Шам козголоңу мунафыктардын маскасын сыйрып, жалганды ачыкка чыгарып, жеңишке алып барчу жолду издөөдө

467
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Шам козголоңу мунафыктардын маскасын сыйрып, жалганды ачыкка чыгарып, жеңишке алып барчу жолду издөөдө

Устаз Ахмад Муаз

Шам козголоңу кыргын согушка кирип, болуп көрбөгөн үрөй учурган абалды башынан өткөрүүдө. Бүгүнкү саясий күрөш козголоңду бүтүндөй бастырууга каратылган. Кээ бир козголоңчулар азаттык жолунда эң кымбат нерселерин курман кылган улуу козголоңду бастырууда билип-билбей душмандын сабына өтүп алышты. Көпчүлүк адамдар «бул кандай болушу мүмкүн, бул үчүн кандай маалыматтар бар?!» деши мүмкүн. «Алыс-жакындагы душмандар тил бириктирген жана бүткүл улуттар иттердей жапырылган ушундай бир козголоңдо активдүү болгон козголоңчуларды силер эмне үчүн саткындыкта айыптап жатасыңар?!» деши мүмкүн.

Оболу, биз козглоң каякка жетип келгенин, кантип жетип келгенин, анын уланып, максатына жетип баруу жолу кандай экенин, айрыкча, кээ бир кимселер биздин пикирлерди реалдуу эмес деп жана акылга туура келбейт деп айыптап жатканда козголоңдун реалдуу жолу кандай болушун… билип алалы. Аллах буга жеткирсин:

Акыйкатты айтуу саткынга чыгару эмес, балким, акыйкатты айтпоонун өзү саткындык. Себеби, козголоң дубал алдына келип калды жана буга ага каршы жасалган көп нерселер себеп болду. Бул ишке айрым козголоңчулар өзүлөрү жардам беришти. Бул козголоң такбирлер менен башталып, кылмышкер тайпачыл режимге болгон кулдук жана кордук кишендерин кыйратып, элестетүү кыйын болгон иштерди кылып, режимди абдыратып койгон эле! Эми, ушундай козголоң бүгүн оор абалда азап-кыйынчылыкта калды. Бул козголоңго жетекчилик кылам дегендердин колдорунан азыр эч нерсе келбей жатат, себеби, ушул «жетекчилер» бүгүнкү күнгө чейин козголоң ачкычтарын душман мамлекеттерге жана алардын уюмдарына тапшырышты. Өздөрүн да, козголоң күчүн да ушул мамлекеттерге курал кылып беришти, мамлекеттер аларды өз кызыкчылыктары тарапка каалашынча буруп жатышат.

Вакиълик мына ушундай. Муну чоңу да, кичинеси да билет. Биринчи суроого жооб ушул. Эми экинчи суроого т.а. козголоң кандай бул абалга түштү деген суроого келсек, бул суроого Жээк козголоңчуларынын бири Мустафа Хадиянын айткан сөзү жооб болот. Мен андан козголоң кантип ушундай абалга түшүп калды деп сураганымда, кескин жана кыскача: «Козголоңубуз он бир миң лира менен бүттү», деп жооб берди! Баары бул арзыбаган акча эмне, мунун канкор жана кылмышкер режимди алсыраткан козголоңго кандай алакасы бар деп сурайт. Табигый болгондой, буга Мустафанын сөзү жооб. Ал мага Жээктеги согуштар жөнүндө айтып берди: «Биз 2013-жылы Лазикия, Жабала, Банияс жана башка жээк бойлогон шаарлардын баарына бастырып киришибизге аз калган эле. Ушул максатта иштеп чыккан аскерий планыбыз жакшы болчу, эгер, ишке ашса, тигил бузгунчу режимден эч нерсе калмак эмес, баарыбыз бүгүн күч-кубат, урмат-этибар жана эркиндиктин жаңы кылымын баштайт элек».

