Атамбаев жумушчу сапар менен Бельгияга учуп кетти

266
0

Атамбаев жумушчу сапар менен Бельгияга учуп кетти

 Президент Алмазбек Атамбаев башчылыгындагы делегация 15-февралда Бельгияга учуп кетти. Делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субанкожоева, президенттин кеңешчиси Калык Султанов жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдер бар. О.э бул делегацияга Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси жана Еврокомиссиядагы туруктуу өкүлү Асеин Исаев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаевдер кошулушат.

Кабарда келишинче, сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Европа Союзунун тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер менен жолугушат.

Андан тышкары, Атамбаев Германияга болгон сапарында “Ачык коом” институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолугушуп, Мюньхен конференциясына катышат о.э. Германия канцлери Ангела Меркел менен да жолугушат.

Мындан бир аз мурда, Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Сапар Исаков президенттин Германия жана Бельгияга сапары учурунда эки каржылык келишимге кол коюлушу күтүлүп жатканын билдирген. Т.а. укуктун үстөмдүгүн камсыздоо программасы боюнча 30 миллион евролук, аймактарды өнүктүрүү боюнча 72 миллион евролук келишимдерге кол коюлушу күтүлүп жатканын билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here