Саудия: Бул тарыхий бурулуш чекити
Саудиянын экинчи мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салман Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Ал-Арабийя маалымат агенттигинин кабарына ылайык, жолугушуу учурунда Саудияда экономикалык реформаларды ишке ашыруу, нефть баасы жана Жакынкы Чыгыш кризиси сыяктуу маанилүү маселелер талкууланган.
Bloomberg маалымат агенттигине интервью берген шахзаданын кеңешчиси бул жолугушууну эки мамлекет ортосундагы алакалар жагынан “тарыхий бурулуш чекити” деп баалады. Кеңешчинин айтымында, эки жетекчи ортосундагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгон.
“Биз бүгүнкү жолугушууда маселелерди жаңыдан жолго койдук. Саясий, аскерий, коопсуздук жана экономикалык тармактардагы эки алакаларда чоң өзгөрүүлөрдү ишке ашырдык”, – деди кеңешчи.
Кеңешчинин айтымында, шахзада Мухаммад көпчүлүк калкы мусулмандардан турган алты мамлекет жарандарынын АКШга киришине тыюу салуу маселесин да талкуулашкан. Шахзада бул чечимди мусулман мамлекеттерге же Исламга каршы ташталган кадам катары көрбөстүгүн, тескерисинче террорчулардын кирип келишине тоскоолдук кылуу үчүн кабыл алынган чечим катары баалашын билдирген.
Кеңешчинин билдиришинче, шахзада Мухаммад ибн Салман АКШ президенти менен жолугушкандан кийин Трамптын массалык маалымат жаражаттары сүрөттөгөндөй Исламга каршы эместигине көзү жеткен. Шахзада анын Исламга карата билдирүүлөрү жана жылуу мамилесине аябай курсант болгон.
О.э. Ибн Салмандын кеңешчиси эки тарап тең Иран региондо коркунуч туудуруп жатканы боюнча бирдей пикирде экендигин билдирди. Кеңешчинин билдиришинче, Саудия шахзадасы жолугушууда ядролук келишим өтө кооптуу экендигине токтолгон. Обама админстрациясы Саудиянын региондогу атаандашы болуп эсептелген Иран менен ядролук келишим түзгөндүгү себептүү Саудия АКШга бир аз таарынып калгандай болгон эле. Эми Судия бийлиги Иранга каршы чыгуу менен көрүнүп жаткан Трампка үмүт байлоодо.