Булуңу мамлекеттери бюджеттериндеги дефицити: өзүн өлүмгө таштоо

329
0
A Saudi money changer counts U.S banknotes at a currency exchange shop in Riyadh, Saudi Arabia September 29, 2016. REUTERS/Faisal Al Nasser

Булуңу мамлекеттери бюджеттериндеги дефицити: өзүн өлүмгө таштоо

2016-жылы 9-сентябрь дүйшөмбү күнү Саудия мамлекети 2016-жыл үчүн жаңы бюджет жарыялады. Ага ылайык, ушул жылы киреше көлөмү 513 миллиард риялга, чыгымдар болсо 840 миллиард риялга жетиши болжолдонууда. Бул сандар менен жаңы жылдагы бюджет дефицити 327 миллиард риял (87 миллиард доллар)га жетиши мүмкүн. Бул эсеп карол Салман ибн Абдулазиз башчылыгында өткөргөн министрлер кеңеши жыйынында келтирилди. Карол мындай боюджет бүткүл дүйнө нефть баасынын түшүп кетиши жана ушуга окшогон экономикалык көйгөйлөр болуп жаткандыгына байлады.

Инвестицияга байланыштуу «Камко» эсебине ылайык, «Перс Булуңу мамлекеттеринен келерки жылдагы бюджет дефицити 153 миллиард доллардан ашат жана бул 2015-жылкы 119-миллиард доллардан ашып кеткен». Саудия болсо Бириккен Эмираттар, Кувейт, Омман, Бахрейн жана Катар о.э Кызматташтык Кеңеши мамлекеттериндеги дефициттин 57%ын ээлейт.

Дүйнө нефтисинин эң чоң булагы болгон Саудия мамлекети өткөн жылы рекорд дефицит койгон жана бул 98 миллиард долларга жеткен. Ал ушул дефицитти ички жана тышкы карыз аркылуу жабууга үмүт кылууда. Бул менен нефть иштеп чыгаруучу эң ири мамлекет болгон Саудия карыздар мамлекеттер клубуна анын кең дарбазаларынан кирип барган болот. Бирок бул мамлекет Америка, Канада жана Европадагы «суверен инвестициялардан» 1000 миллиард долларына ээлик кылат.

Шек-күмөнсүз, нефть наркынын кескин төмөндөп, 2015-жыл аралыгында 40 доллардан түшүп кетиши, нефть экспортунан алына турган кирешенин кескин төмөндөшүнө алып келди. Мунун үстүнө, Саудия жана Перс Булуңу мамлекеттери катышып жаткан Йемен жана Сирия согушу чыгымдары да каражаттардын абдан көп сарпталышына алып келди.

Бирок чындык ушундай, Саудия менен Кызматташтык Кеңеши мамлекеттери, өзгөчө, АКШга жана бүткүл Батышка жардам кылышкан. Бул алардын бюджеттери дефицити 21%дан ашып кетишине алып келди. Муну төмөндөгүчө жыйынтыктоого болот:

