Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты «Сирия үчүн каардануу» деп аталган демонстрация өткөрдү

338
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты «Сирия үчүн каардануу» деп аталган демонстрация өткөрдү

Жума намазынан кийин Түндүк Идлиб жанындагы Атма лагеринде Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты «Сирия үчүн каардануу» деген аталышта демонстрация өткөрдү. Плакаттар аркылуу козголоң калкына кайрылуу жасалды: «Силер козголоңду баштадыңар, жетекчилер болсо аны сатып жиберишти, силер аны кайра кайтарышыңар керек». Калыс мужахиддерге суроо берилди: «Силердин курмандыктарыңар туурасында Аллахтан корко турган жетекчилер астында биригүүнүн убагы келбедиби?». Плакаттардагы ураандар: «Ким Асад режимине өз намысын сатып, эркин тапшырган болсо, демек, ал каныбызды жана намысыбызды да сатуудан кайра тартпайт»; «Ким камактардагы намыстар тебеленип жатканына, зордуктоолорго кайдыгер караса, демек, ал үчүн Шайхундун да, Хаманын да кымындай кадыры жок». Идлиб шаарынын чыгышында да уюштурулган массалык демонстрацияга Шалх айылындагы Тафтаназ калкы катышты. Демонстрацияда жалгыз кепил Аллах Таала жана тигилер менен алака кылбай турган перзенттер экени баса белгиленди. О.э. теңдешсиз мужахид перзенттерибиз канкор режимдин жана анын артындагылардын планын кыйратууга кудуреттүү экендиктери айтылды. «Колдоп-кубаттоочу» мамлекеттер менен болгон алаканы үзүп, Аллахтын бекем арканына байланган жетекчилерсиз региондорду кайра азат кылып болбошу, Хама жана Хан Шайхун вилаяттарынын колдон чыгарылганы эски системанын дагы эле уланып жатканынын акыбети экендиги, бул нерсе Дарядан тартып Деръаны, Гутаны, Хомсту камтып жатканы баса белгиленди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here