АКШдагы ракеталык сыноолор

583
0

АКШдагы ракеталык сыноолор

19-августта Пентагон Tomahawk ракеталарын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялады. Негизи, бул түрдөгү ракеталар Кыска жана орто аралыктагы ракеталарды кыскартуу жөнүндөгү келишимде (КОАРК) тыюу салынган болчу. Бирок, мурун АКШ бул келишимден чыгарын билдирген. Ошентип, бул келишим иш жүзүндө токтоду десек болот.

КОАРК – бул АКШ менен Россия ортосунда кыска жана орто аралыктагы (500дөн 5500 километрге чейин учкан) ракеталарды кыскартуу келишими. АКШ ушул жылы бул келишимден чыгарын жарыялады, ал тургай, жогоруда көрсөтүлгөндөй, бул келишимде тыюу салынган ракеталарды сыноодон өткөрүүгө жетишти.

АКШ Кыска жана орто аралыктагы ракеталарды кыскартуу жөнүндөгү келишимден чыгуусу жана бул түрдөгү ракеталарды иштеп чыгуусу кандай акыбеттерге алып келет?

Европа

Эгер, АКШ кыска жана орто аралыктагы ракетеларды иштеп чыгууну баштаса, Россия да бул түрдөгү ракеталарды иштеп чыгууну баштайт. АКШ ракеталык сыноолорду өткөргөнүнө карата “Путин Россия кыска жана орто аралыктагы ракетеларды иштеп чыгууга киришет деп билдирүү берди”. (euronews, 21.08.19). Натыйжада, орустар Европанын каалаган бурчуна жеткен ракеталарга ээ болот. Мындан улам, Европанын коопсуздугу коркунуч астында калгандыктан АКШнын коопсуздук чатырына кирүүгө мажбур. Мына ушундайча АКШнын аскерий чеңгелинен чыгууга умтулуп жаткан Европа АКШ менен Россия ортосундагы чыңалуунун туткунуна айланат. Бул кырдаалды Франция президенти Макрон моюнга алып мындай билдирүү берген: “Америка мамбашы Трамп куралсыздануу келишиминен чыгуу жөнүндө билдирүү бергенден кийин ким негизги курмандык болуп калаарын көрдүм”. (Явму саабиг).

Россия

Кыска жана орто аралыктагы ракеталарды өндүрүү ири каражаттарды талап кылат. Ансыз да экономикасы чабал Россия үчүн бул куралдануу жарышы экономикалык жактан терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Андан тышкары, орустардын кыска жана орто аралыктагы ракеталары Кытайдын бүткүл аймагын камтып алат. Кытай орустар менен союздаш болсо да, албетте, бул жаңы абал Кытайды кыжырдантпай койбойт. Акыбетте, эки союздаш (Кытай менен Россия) ортосунда чыңалуу пайда болушу мүмкүн. Андан тышкары, АКШ Россияны Сирияда пайдаланып жаткандай, Кытайга каршы да пайдаланууга урунуп жатат. Америка бул үчүн көптөгөн басымдарды кылып келет: экономикалык санкциялар, блокада, КОАРК келишиминен чыгуу ж.б..

Кытай

АКШ жаап-жашырып олтурбастан эле, жолгоруда айтылган Tomahawk ракеталары Кытайга каршы багытталганын жарыялады. Бул тууралуу АКШ коргоо министри Марк Эспер мындай билдирүү берди: “Талапка жараша Кытайдын жаман жүрүм-турумун ооздукташыбызга бизде потенциал болушун, орто аралыктан аларга сокку берүүбүзгө мүмкүнчүлүк болушун камсыздашыбыз керек”. (news1.ru, 22.08.19). Америка акыркы жылдарда экономикалык жактан чоң өнүгүүгө жетишкен Кытайды ооздуктоо стратегиясына олуттуу көңүл бура баштады. Эми, АКШ менен Кытай ортосундагы соода согушуна аскерий багыт кошулду. Бул ракеталар Кытайды тегеректете жайгаштырылышынан тышкары, бул ракеталардан коргонуу жана бул түрдөгү ракеталарды иштеп чыгуу Кытайды да чоң-чоң каражаттарды сарптоого түртөт. Мындай иш-аракеттер экономиканы биротоло кыйратпаса да, басаңдатуусу анык. Негизи, АКШнын КОАРК келишиминен чыгуусу Россияга караганда, көбүрөөк Кытайга каршы багытталган. АКШ коргоо министринен АКШ эки өлкөнүн кайсы бирин көбүрөөк коркунуч деп билет деген суроого, Эспер минтип жоооп берди: “Кытай – биздин министрлик үчүн номур биринчи даражада турат. Менин оюмда, узак мөөнөттөгү келечекте Кытай (Россияга караганда) чоңураак чакырык болуп эсептелет”. (РИА, 22.08.19).

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here