Мустафа козголоңдун эр жүрөк баатырларынын бири. Бүгүн бул баатырлар Хан Шайхун, Маъаррати Нуман, Габ жана Багуздагы калкты жардамсыз калтырылганы үчүн өкүнүшүүдө. Он бир миң лира кыссасы ушундай болгон, ошол убактагы Коалиция төрагасы Ахмад Жарба Жээк фронтуна кирип келген. Ал Түркия жана Фарс Булуңу мамлекеттериндеги кожоюндарынан козголоңчуларды режим борборуна кирүүдөн токтото турган акчаларды алып келет. Жарба ушул аркылуу бир нече жетекчилерди сатып алат. Ошол каражаттан согушкерлердин ар бирине жүз доллардан бөлүп берилет жана доллар наркы ошондо 110 Сирия лирасына барабар болгон. Табигый түрдө, Мустафа бу акча ушул мамлекеттерден алынып келинген деген сөзгө ишенбей, Жарбага бул акча Жээк фронтун токтотуу үчүн Нусайрий-кафир режим тарабынан берилген деген пикиринде катуу турат. Чындыгында, ушундай болгон эле… Т.а. кээ бир согуштук топтордун жетекчилери ушул акчаларды алып, чоң топторду түзүшөт. Бирок, бул топтордун максаты – режимге каршы согушту улантып жаткан, башка фронттор фатх кылып жаткан жана ушул иште катуу турган топторго каршы күрөшүү болду. Режимге каршы эң маанилүү фронт жабылды. Жада калса, кийинчерээк согушкерлерди жасалма согуштар менен алек кылып, Жээктеги азат кылынган кеңири аймактар режимге тапшырылды. Ошондуктан, бүткүл Сириядагы башка фронттор жөнүндө пайда болуп жаткан бардык суроолорго жооб болот, себеби, Жээктеги окуя өзүнчө окуя эмес. Халаб, Хомс, Гута, Даръадагы окуялар да кудум ушундай болгон. Идлибдеги азат кылынган жерлерди да кудум ушундай кылуу план күтүп турат.

Бирок, бул абалга чекит коюунун жана козголоң жетекчилигин тартып алган кимселерден козголоңду кайтарып алуунун жолу бар. Анткени, бүгүн бул кимселер дубал алдында туруп тигил мамлекеттерден чечим издеп жатышат. Ооба, өзүнө тапшырган милдетти аткарууга аракет кылып жатышат. Мындай деп айтуубуздун себеби, биз эч ким тааныбаган жана теги белгисиз кимселерден турган өкмөт түзүү менен козголоңдун курмандары текке кетирилгенин өз көзүбүз менен көрдүк. Бул нерсе «колдоп-кубаттоочу» мамлекеттерди ыраазы кылуу үчүн кылынды. «Колдоп-кубаттоочу» мамлекеттердин Батыштагы кожоюндарынын кызыкчылыгын камсыздоодон башка аракети жок. Ачык-айкын көрүнүп турган нерсени жашырбайм. Мына Түркия режими козголоңго жакын дос катары кирип, анын артына бычак сайды жана кайра-кайра сайып жатат. Ал өзүнүн разведка кызматынын жардамында канкор режимди коргоп, кулоодон сактап калды. О.э. буфер зона шылтоосу менен өзүнүн пункттарын орнотту. Негизи, буфер зона орнотуу деген нерседен бир эле максат – козголоңду токтотуу жана козголоңчулардын өз максатын ишке ашырууларына жол бербөө. Козголоңчулар максаты Асад режимин талкалап, күлүн көккө сапыруу эле. Биз бул абалга чекит коюу жана козголоң жетекчилигин тартып алган кимселерден козголоңду кайтарып алуунун жолу бар дедик. Бул жол – элдик кыймыл бүгүнкү маскараны жыйнаштырып, тигил сатылган жетекчилер пайда кылган бузгунчу вакиъликти оңдоо үчүн аң-сезимдүү калыс адамдарга кошулуу. Бул козголоңдогу саясий жетекчиликти кабыл алуу менен ишке ашырылат. Анткени, бул жетекчилик биздин акыйдабыздан алдынган ачык долбоорго, тил бириктирүүлөрдү кыйраткан саясий аң-сезимге ээ, козголоң үчүн эң маанилүү токтомду кабыл алат. Т.а. тигил мамлекеттер менен болгон алаканы бүтүндөй үзүп, багытты жана максатты бириктирет, аскерий кубатты жеке жана мамлекеттердин максаттары үчүн эмес, козголоңдун максатына багыттоо токтомун кабыл алат. О.э. баарын биргеликте козголоңду улантууга, режимди кулатууга жана Ислам башкаруусун орнотууга жетектөөгө үндөйт. Негизи, максаттар максаты Аллах ыраазылыгы болгон Ислам менен башкаруу.

