Жээнбеков: Темир жол куруу долбоорунун саясий жагы чечилди

261
0

Жээнбеков: Темир жол куруу долбоорунун саясий жагы чечилди

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун саясий жагы чечилди. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 19-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан эл аралык донорлордун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан туңгуюктан чыгыш үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аба менен суудай керек.

Буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов аталган долбоор боюнча, Орусия менен техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкканын  билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси 10 жыл мурун көтөрүлүп, ага 6-6,5 млрд. доллар каражат кетери болжолдонгон. Бирок бул долбоор стратегиялык жактан Орусиянын кызыкчылыгына каршы келгендиктен, улам артка сүрүлүп келген.   

Бүгүнкү күнгө келип, Орусия бул долбоорду ишке ашырууга аргасыз макул болуп турат. Анткени, долбоорду ишке ашыруу алкагында казылган кен байлыктарды колго алууга жана долбоор ишке киргенден кийин түшө турган пайдага жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындай келишим Орусия президенти Путиндин Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында түзүлгөн. Ага ылайык, долбоорду орус компаниясы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен бирге түзө турган болгон.

Демек, Орусия Кытайдын “Бир алкак – бир жол” стратегиялык долбооруна кошулуу менен эл аралык абалда өнөктөшүнүн кызыкчылыгына ээрчүүдө. Ошондой эле Борбор Азия кендерин ташып кетүүдө Кытайдын экономикалык кубатынан пайдаланып калмакчы. Ал эми Кытайдын дымагы Орусияныкынан да күчтүү болуп, стратегиялык долбоорун ишке ашырууда Борбор Азия өлкөлөрүн өз кызыкчылыгында пайдаланып, экономикалык жактан кишенге салып барууда.


Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here