Муслима аял Натальянын (Исламга чакыргандыгы үчүн түрмөдө жаткан Рафис Галиулиндин аялы) 5 жыл камак жазасына өкүм кылынгандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Аны сот залынан түрмөгө алып кетишти.
Бул муслиманы жалпы мусулмандарга жана анын күйөөсүнө карата казак бийликтери кылып жаткан мыйзамсыз иштер тууралуу айткан видеороликти Ютубе сайтына жайгаштыргандыгы үчүн камакка алышты. Болгону бир гана видеоролик үчүн, бул видеороликте ал өзүнүн кайгысы тууралуу Үммөткө кайрылган болчу. Демек, ыймансыз залимдердин малайлары алар жөнүндөгү чындыктын калкка жетип калышынан катуу коркушат. Натальянын балагатка жетпеген 3 баласы бар эле, аларды да коопсуздук кызматтары балдар үйүнө өткөрүп беребиз деп коркутуп жатышат.
Эй мусулмандар! Карындашыӊарды коргогула. Анын чакырыгына эми болсо да жооп бергиле. Болбосо Кыямат күнү Аллахтын алдында кантип жооп беребиз?
Пайгамбарыбыз с.а.в.:
“Силерден ким мункарды көрсө, аны колу менен кайтарсын. Кудурети жетпесе тили менен, буга да жарабаса дили менен өзгөртсүн. Бирок, бул ыймандын эӊ алсызы“, – деген. (Муслим)