Реалдуулук мына ушундай. Бул вакиъликти өзгөртүү үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз лазым. Абал өтө жаман болсо да, бирок, үмүт өчкөн жок. Биз элде аракет бар экенин көрүп жатабыз. Ал саясий аракеттин зарылдыгын, козголоңго каршы уюштурулуп жаткан фитналарды кыйратууда мындай аракет өтө маанилүү экенин түшүнүүдө. Бул болсо, каршыбызда маанилүү бир баскычтан кабар берүүдө т.а. адамдар Сочи конференциясын жана анын акыркы натыйжаларын кыйратууга аракет кылып жатканы көрүнө баштаганынан кабар берүүдө. Бүгүнкү күндө адамдар «Жалпы Сирия Конференциясы» деп аталган нерседен баш тартышууда. Бул Конференциянын негизги максатын өзүнүн аскерий күчүнө жана коопсуздук тармагына ээ топтун жетекчиси ачыктады. Түпкүлүгүндө бул топтун өзү да адамдарды коркутуп, аларды «колдоп-кубаттоочу» мамлекеттерге ээрчүүгө мажбурлоо үчүн түзүлгөн. «Колдоп-кубаттоочу» мамлекеттер бул Конференция жана андан келип чыккан өкмөт козголоңдун өкүлү болушун жана кийинчерээк бул өкмөт Конференция режим менен бир столдо отуруп, америкача чечимди ишке ашырышына уруксат беришин көздөп жатат.

Биз козголоңчу топтордун ушундай кадамдар таштап жатканын, ушундай бир учурда өкмөт түзүүгө урунуп жатканын, Шам калкыбыздын сөздөрүнө кулак салуу тиякта турсун, аны сокур тыйынга да теңебей, козголоң жана жихадга каршы «колдоп-кубаттоочу» мамлекеттердин пландарын аткарып жатышканын сындап жатабыз. Эмне үчүн, себеби, мындай абал, каршыбызда үлкөн карамүртөздүк турганынан кабар берүүдө. Себеби, биз мындай шектүү долбоорлор кандай экенин, алардын улуу козголоңго бүтүндөй жат долбоорлор экенин көрүп жатабыз. Биз Исламдан үйрөндүк, козголоңдон сабак алдык. Бул аракеттер жолдон адаштырып, караңгы, туңгуюк көчөлөргө киргизип коёт жана бул нерсе согуштук топтордун пайдасына эмес, козголоң душмандарынын пайдасына кызмат кылат. Ал тургай, Аллахтын калимасын үстөм кылуу жолундагы жихадды режимди бекемдөөчү жалданма топтордун согушуна өзгөртөт. Чок үстүндө жүргөн бул козголоң тажрыйба майданына айланбашы керек. Мисалы, ар бир маселеде шаръий өкүмгө ээрчисек, албетте амандык жээгине чыгып алабыз, кыйроого да, Аллахтын каарына да учурабайбыз. Силер, козголоңчуларда мүмкүнчүлүк бар, демек, андан пайдаланып, Аллахтын душмандар менен арканды үз деген буйругун аткаргыла жана Аллахтын арканын бекем кармап, кайра жихад баштагыла, Аллахка тообо кылып, Набийибиз ﷺ жүргөн жолдон жүргүлө.

قُلْ إِن كُنتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

«Эгер Аллахты жакшы көрсөңөр, мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди жакшы көрөт жана күнөөңөрдү магфират кылат. Аллах магфират кылуучу, мээримдүү» [3:31]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here