Хидаятка чакыруудагы көркөм жол акыр заманда айрым амалдардан жакшыраак

292
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Хидаятка чакыруудагы көркөм жол акыр заманда айрым амалдардан жакшыраак

Даъватчынын иши азыркы мезгилде негизинен ката пикирлерди ачып берүү о.э. исламий акыйкаттарды жана анын өкүмдөрүн адамдарга түшүнүктүү кылып баяндоодон турат. Ушул ишти алып барууда да Исламдын анык көрсөтмөлөрү бар. Ибн Масъуддун мавкуф хадисинде келет:

«اعْلَمُوا أَنَّ حُسْنَ الْهَدْىِ، فِى آخِرِ الزَّمَانِ، خَيْرٌ مِنْ بَعْضِ الْعَمَلِ»

«Билип койгула, (сүйлөөдөгү) көркөм жол акыр заманда айрым амалдардан жакшыраак».

Шариятта муназара-талкуудан чындыктын жүзөгө чыгарылышы жана туура эместин батылдыгы көрсөтүлүшү максат кылынат.

Аллах Таала айтат:

قَدْ سَمِعَ اللَّهُ قَوْلَ الَّتِي تُجَادِلُكَ فِي زَوْجِهَا وَتَشْتَكِي إِلَى اللَّهِ وَاللَّهُ يَسْمَعُ تَحَاوُرَكُمَا

(Эй Мухаммад) чындыгында Алла сени менен өз жубайы туурасында талкуулашып жаткан жана Аллага арызданып жаткан (аял)дын сөзүн укту. Алла силердин суроо-жоопторуңарды угуучу Зат“.  [58:1]

Бул аятта Аллах Таала маектешине кулак салуу жана аны угуу өтө маанилүү экендигин айтуу менен бирге муназараны «бахс» б.а. талкуу деп атап, аны «эки тарап тең өз далилин же өз далили деп эсептеген нерсесин келтирүү» деп белгиледи. Андан максат, өз пикири менен багытын кубаттоо жана атаандашынын далилин бекер кылып, аны тууралык жана чындык деп билген тарабына алып өтүү. Ал эми андан акыйкатты угуп туруп, баш тартуу оор күнөө. Муслим Абдуллах ибн Масъуд(р.а)дан риваят кылган хадисте Пайгамбар(с.а.в): «Кимдин дилинде кыпындай кибр болсо, бейишке кирбейт»,-  деди. Ошондо бир киши: «Акыры адам кийиминин, бут кийиминин чырайлуу болушун каалайт го?!» – деди. Пайгамбарыбыз(с.а.в.): «Аллах көркөм, көркөмдүктү жакшы көрөт. Кибр болсо акыйкатка нааразы болуу жана адамдарды теңсинбөө», – деди. Ар кандай шаръий өкүмдү билгенде, ага каршылык билдирүү, нааразы болуу,  же аны кабыл алууда экиленүү ыйманга тескери келет. Аллах Таала айтат:

ادْعُ إِلَى سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ

(Эй Мухаммад), Роббиңдин жолу-динине дааналык-хикмат жана көркөм насаат менен даъват кылгын! Алар (т.а сени менен талашып-тартыша турган адамдар) менен эң көркөм жол менен далилдешип-тартышышкын“,  [16:125]

قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ إِنْ كُنتُمْ صَادِقِينَ

– „(Эй Мухаммад), айткын: «Эгер чынчыл болсоңор, далил келтиргиле!» [2:111]

Пайгамбар (с.а.в. Мекке мушриктери менен, Нажрон насронийлери менен, Медина жөөттөрү менен талкуулашкан. Даъватчы изгиликке чакырып, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарып, адаштыруучу пикирлерге каршы күрөшүп жатып, кайсы жерде талкуу ыкмасы зарыл болуп калса, ошол жерде талкуу важыпка айланат. «Бир важып бир нерсесиз ишке ашпаса, ошол нерсенин өзү да важып болуп калат» деген коидага негизделип ушундай болот. Талкуудагы тартипти билбей туруп талкуулашуу максаттагы натыйжаларга алып барбайт. Мусулман аалымдардын талкуу мыйзамдары жана адептери жаатындагы сунуштарын төмөндө айрым бир кошумчалар менен келтиребиз.

