Казакстан менен Өзбекстан БУУнун Крым боюнча резолюциясына каршы добуш берди

279
0

Казакстан менен Өзбекстан БУУнун Крым боюнча резолюциясына каршы добуш берди, Кыргызстан менен Тажикстан бейтарап калды

 БУУнун Башкы Ассамблеясы Крымда адам укуктары жаатындагы абалды каралаган о.э. Россияны Крымга эл аралык байкоочуларды киргизүүгө чакырган резолюцияны кабыл алды. 73 мамлекет бул документти жактаган добуш берди. 23 мамлекет, ошону менен бирге, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Иран резолюцияга каршы добуш беришип, дагы 76 мамлекет бейтарап калды. Бейтарап калган мамлекеттердин арасында Кыргызстан менен Тажикстан бар.

О.э.  бул резолюция, Россия соту 2016-жыл, 26-апрелде кабыл алган “Крым татар элдик мажлиси” уюмун экстремисттик уюм деп таануу туурасындагы чечимди тез арада жокко чыгарууну талап кылат.

Эскерте кетсек, Крым 2014-жылдын март айындагы референдумдан кийин Россиянын курамына кошулган. БУУнун Башкы Ассамблеясы ошондо Крымдагы референдумду мыйзамсыз деп тааныган резолюция кабыл алып, бардык мамлекеттер менен эл аралык уюмдарды Крым жарым аралынын Россияга көз карандылыгын тааныбастыкка чакырган.

 Булак: “Фергана” эл аралык маалымат агенттиги

Туркистон: 

Хизб ут-Тахрир бир катар табанний кылган китептеринде: “Эл аралык мыйзамдар болушу мүмкүн эмес. Болгону, эл аралык келишилген коида (эл аралык укук  нормалары) жана эл аралык урфтар болушу мүмкүн”,- дейт.(Саясий караштар, Саясий пикирлер, Саясат жана эл аралык саясат).

Жогоруда, БУУ Россияга каршы резолюция кабыл алды. Бирок, БУУга мүчө болгон 193 мамлекет чогулган күндө да, бул токтомду ишке ашырууга Россияны мажбурлай алышпайт. Бул токтомго амал кылышы үчүн Россияга АКШ гана өзүнө караштуу бир нече мамлекеттер менен биргеликте басым өткөрө алат. Демек, эл аралык уюмдар, ошону менен бир катарда БУУ да, өзүнө мүчө болгон мамлекеттердин ичиндеги кубаттуу мамлекеттин кубатына таянууга мажбур болушат. Бул болсо, өз кезегинде аны ошол мамлекетке көз каранды кылып, жалаӊ гана ошол мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктарына кызмат кыла турган кылып коёт.

Ошондуктан, Хизб ут-Тахрир китептеринде: “Эл аралык мыйзамдар киччинекей жана алсыз мамлекеттер тарабынан бузулса, аларды жогорудагы сыяктуу резолюцияларга, же эл аралык соттун өкүмдөрүнө жетекчи же башка кубаттуу мамлекеттер мажбурлап моюн сундурушат. Бирок, жетекчи жана башка ири мамлекеттер тарабынан эл аралык мыйзамдар бузулса, аларга өкүмдү ким аткарат?” – деген мааниде суроо салат.

Жогорудагы БУУнун Россияга каршы резолюциясы, Россиянын эл аралык саясаттагы аброюу төмөндөп бара жаткандыгын билдирет. Эми АКШ Россияны ушул резолюцияга моюн сундуруу менен ага азыркы эл аралык саясаттагы чыныгы ордун көрсөтүп коёт.

БУУнун ассамблеясында Россияны колдоп добуш берген Казакстан жана Өзбекстан маселесине келсек, алардын берген добушу уюмдун чечимине таасирин тийгизбейт. Бирок, алардын Россия тарапта турушу, алардын Россияда бир катар кызыкчылыктары бар экендигин о.э. алар Россиядан кооптоно тургандыгын билдирет. Өзбекстандын Россия менен экономикалык алакалары бар. Мындан тышкары, мигрантар маселеси, газ, нефть ж.б.у.с…. О.э. күтүлүп жаткан шайлоодо режимди сактап калуу үчүн өзбек элитасына Россиянын жакшы мамилеси өтө маанилүү.

Казакстан болсо, Россиянын сакафий колониясынан чыга албай жаткан мамлекет. Ал Украинадагы окуядан кийин бир аз тынчсыздануу менен жашап жатат. Мындан тышкары, акыркы кездерде Назарбаевдин режими да бир аз солкулдай баштады. Бул фитнакечтик стратегиясында орустардын таасири күчтүү. Ошондуктан, Казакстан да Россия тарапта турууга мажбур болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here