Казакстан президенти Кытайга расмий сапар менен барды

65
0

Казакстан президенти Кытайга расмий сапар менен барды

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 10-сентябрда расмий сапар менен Кытайга барды. Сапардын жүрүшүндө Токаев казак-кытай ишкер кеңешинин 6-жыйынына катышты. Андан соң Кытай лидери Си Цзиньпин жана премьер министри Ли Кецян менен жолугушту. Жолугушуулардын жыйынтыгында аба мейкиндиги, “Бир алкак- бир жол” долбоору, технология, айыл-чарба, бажы жана соода тармагына байланыштуу 10 документке кол коюлду.

Токаев казак-кытай ишкер кеңешинин 6-жыйынында сүйлөп жатып, Кытай менен Казакстандын ортосундагы соода байланыш 2018-жылы 11,4 % өсүп, ​ 12 млрд долларга жеткенин айтты.​  Ошондой эле Кытай СССР кулагандан бери Казакстанга 20 млрд долларлык инвестиция жаткырганын кошумчалады.  

Токаевдин бул сапарынын алдында Казакстанда 3-сентябрда Жаңы-Өзөн шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адамдар Кытайдын долбоорлору токтотулушун талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Казакстанда Кытайдын 55 компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 2017-жылы Казакстанда жер кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы кодекс боюнча, чет элдиктер аукциондорго катышуу укугуна ээ болушту. Чет элдик компаниялар айыл-чарба багытындагы жерлерди 25 жылга ижарага алууга укуктуу болушту. Бул мыйзамдардан кийин 1.7 миллион гектар жер сатылып кетти. Буга окшогон кылмыштар Казакстан жетекчилеринин саткындыгы себептүү жүз берүүдө. Кытай экономикалык экспансиясын мына ушундай бийлик өкүлдөрүн сатып алуу менен жүргүзүп жатат.

11-сентябрда Казакстан президенти Коомдук илимдер Академиясында сөз сүйлөп, Казакстандын алдыдагы маанилүү тапшырмаларын белгиледи. Анын айтымында, бул иштерди аткарууда Кытай стратегиялык өнөктөш болуп эсептелет.​ Ошондой эле Кытай менен Казакстандын ортосундагы диалогду бекемдөөгө “үч коркунучка” (экстремизм, терроризм, сепаратизм) каршы күрөшүүдөгү жалпы позиция өз салымын кошууда. Бул үч коркунучка каршы күрөшүү да казак бийлигинин кыянаттыгын көрсөтөт. Анткени, бүгүнкү күндө Кытайда 2 миллионго жакын түрк тилдүү уйгур, казак, кыргыз мусулмандары «сепаратизм», «терроризм», «экстремизм» менен айыпталып камактарда кармалып турушат.

Мумтаз Маверанахрий


ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here