядагы миллиондогон эмгек мигранттары аркылуу басым өткөрө баштайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here