АКШ мамлекеттик катчысы Стамбулда

352
0

АКШ мамлекеттик катчысы Стамбулда

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон эки күндүк сапар менен Түркияга барды. Стамбулда алгачкы жолу 22-дүйнөлүк нефть конгрессине катышкан Тиллерсон Түркия-АКШ кызматташтыгына токтолду. Тиллерсондун айтымында, АКШ үлкөн энергия коопсуздугу жаатында, стратегиялык аймакта жайгашкан Түркия менен кызматташууну улантышы керек.

“Географиялык жактан маанилүү орунда жайгашкан Түркия ири энергия коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү өнөктөш болуп эсептелет. АКШ глобалдык энергетика коопсуздугун бекемдей турган Түштүк газ коридору жана Чыгыш Ак-Деңиз газы сыяктуу долбоорлор үстүндө биргеликте иштөө үчүн олуттуу аракет кылууда. Аталган долбоорлор Европанын энергия булактарын диверсификация кылуу мүмкүнчүлүгүн берет жана энергия коопсуздугун жакшыртат”, – деди Тиллерсон.

Тиллерсон Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглудан кийин президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуу тууралуу кеңири маалымат берилбеди. Ал эми “Анадолу” маалымат агенттигинин билдиришинче, Тиллерсон түркиялык кесиптеши менен эки маанилүү маселени т.а. Сирия жана Катар маселелерин талкуулашкан. 21-кылым атындагы Түркия институтунун жетекчиси Жахит Армаган Дилек “Америка добушу”на берген интервьюсунда жолугушуудагы негизги темалардын бири Сирия маселеси болгондугун билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here