  1. Аллахтан таква кылууну биринчи орунга коюу. Ага жакын болууну максат кылуу. Анын буйругун аткарып, ыраазылыгына жетишүүнү үмүт кылуу. Аллах үчүн, Анын дини үчүн, өзүнүн атаандашы үчүн насаатты ниет кылуу. Себеби, дин – насаат.
  2. Атаандашын утууну, мат кылууну эмес, чындыкты жүзөгө чыгарууну жана анын акыйкат эместигин көрсөтүп берүүнү ниет кылуу. Шофеий айтат: «Ким менен сүйлөшпөйүн, ар дайым анын ийгиликке жетишин, туура болуп чыгышын, Алла тарабынан ага коргоо болушун каалаганмын. Ким менен сүйлөшпөйүн, ар дайым Алла акыйкатты менин тилимден баян кылабы, анын тилинен баян кылабы, мен үчүн айырмасы болбогон». Ибн Укайл айтат: «Чындыкты жүзөгө чыгаруу максат кылынбаган ар бир талкуу – ээсинин өлүмү.
  3. Сыймыктанууну, аброй табууну, эмнегедир жетишүүнү, талашып-тартышууну жана рияны максат кылбоо. Жыйында атаандашынан үстөм болууга умтулбастык. Пайгамбар(с.а.в): «Илимди аалымдар алдында сыймыктануу үчүн да, наадандар менен тартышуу үчүн да, жыйындарда өзүңөрдү жакшы көрсөтүү үчүн да үйрөнбөгүлө, кимде-ким ушундай кылса, тозок, тозок», – деген.
  4. Аллахка хамду сана, Пайгамбарга рахмат жана салам айтуу менен баштоо. Аллахтан Өзү ыраазы боло турган ишке жетиштиришин суроо.
  5. Сөздү кыска кылуу, жеңил, бардык маанини өзүндө камтыгандай кылып жеткиликтүү сүйлөө. Көп сүйлөө – изден чыгууга жана катага алып барып коюуга кошумча түрдө – угуучуга оор да алдырып коёт. Атаандашына белгилүү нерселерде сөздү узартып жибербөө. Талкуунун мунозара темасына тоскоолдук кылбай турган кыска кылып айтып өтүү.
  6. Атаандашы экөөсү тең кайрылына турган негизге келишип алышы керек. Т.а. талкуунун негизи, келтириле турган хужжаттар кандай болушу туурасында келишип алуу. Бул нерсе кафир менен такуу кылганда жалаң гана аклий болот. Мусулман менен болсо аклий да, наклий да болушу мүмкүн. Аклий иштерде акыл кайрылына турган негиз болушу мүмкүн, ал эми шаръий иштерде бул негиз бир гана накл боло алат. Аллах Таала айтат:

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ

Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла“,  [4:59]

Т.а. Куран, Сүннөткө. Талкуу далил же күмөн менен болот. Аларсыз талкуу, ызы-чуу салуудан жана тартипсиздиктен башка нерсе эмес. Күмөнгө ибн Акыйл «Багытты чындык болбосо да чындык кылып көрсөтүү күмөн болот» деп аныктама берет. Ибн Хазм ызы-чуу салууну «Бир же бир нече маселелерди акыйкатсыздыкка алып бара турган бузук, батыл далил менен боёп көрсөтүү, бир сөз менен айтканда, калп сөз» деп түшүндүрөт. Ибн Акыйл айтат: «Илим калкынын эң сүйүктүү жолу – далил же күмөн негизинде сүйлөө. Ызы-чуу салуу болсо талкуу калкынын тартипсиздиги. Ызы-чуу салуу – бул далил же күмөнсүз талкуу кылуу дешке да болот.

