Лукашенко сындагандарга жооп берди

385
0

Лукашенко сындагандарга жооп берди

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен биргеликте Минск шаарында курулган мечиттин ачылышына катышты. Мечит кызматкерлери чиновниктерге Куран китебин белекке беришти. Ошол учурда Лукашенко Куранды колуна алып ыраазылык билдирген абалда аны өптү. Дал ушул көрүнүш имиштерге себеп болду. Лукашенко өзүнө карата айтылган сындарга жооп берип, Курани Каримди өпкөндүгүнө түшүндүрмө берди.

Лукашенконун айтымында, ал бардык жарандардын президенти болуп эсептелет. Себеби, мамлекетте миӊдеген мусулмандар жашайт, андан тышкары, президент бардык диндерге урматтоо менен карайт.

Бейшемби күнү Минск шаарындагы маалымат жыйынына катышкан Лукашенко журналисттердин суроолоруна жооп берип:  «Менин артымдан түрдүү негизсиз сындоолор кеӊири жайылган имиш. Мен Куранды колума алып, аны өптүм. Дал ушул көрүнүш айрымдарга жакпаган окшойт. Биз Эрдоган менен мечиттин ачылышына катыштык. Эрдоганга  Куран тартуу кылышты, ал урмат көрсөтүп Куранды өптү. Мен эмне кылышым керек эле? Мен да ал кылган ишти кайталадым», – деди.

 ТАСС маалымат агенттиги Лукашенконун: «Айрым адамдар мени динден кайтты деп күмөн кылып жатса керек т.а. мени «крестти таштап» башка динге өтүп кетти деп жатышкан окшойт. Жок, эч ким менден «крестимди чечип» жиберген жок. Бирок, мен президентмин жана менин өлкөмдө миӊдеген мусулмандар жашайт. Мен бардыгы катары эле алардын да президентимин. Мусулмандар ушул кезге чейин бир да проблема пайда кылган эмес жана алардан бир да жамандык көргөн эмеспиз», – деген сөздөрүн цитата кылып келтирди.

Президенттин билдиришинче, учурда Белорусияда  мусулмандар, православдар, католиктер ортосунда карама-каршылыктар жок, конституция боюнча  расасы жана улутуна карабастан, бардык  дин өкүлдөрү теӊ укуктуу.

Туркистон

Борбор Азия жетекчилери диктаторлукта бири-биринен ашып түшүүдө. Алар бул жолдо пикирлөөнү да бир четке жыйыштырып коюшту. Ал тургай, кафир мамлекеттердин жетекчилери кылбай турган иштерди кылуу менен төмөндүккө кулап бара жатышат.Мындан тышкары, сарай уламаларынан турган бир топ кошоматчылар Шарият өкүмдөрүн өкмөттүн мыйзамына ылайыкташтырууга батынып жатышат.

Уго Чавес деген адам көптөгөн жылдар Венесуела мамлекетин башкарды  жана  калкынын колдоосуна ээ болуп жашады. Ал Исламдан алыс болгон, Шарият өкүмүнө амал кылбаган бир атеист адам болчу. Бирок, ал жарандарды кандай башкаруу керектигин тереӊ түшүнүп жеткен эле.  Жарандарынын дартына шерик болуп, жакшы-жаман күндөрдө алар менен бирге болгондугу себептүү калк ага катуу байланып калган эле. Ал өлгөндө мамлекет калкы тереӊ кайгыга батты.  Акыйкатта болсо, ал бир кайрыдин адам эле.

Ал эми өкүнүчтүүсү, Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери кыска ойлуулугу менен калктын ыраазылыгына эмес, жек көрүүсүнө дуушар болуп жатышат. Алар ушучалык кыска ойлуу адамдар болгондуктан, ал тургай, айла-амал иштетип болсо да, мамлекетти башкарууну билишпейт.

Жок эле дегенде Эрдоганга окшоп жалгандан көз жаш төгүп, элге жага турган сөздөрдү сүйлөөнү да билишпейт. Алар мансаптарына тиш-тырмагы менен жабышып алышып, бул жашоодо түбөлүк кала тургандай жүрүшөт.  Акыйкатта болсо,  Шайтан аларга жакшы келечекти убада кылуу менен алдап коюуда.

Аллах Таала айтат:

لَهُمْ قُلُوبٌ لَا يَفْقَهُونَ بِهَا وَلَهُمْ أَعْيُنٌ لَا يُبْصِرُونَ بِهَا وَلَهُمْ آذَانٌ لَا يَسْمَعُونَ بِهَا أُوْلَئِكَ كَالْأَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ أُوْلَئِكَ هُمْ الْغَافِلُونَ

“Алардын дилдери бар го аӊдап-сезе алышпайт, көздөрү бар го көрө алышпайт, кулактары бар го уга алышпайт. Алар кудум үй айбандары сыяктуу, жок, алар (акылсыздык, түшүнбөстүк жагынан) үй айбандарынан да төмөн. Дал ошолор акыйкаттан бейкапар калган кимселер. (7:179)

 Жогорудагы Белорусия жетекчисинин иш-аракеттеринен ар кандай адам таасирлениши анык.   Лукашенко мусулман эмес, а бирок ошондой болсо да, бир гана аракети менен элдин алдында аброюн көтөрө алат.  Мындан үч жыл мурда ал Белорусия парламентинде сөз сүйлөп,  Жакынкы Чыгыштагы согуш тууралуу пикирин билдирген эле.

Ошондо Лукашенко: “Азыр кээ бир мамлекеттер өз кубатынан пайдаланган абалда мусулман өлкөлөргө бастырып киришүүдө. Бул болсо, натыйжасы өтө жаман болгон өкүнүчтүү абал. Анткени баса белгилей кетүүчү нерсе, мусулмандар табиятынан кызуу кандуу жана ар-намыстуу адамдар. Эгерде алардын доору келсе, өздөрүнө зулум кылган жана акысын тебелеп-тепсеген бир да адамды жазасыз калтырышпайт”, – деген эле.

Мунаввара.

Хизб ут-Тахрирдин басма сөз бөлүмү аялдар жаатынын мүчөсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here