Ляйен: Исламга каршы күрөшкө Исламий өлкөлөрдүн өздөрүн тартуу керек
Германиянын Мюнхен шаарында Коопсуздук маселеси боюнча уюштурулган конференцияда терроризмге (Исламга) каршы күрөштө Исламий өлкөлөрдүн өздөрүн көбүрөөк тартуу маселеси көтөрүлдү. Аталган конференцияга АКШнын коргоо министри Жеймс Меттис да катышты.
Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен терроризмге (Исламга) каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш Исламга каршы согуш катары көрсөтүлбөшү керектигин айтты. Ошону менен бирге Германиянын коргоо министри өз сөзүндө терроризмге (Исламга) каршы күрөштө көбүрөөк Исламий өлкөлөрдүн өздөрүн тартуу зарыл экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, бул жаатта Түркия менен түзүлгөн келишим өтө маанилүү.
О.э. бул маселеде АКШнын ролу тууралуу токтолгон Урсула фон дер Ляйен: “Дүйнө – глобалдык күчтүү таасири бар о.э. бул жаатта жооптуу болгон – Америкага муктаж. Европалыктар катары АКШ биздин коопсуздугубуз жана эркиндигибизге көңүл буруп жаткандыгын жогору баалайбыз. Биз Трансатлантикалык коопсуздук боюнча кызматташтыктын тарапкерибиз”, – деди.
Германия канцлери Ангела Меркел да АКШ вице-президенти Майк Пенc менен жолугушкан учурда бул маселе олуттуу экендигине токтолду. Меркелдин айтымында, терроризмге (Исламга) каршы согушта белгилүү бир Ислам өлкөлөрүнүн катышуусу АКШнын катышуусу сыяктуу эле маанилүү.
Меркел: “Эгерде АКШ болбосо, мындай террорго каршы күрөшүү жүгүнүн көп бөлүгү Европанын мойнуна түшмөк. Биз Американын аскерий кубатына муктажбыз”, – деди.