АКШ Түркиядан “Радикал Исламий терроризм”ге каршы күрөштө активдүү катышууну күтүүдө
АКШ өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы саясатын өзгөртүү ниетинде. Бул туурасында Амаерика президенти Доналд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча кеңешчилеринин бири Сал Сайгин Шимшек билдирди.
“Жакынкы Чыгыш саясаты өзгөрүүдө. Кандайча өзгөрүүдө? Дүйнөдөгү энергия саясаты өзгөрүүдө. Илгери дүйнөдөгү энергия саясатынын огу Жакынкы Чыгыш болгон болсо, эми Америка. Келечекте Россия болушу да ыктымал. Ушундай болгон соң, мунун саясий жана экономикалык натыйжалары болот. Бул чоң өзгөрүү болуп эсептелет. Менин оюмча, бул өзгөрүүгө бардыгы көнүшөт жана жакшы күндөр келет”, деди Шимшек.
Шимшектин айтышынча, АКШнын Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча Түркиядан күткөн эң чоң үмүтү “Радикал Исламий терроризм”ге күрөштө активдүү катышуусу. Шимшек АКШ департаментинин Түркия боюнча ойлору туурасында токтолуп, өткөн сегиз жыл аралыгында Түркия-АКШ алакалары абдан эле начарлашып калган, деп эсептешин айтты.
“Биздин үмүтүбүз бул алакаларды кайта тикелөө. Ошон үчүн Трамп биринчи билдирүүсүнүн 3 мүнөтүн мына ушуга т.а. Исламий терроризмге каршы күрөшкө бөлдү. Бул албетте болот. Унутпашыбыз керек Түркия али да Жакынкы Чыгыш аймагындагы көпчүлүк калкы мусулман болгон мамлекеттер арасында илманий демократиялык мамлекет. Радикал исламий террорго каршы күрөш жалаң аскерий жак менен эле болбойт. Бул идеологиялык тараптан да болушу лазым. Бул күрөштө идеолгиялык тарап илманий өкмөттөр мойнуна түшөт”, деди ал.
Трамп өкмөтү ушул убакта Түркиядан күткөн иш “Радикал Исламий террор”го каршы күрөш экендигин айткан Шимшек “Доналд Трамп сөзүндө эмне деди? Эски достугубузду кайта жандандырышыбыз керек. Эгер бул мүмкүн эмес болсо, жаңы-жаңы достукту куруу зарыл. Биз эски досторбуз, муну жандандыралы”, деп кошумчалады.