АКШ разведкасы кибер чабуулдарда Путинди айыптады

321
0

АКШ разведкасы кибер чабуулдарда Путинди айыптады

АКШ Улуттук разведкасынын билдиришинче, РФ жетекчилиги 2016-жылдагы Америкадагы шайлоолорго таасир өткөрүү туурасында көрсөтмө берген. Мында ал республикачы Дональд Трамптын талапкердигин колдогон.

“Биздин баа беришибизче, Россия президенти Владимир Путин АКШдагы президенттик шайлоого таасир көрсөтүү үчүн көрсөтмө берген. Россиянын максаты, Америка коомчулугунун АКШдагы демократиялык жараяндарга ишенимин жок кылуу жана мурдагы мамлекеттик катчы Клинтондун аброюн кетирүү, ошону менен анын президенттикке шайланышына тоскоолдук кылуу болгон. Мындан тышкары, Путин жана Россия бийлиги жаӊы шайланган президент Трампты ачык колдоп-кубаттаган”, – деп айтылат ЦРУнун отчётунда.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын октябрь айында эле АКШ разведкасы мамлекеттин шайлоо системасына уюштурулган кибер чабуулдардын артында “россиялык хаккерлер” тургандыгын билдирген эле. Кийинчерээк, ЦРУ демократиялык партиянын серверлерин бузууда Россияны айыптаган эле. Ошол эле учурда АКШ бийлиги Россиянын хаккердик чабуулдарга тиешеси бар экендигин тастыктоочу далилдерди келтирген эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here