Казакстан Кыргызстанга техникалык жардам бере турган болду
Кыргызстан экономика министрлигинин кабарына таянсак, Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында ЕАЭБге ылайыкташуусу жана лабораторияларды техникалык жабдыктар менен камсыздашы үчүн Казакстан Кыргызстанга 41 миллион доллардык жардам берет.
17-мартта Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн ортосунда техникалык жардам протоколуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча келишимге кол коюлду. Документке киргизилген өзгөртүүлөр жардам берүү тартибин жеңилдетет. Аталган өзгөртүү жана толуктоолор себептүү техникалык жардамдын көлөмү 7,5 миллиондон 41 миллион долларга көбөйдү.
Буга чейин Казакстан жана Кыргызстан өкмөттөрү ортосунда ЕАЭБдин интеграциялык шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишимге 2016-жыл, 26-декабрда кол коюлган эле.