  1. Талкуу кылына турган темада келишип алуу. Талкуудан анык тыянак чыкмайынча ошол темадан башкасына чалгыбастык, себеби, көбүнчө талкуулашып жаткан адам жеңилгендигине көзү жетип калганда теманы башка тарапка буруп жиберүү менен кырдаалдан чыгууга аракет кылат. Кафир менен шарияттын фарълары (негизден келип чыккан бөлүктөрү) туурасында талкуу кылынбайт. Себеби, ал шарияттын негизине ыйман келтирбейт. Аны менен төрт аялга үйлөнүү, аялдын күбөлүгү, жизя, мурастар, арактын арамдыгы жана башка фаръий маселелерде тартышылбайт. Аны менен далилдери аклий болгон дин негиздери туурасында гана талкуу кылынат. Себеби, талкуудан максат – батылдан акыйкатка, залалаттан хидаятка алып өтүү. Бул нерсе болсо аны куфрдан ыйманга алып өтүү менен гана ишке ашат. О.э. христиан менен буддис же жөөттүн акыйкат эместиги туурасында талкуу кылынбайт. Бул жана ушуга окшош темалардагы сөздөр таптакыр талкуу эсептелбейт. Себеби, христиан буддис же жөөт эмес да, алардын акыйкат эместигин көрсөткүдөй, аны менен талкуу жалаң гана анын өзүнүн батыл акыйдасы туурасында болуп, андан көздөлгөн максат, аны акыйдага – Исламга алып өтүү болот. Ошондуктан, келишкен темабызда сүйлөшөбүз, ихтилаф кылган (кайчы пикирде болгон) темабызды таштайбыз делбейт. Себеби, биз талкуу кылууга буюрулганбыз. Талкуу болсо, ихтилафтуу темаларда гана болот. Христиан же капиталист мусулман менен – буддизм, коммунизм же социализмдин жийиркеничтүү экендигине келишип алып – ушунун тегерегинде сүйлөшүшсө, бул сөз талкуу эсептелбейт. Бул нерсе мусулмандын мойнундагы «талкуу жолу менен Исламга алып өтүү» деген важыпты алып таштабайт, актабайт. О.э. «капырлар менен келишкен жерлерибиз туурасында сүйлөшүп, ихтилафтуу жерлерибизди кыяматка калтырабыз, ошондо Алланын Өзү каалаганча өкүм кылат да, ортобузду ажырым кылып берет» деп да айтылбайт. Себеби, биз ихтилафтуу (карама-каршылыктуу) иштерде талкуу кылууга буюрулганбыз. Аны кылбасак, күнөөкөр болобуз. Туура, дүйнөдө да акыретте да өкүм жалгыз Аллахтыкы. Бирок, биз Алланын иши менен үстүбүзгө жүктөлгөн милдетти аралаштырып жибербешибиз керек. Мындай кылуу жоопкерчиликсиз кимсенин далили т.а. далили да эмес, эч бир далили да, күмөнү да болбогон ызы-чуусу.
  2. Добушун алдындагылар уга турган даражадан өйдө көтөрбөө. Атаандашына карап кыйкырбоо. Икая кылынышынча, Абдуссамат деген Бану Хошимдик бир киши Маъмундун алдында сүйлөп, добушун көтөрүп жиберди. Ошондо Маъмун: «Эй Абдуссамат, добушуңду көтөрбө, тууралык каап сүйлөөдө эмес, таап сүйлөөдө», – деди.
  3. Атаандашын теңсинбей койбоо, жерге урбоо. Ызы-чуусуна сабыр кылып, ага карата жумшак болуу. Анын тайгаланууларын кечирүү. Эгер наадан болсо аны менен талкуулашуу токтотулат. Кежир, өзүмдүкү туура дей тургандар менен талкуу кылынбайт. Себеби, мындайлар башканын сөзүн алышпайт. Кескиндиктен (т.а. ачууга алдыруудан) жана жекирүүдөн сактануу. Ибн Сирин: «Кескиндик – наадандын тахаллусу (лакабы)», – деген.
