Чавушоглу: Астана жыйнына АКШ сөзсүз катышуусу керек

347
0

Чавушоглу: Астана жыйнына АКШ сөзсүз катышуусу керек

Акыркы кездерде Түркия менен АКШ ортосунда Сирия жана Ирак маселеси боюнча айрым саясий карама-каршылыктар жүз бергендиги массалык маалымат каражаттарында жарыя кылына баштады. АКШнын “YPG” жана “PYD”ди колдоп, курал-жарак бериши, ИШИМге (ИГИЛ) каршы күрөштө коалициялык күчтөр менен АКШ Түркияга жетиштүү даражада жардам бербей жаткандыгы, ошондуктан Инжирлик авиа базасы жабылышы туурасындагы айрым маселелер негизги темага айланды. Бул жаатта Түркия тышкы иштер министри Бинали Йылдырым АКШны ачык эле сындады.

“Бүт дүйнө ИШИМ кайгысында. Алар (АКШ) болсо жалгандан күрөшүп жатышат. Сөздөн башка нерсени билишпейт. Каршы күрөшүп  жаткан бир гана Түркия. АКШ болсо, Түркияда көбүрөөк террор ишке ашырылсын деп “YPG”, “PYD”ге курал-жарак берүүдө. Бул иш достукка туура келбейт. Мында АКШнын жаңы бийлигин айыптабайбыз. Себеби, бул Обама админстрациясынын иши. Жаңы бийлик мындай абалга чек коюшунан үмүттөнөбүз”, – деди Йылдырым.

Башка бир тараптан АКШ менен Россия ортосунда саясий кризисти күчөткөн окуялар жүз берүүдө. Обама админстрациясынын 35 россиялык дипломатты АКШдан депортация кылышы бул кескиндиктин бир көрүнүшү. Жогорудагы карама-каршылыктар Түркиянын Россия менен өтө эле жакындашуусу жана АКШнын Сирия жараянынан алыстоосу катары түшүндүрүлүп жатат. Кудум, Россия, Түркия жана Иран тарабынан уюштурулган үч тараптуу сүйлөшүү столу АКШ үчүн жабык сыяктуу жана ал Сирия жараянынан алыстагандай кылып көрсөтүлүүдө. О.э. Россиянын Сирия маселесин Женевада эмес, Астанада талкуулоону талап кылышы жана бул тууралуу токтом кабыл алынышы бул бул көрүнүштү ого бетер күчөттү.

Бирок, расмий сапар менен Нью-Йоркко барган Түркия тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун билдирүүсү жогорудагы түшүнүктөргө бүтүндөй тескери келди. Чавушоглу Сирия сүйлөшүүлөрү боюнча Астанада өтүүчү жыйында Россия менен бирге АКШ да сөзсүз катышуусу керектигин билдирди.

Чавушоглу журналисттерге берген билдирүүсүндө: “АКШнын Астана сүйлөшүүлөрүнө катышуусу боюнча Россия менен сүйлөшүп алдык. Биз ушул пикирди колдоп-кубаттайбыз т.а. АКШ да Астанада сөзсүз түрдө, Россия менен бир катарда катышуусу зарыл. Бул жерде АКШнын ролун эч ким четке какпашы керек”, – деди.

Россия да колдоп-кубаттаган бул билдирүү, акыркы кездерде Түркия-АКШ ортосунда о.э. Россия-АКШ ортосунда жүз берип жаткан саясий карама-каршылыктардын Сирия маселесине эч кандай тиешеси жоктугун көрсөтүүдө. Астана жолугушуусунда АКШ сөзсүз катышуусу керектиги, Сирия маселесинин көзөмөлү АКШнын колунда экендигин көрсөттү. Россия, Иран жана Түркия болсо бул жараяндын аткаруучулары болуп калууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here