Кыргызстанда көчөлөрдө даъват кылууга тыюу салынат

347
0

Кыргызстанда көчөлөрдө даъват кылууга тыюу салынат

Кыргызстан көчөлөрүндө Исламга даъват кылуу а түгүл, ушул максатта видео жана аудио материалдарды таркатууга тыюу салынаары айтыла баштады. Бул маселени камтыган мыйзам долбоору “Жогорку Кеңештин” күн тартибиндеги негизги темага айланды.

Бул мыйзам долбоору дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов тарабынан парламенттин социалдык иштер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйынында сунушталды. Долбоорго ылайык, көчөлөрдө Исламга даъват кылуу жана ушул максатта түрдүү видео жана аудио материалдарды таркатууга тыюу салынат.

Мыйзам комитетте талкууланып жаткан учурда, “Өнүгүү прогресс” партиясынын депутаты Тазабек Икрамов, “Бул долбоор мамлекетте Исламга даъват кылуудан тособу?” деген суроону ортого таштады. Мыйзамды парламентке сунуштап жаткан Эргешов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, “бул долбоор адамдарды мечитке даъват кылуудан тоспойт” деп суроодон айланып өттү:

 “Эч ким жарандарды мечитке даъват кылууга каршы эмес. Калкыбыз диний маалыматтарды мечиттердин имамдарынан алышы керек, көчөдөн эмес”, деди Эргешов.

Көчөлөрдө Исламга даъват кылууга тыюу салуу маселеси сунушталган соң, комитет депутаттары бул мыйзам жалпы жыйындын биринчи окуусунда каралышы үчүн өкмөттүн сунушу кабыл алынды.

Туркистон: 

Булар даъват дегенде эмнени назарда тутуп жатышат?! Ошондо Алла Тааланы же анын Расулу (с.а.в)ды көчөдө бирөөгө мактоого тыюу салынабы?! Же бирөөгө намаз тууралуу айткан адам, эми кылмыш жоопкерчилигине тартылабы?! Айт майрамында бири-бирибизди куттуктасак, даъват кылган болобузбу?!

Бул мыйзам долбоору, жогорудагы суроолордун баарына бирме-бир, пункттар менен көрсөтүп, жооп бериши шарт! Себеби, биз мусулмандар көчөдө өзүбүздү кандай алып жүрүүнү, куфрду иренжитпөө үчүн эмне тууралуу сүйлөсөк болот жана кайсы темада сүйлөөгө тыюу салынганын алардан үйрөнөт экенбиз! Демек, бул тууралуу толук маалыматка ээ болушубуз керек да?! Тагыраагы, бизге эмне кылышыбыз керек экени жөнүндө жол карта чийилип берилсин. Ооба, бул маалымат мусулмандар үчүн жана бизди соттоого шашылып жаткан алардын юристтерине да өтө зарыл!

Оо мусулмандар кандай күнгө келип калдык?! Кыргызстан тарыхында мынчалык Ислам динине кыянаттык кыла турган, аны кемсинткен мындай мыйзам кабыл алынган эмес! Кыргызстанда а түгүл, сойкулукка же бачабаздык сыяктуу кылмыштарга ачык чакырууга каршы мыйзам кабыл алынбаган. Демек, кыргыз парламенти Ислам динине чакырууну, бардык бузукулуктарга чакыруудан да зыяндуу жана жаманыраак деп билет!

Тыянактап айтканда, биз мусулмандар үчүн бул мыйзамды аныктап-түшүндүрүп беришсин. Куран жана Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын хадистерин көчөдө айтууга тыюу салынабы? Же алардын ичинен кайсы бир аят жана хадистерге тыюу салынганбы?! Мунун жообу теле көрсөтүүлөрдө жана башка маалымат каражаттары аркылуу ачык айтылышы керек! Биз мусулмандар бул куфрдун кул мүнөз шыпыргылары бизден жана Алланын дининен эмнени күтүп жатканын аныктап алалы! Алар албетте диниизден баш тартып куфрга моюн сунуубузду гана каалашат!!!

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

-“Яхудий жана насронийлер алардын динине киргенге чейин силерден эч качан ыраазы болушпайт”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here