  4. Өзүнө караганда билимдүүрөөк адам менен талкуу кылганда ката кылып жатасың, сөзүң туура эмес делбейт. Эгер бирөө мына мындай деп калсачы, нааразылык билдирсечи деген сыяктуу сөздөр менен сүйлөнөт. Же жол сурагандай болуп «мына мындай делсе, туура боло береби» деп сүйлөнөт. Илимди жана илим калкын теңсинбей турган адам менен, же талкууну жана талкуулашуучуларды теңсинбей турган наадандардын көз алдында муназара кылбоо. Малик айтат: «Кишинин илимге моюн сунбай турган адам алдында илимди сүйлөшү – илимди кордошу» ».
  5. Атаандаш келтирип жаткан далилдерди жакшылап түшүнүп алуу керек. Ошондо аны рад кылуунун мүмкүнчүлүгү туулат. Ал сөзүн бүтө электе сүйлөп жибербөө керек. Ибн Вахб: Маликтин «түшүнбөй туруп жооп берүүдөн пайда жок, атаандаштын сөзүн бөлүп коюу адептен эмес» дегенин укканмын, – дейт. Эгер атаандаштын өзү урушчаак, кежир, бакырчаак болсо, негизи, аны менен талкуу кылбаган макул. Талкуу маалында анын ушундай экендиги ачылып калса, насаат кылынат. Алса алды, албаса жок, сүйлөшпөй коё калынат.
  6. Жүзүн атаандашы тарапка каратуу. Талкуулашуучуну теңсинбестен, айлансындагыларга обу жок көз ойнотуп турбоо керек, мейли ал келишип жаткан болсун, мейли келишпей жаткан болсун. Эгер атаандаш ушинтсе, насаат кылынат. Тыйылбаса, талкуу токтотулат.
  7. Фазовий (спутниктик) каналдар жана жалпы жыйындар сыяктуу кооптуу жерлерде талкуу кылынбайт. Бирок, эгер дининде бекем болуп, Алланын жолунда жаман атты кылуучунун жаман атты кылышынан коркпосо, камалуу же өлтүрүлүү деген нерселерди мойнуна алып койгон болсо, беймарал ак сөздү айтып, талкуу кыла берет. Өзүнөн корксо, амир же султандын алдында да жөн туруу макул. Эгер өзүн Хамза менен бирге болууга даярдап алган болсо, сүйлөгөнү жакшы, себеби, корккон адам дадил сүйлөбөстөн, дин жана илимди айыптуу кылып көрсөтүп коюшу мүмкүн, Ахмад, Малик сыяктуу мурунку өткөндөрдүн, Каззофий сүннөттү инкар кылганда аны менен талкуулашкан азыркылардын карманган позицияларын эске сала жүрөлү.
  8. Жаман көрө турган адамы менен талкуулашпасын­­. Жаман көрүү ал тараптанбы, атаандашы тараптанбы, айырмасы жок.
  9. Атаандашынын тилинен чыккан акыйкат сөздү тан алуудан моюн толгобоо. Себеби, чындыкка кайтуу батылда тентиреп жүрүүдөн жакшыраак. Ошентсе, сөздү угуп, анын эң жакшысына ээрчүүчүлөрдүн тобунан болот.
  10. Жоопту чаташтырбоо. Бул нерсе суроого дал келбеген жооп кайтаруу менен болот. Мисалы, суроочу «Саудия Ислам мамлекетиби?» деп сураса, жооп берүүчү «ал жердеги өкүм Исламий» дейт. Мына ушул жооп чаташтыруу. Туура жооп болсо, ооба же жок, же билбейминдин бири болот.
  11. Анык көрүнүп турган нерсени жокко чыгарбоо. Мындай кылуу өзүн чоң эсептөө болуп саналат. Мисалы, капырлардын мусулмандарга душмандыгын жокко чыгаруу, же мусулмандар диярларындагы түзүмдөрдүн Ислам менен өкүм жүргүзбөй турган куфр түзүмдөрү экендигин инкар кылуу.
  12. Жалпы бир сөздү сүйлөп, кийин анын тафсилат-деталдарына өткөндө, ага тескери келген сөздү айтпоо. Мисалы, «Америка Исламга жана мусулмандарга душман» деп туруп, аркасынан «Америка палестиналыктарга мамлекетин тикелеп алууда жардам берип жатат, себеби, ал адилеттүүлүктү жана эркиндикти жактоочу» деш, же «Америка Иракка аны диктаторлук зулумунан азат кылуу үчүн кирди» деш. (негизги пикирлер “Исламий нафсия негиздери” китебинен алынды).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here