
Россия “Искендер-М” ракетасын Тажикстанда сыноодон өткөрдү
Тажикстанда өткөрүлгөн “Антитеррор-2017” машыгууларын улай, Россия “Искендер-М” баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү. Россия мындай ыкчам-тактикалык ракеталарды өлкө сыртындагы машыгууларда биринчи жолу колдонуп жатат.
Борбордук аскердик округдун жетекчисинин жардамчысы полковник Ярослав Рошчупкиндин 1-июнда берген маалыматында, сыноо учурунда бул ракета менен террорчулардын тажик-афган чегарасынан 15 чакырым узактыктагы болжолдуу лагерге сокку берилди. Бул машыгууда Россиянын “Ураган” ракета системасы да колдонулду.
Тажикстан коргоо министрлигинин маалымат катчысы Фарудин Махмадалиевдин билдиришинче, машыгууларга Россия жана Тажикстандын 4500 күч кызматкерлери тартылган. Россия бул машыгууга 2000 аскер, 30га жакын учак жана вертолёт жөнөткөн.