Исламга каршы күрөшкөндүгү үчүн Саудия шахзадасына медаль берилди

383
0

Исламга каршы күрөшкөндүгү үчүн Саудия шахзадасына медаль берилди

АКШ Борбордук разведка башкармалыгынын (ЦРУнун) жаңы жетекчиси Майк Помпео Саудиянын мураскору Мухаммад Наифке терроризмге (Исламга) каршы күрөштө көрсөткөн кызматы үчүн медаль берди.

“Mepanews” маалымат агенттигинин кабарына таянсак, терроризмге каршы күрөш тармагында кемчиликсиз разведка кызматы о.э. дүйнө тынчтыгы жана коопсуздугун камсыздоо жаатында чексиз салым кошкондугу себептүү ЦРУнун жетекчиси шахзада Наифти “Жорж Тенет” медалы менен сыйлаган.

Медалды алгандан кийин Саудия маалымат агенттигине интервью берген шахзада Наиф Саудия королдугу менен АКШ ортосунда карама-каршылыктарды пайда кылуу аракеттери эч качан ийгиликке жетише албастыгын баса белгиледи.

57 жаштагы шахзада Мухаммад 2012-жылдан бери Саудиянын ички иштер министрлигин башкарып келет. Ал разведка иштеринде тажрыйбалуулугу менен таанылган. Батыштын назарында экстремизмге (саясий Исламга) каршы күрөштөгү иш-аракеттери менен даңкы чыккан жана бул жаатта урматка ээ болгон мураскор шахзада 2003-2007-жылдарда мамлекетте чет элдиктерге жана жогорку даражалуу коопсуздук кызматкерлерине карата операцияларды өткөргөн эле.

Майк Помпео менен мураскор шахзада Наиф ортосундагы бул жолугушуу, Дональд Трамп АКШ президенти болгондон бери эки мамлекет ортосундагы алгачкы жакындашуу катары бааланууда.

Саудиянын тышкы иштер министри Адил Жубайр бул нерсе таң калычтуу эместигин билдирип: “АКШ жана Саудия ортосунда кеңири масштабдуу алакалар бар”, – деди.

Жубайр АКШ менен Саудия ортосунда террорго каршы күрөш, коопсуздук, жол коопсуздугу жана башка көптөгөн маселелер боюнча кызматташтык жүрүп жаткандыгын да кошумчалады.

 Туркистон:

Исламий өлкөлөрдүн жетекчилери мусулмандарды дүйнөлүк куфр башкаруу системасы менен башкарышат. Алар Исламды чүмбөт кылып алышып, куфр саясатын мусулмандардан коргошот. Илгери бул аракеттерин куфр менен жашыруун алака кылуу аркылуу о.э. өздөрүн Исламий шахсия кылып көрсөтүү негизинде алып барышат эле. Эми болсо, дүйнөдө Ислам жана мусулмандардын ашынган душманы болгон АКШнын ЦРУ уюмунун ыраазылыгына жетишкени менен сыймыктанышууда! Бул куфр системасынын жаңы стратегиясы эмнени түшүндүрөт?

Куфр дүйнөсү Ислам идеологиясына каршы күрөштө жеңилди. Эми куфр системасы күрөш майданына өзү чыгып келе жатат. Ислам чүмбөтү астында иш алып барган бардык малайлары да өз куфрларын ашкере кыла башташты. Эл аралык саясат Исламий өлкөлөрдүн жетекчилери мусулмандардан коргонуусу үчүн о.э. куфр негизиндеги башкаруу системаларын коргоосу үчүн, жаңы бир жасалма байламта жасап берүүгө аракет кылууда. Аны “муътадил Ислам” (умеренный Ислам) деб атап алышты.

Бул байламта куфр башкаруу системасын Исламдан коргоо негизинде жана ушул максат үчүн пайда кылынды. Алар ойлоп тапкан “муътадилдик” байламтасы, жогорудагы кыянатчы шахзада сыяктуу Исламга каршы иштеген о.э. миллиондогон мусулмандарды кыргын кылган жана миллиондогон мусулмандарды өлкөсүнөн куугунтуктаган куфр жетекчилери менен табакташ болууга мүмкүнчүлүк берет имиш. Ушундай байламтаны Ислам деп аташууда!!!! Муну четке кагып, “жок бул Ислам эмес, ал тургай бир бөлүгү Исламий көрүнүштө болгондо да, бул чыныгы Исламий идеология эмес” деп түшүнгөн мусулмандарды, бул муътадилчилер “алар радикал, террорист жана экстремисттер” деп түшүндүрүп жатышат.

Аллахым, бизди жогорудагы шахзаданын абалына түшүп калуудан Өзүң сактагын! Ал бактысыз шахзада Аллахты эмес, куфрду ыраазы кылуу максаты менен жашап келе жатат. Өкүнүчтүүсү, бул шахзада куфрун ашкере кылып, ушундай абалы менен сыймыктанууда!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here