Кыргызстан кайрадан жакыр мамлекеттер сабында

433
0

Кыргызстан кайрадан жакыр мамлекеттер сабында

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев мындан эки жыл алдын берген интервьюсунда, Эл аралык коомчулук эми Кыргызстанды жакыр мамлекет деп эсептебестигин айткан жана “Көпчүлүк ММКлар бул кабарга олуттуу маани беришпеди, бирок Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык уюмдар эсеби боюнча биздин мамлекет 2014-жылдан баштап жакыр мамлекеттер катарынан чыкты жана орточо  кирешеси бар мамлекеттердин катарына кошулду”, – деген эле.

Арадан эки жыл өтүп Кыргызстан кайрдан жакыр мамлекеттердин катарынан орун алды. Американын Global Finance каржы басылмасы дүйнө жүзүнүн эң бай жана эң кедей өлкөлөрүн аныктап рейтинг түздү. Анда Кыргызстан 148-орунга илинген. Былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу өлкө 142-орундан 148-орунга түшүп алты позицияга артка жылган. Кыргызстан тизме боюнча Папуа Жаңы Гвинеясы менен Жибути өлкөлөрүнүн ортосунда жайгашып калды. Ошентип дүйнөдөгү эң кедей 50 мамлекеттин катарына кошулду.

Рейтингди жүргүзүүдө басылма Бүткүл дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына жана жан ар бир жан башына өндүрүлгөн ички дүң продукциясына таянуу менен чыгарган..

Рейтингге ылайык КМШ мамлекеттери арасында эң жогорку натыйжа Россияга тийиштүү болгон. Анын калкынын ар бир жаранына 26,109 миң долларлык көрсөткүч туура келип 52-орунда. Борбордук Азия мамлекеттери арасында эң бай мамлекет деп табылган (54-орун) Казакстандыр ар бир жаранына бир жылда 25,670 миң доллар туура келет. Түркмөнстан 17,4 миң доллар билан 73, Кыргызстан 3467 доллар менен 148, Тажикстан 2982 доллар менен 157-орунда жайгашкан.

Туркистон:

Ооба, Атамбаев Россия тарапка ооп алды. Эми ага каршы Батыш тарабынан маалыматтык чабуулдар башталат. Эл аралык саясат, алсыз мамлекеттерге каршы ыплас ыкмалар менен күрөш алып барат. Капиталисттик система бүткүл жер жүзүндөгү мамлекеттерди бир ууч мамлекеттер кызыкчылыктары үчүн кызмат кыла турган глобалдык (борборлоштурулган) түзүм түзүп берген. Атамбаев сыяктуу алсыз мамлекеттин жетекчилери, дүйнөлүк жетекчи мамлекеттин кызыкчылыгынан жүз үйрүшсө, аларга каршы саясий, экономикалык басымдар менен бирге маалыматтык согушу да жарыя кылынат. Көздөгөн максаттары мамлекет жетекчилери менен жарандары ортосундагы жарака кеңейип бара берсин. Жогорудагы статистикалык маалыматтан да саясий күрөш уюштурушмакчы. Маңкуртташтырылган алсыз мамлекет саясатчылары болсо, бул эл аралык саясаттын ыплас башкаруу системасына жабышып алышкан!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here