  • Саудия АКШ жана Британиянын нефть наркын төмөндөтүү саясатына көнүп итаат кылды жана өзү менен Перс Булуңу мамлекеттерин да тартты. Нефть наркын төмөндөтүү саясатынан максат болсо, Америка менен Британия саясаттары пайдасына, өзгөчө Россия жана ири уюмдар менен сланец тармагындагы күрөштөр саясаттарын ишке ашырууга кызмат кылат. Бирок Саудия жана Перс Булуңу мамлекеттери Американын Россия жана башка мамлекеттер каршысындагы саясатында ушактарга да ээ болушпады. Б.а, Саудия нефтисинин наркы төмөндөшү зыяндарынан биз алыспыз, деп доомат кылыштан чарчашкан жок. Лекин анын бюджетиндеги дефицит бул кептердин жалгандыгын ачып шерменде кылууда… Б.а, ооруну жашырган менен өлүм ашкере кылууда.
  • Саудия Америкага тизе бүгүп, анын Йемен жана Сириядагы кыргындык саясатына тартылды. Америка өзү пайда көрүп, кызматташы зыянга учуроочу согушка б.а Йемен согушуна Саудияны тартты. Саудия болсо качан жана кантип бүтүшүн билбеген согушка аралашып алды. Анткени анын колунда чечим ачкычтарынын бирери да жок. Жаман согуштун бардык ачкычтары америкалыктар менен англичандар колунда. Саудия болсо, мейли түздөн-түз согушка болсун, мейил малайларды сатып алышка болсун акча сапыруудан башка эч нерсе кылган жок. Сирия согушунда да ушул абал. Демек, Саудия Сирия согушунун күйүүчү майын финансылоодо да, мындан келип чыгуучу үлкөн сарп-каражаттарда да баткакка баткан. Ушунча ишти кылганы менен чечим ачкычтарынын бирерине ээ болбой жатат. Ал же согушту токтото албайт, же уланта албайт, же Башар Асадды сактап кала албайт, же аны кетире албайт.. Бириккен Эмираттар да, Катар да ушул акыбалга түшкөн. Бул эки мамлекет да Саудия сыяктуу өздөрү жебеген самсага акча төлөө менен бюджет дефицитинен жапа чегишүүдө.
  • 1973-жылда биринчи жолу нефть наркынын жогорулоосу күзөтүлгөн. Ошондон бери Саудия, Бириккен Эмираттар, Катар, Бахрейн бардыгы абдан жакшы түшүнүшөт. Нефть анын запасы жана андан алына турган заттардын экспортуна дайым таянып калуу, алсыз оорулу кишинин саясаты, ал жер астындагы нерседен өзүнүн жеке күч-кудуретин өстүрүүдө пайдалануу ордуна, ага акча сарптай берет, сарптай берет… Анткени Перс Булуңу мамлекеттери, бирери да, өнөр-жайга жана өнөр-жай продукцияларын иштеп чыгарууга таянган экономика жаратышпады. Эгер ушундай кылса накта нефтиден алына турган пайдадан да эселеп пайда көрмөк. Ошон үчүн Европа мамлекеттери ичинде Испания сыяктуу эң алсыз мамлекет экономикасы да, бүткүл Перс Булуңу мамлекеттери экономикасынан жогору, деген кептерге эч кандай таң калуунун кереги жок. Чындыгында, өткөн ондогон жылдар аралыгында нефть иштеп чыгууда да, андан пайда алышта да, инвестиция салууда да Батыш дүйнөсү экономикалары ичинде эң ири мамлекет болуп келген мамлекет Саудия болду. Мына ушундай бир мамлекет, нефть сатууну кеңейте берүү ордуна о.э базарларды кара алтынга батырып салуу ордуна, өнөр-жай жана иштеп чыгарууга таянган пландалган экономика жаратууга инвестиция жаткыруусу абзел эле. Аны өнөр-жайы жолго салынган мамлекеттер сабына кошушу мүмкүн болгон өндүрүштөрдү пайда кылышы жакшы эле. Мисал келтире турган болсок, Саудия 2014-2015-жылдар аралыгында Япония, АКШ, Корея жана Европадан автомобилдерди импорт кылыш жана сатып алуу үчүн 180 миллиард риял (60 миллард доллар) короткон. Эми, ар бир акылы жайында болгон калыс адам ушул каражаттын өзүн өткөн ондогон жылдардагы короткон каражаттары менен салыштыра турган болсо, ушуну түшүнүп алат. Бул мамлекет эгер жалпы короткон каражаттарынын 1%нан да аз акча-каражатын өнүккөн оор өнөр-жайына сарптаганда эле, акчасы жетмек, балким үлкөн пайдаларды көргөн болоор эле. Мына Кореяны карагыла, туруктуу нефть доходуна ээ болбосо да, автомобилдерди экспорт кылуучу мамлекеттер клубуна кире алды го?!
  • Эми, Булуң мамлекеттери жана Саудиядагы карол башчылардын үй-бүлөлөрүнүн эс тандырган жана бейпайда эле сарптоолоруна келсек, бул чыдап тура турган абалда эмес. Маселен, Саудия каролу 1000 даана кызматкерлери коштоосунда Францияга кылган өзүнүн белгилүү дем алуу сапарында 10 миллиард риял сарптаган. Мындай сапырууларда Булуң мамлекеттери амирлери да андан кем калышпайт.

Эл аралык валюта фонду да, ичикаралык кылышта башкалардан кем калышпайт. Ал Булуң мамлекеттерин үнөмдөө иш-чараларын колдоо менен абдан көп иштерге, айрыкча, мамлекеттин финансылык дефицитке каршы күрөшүндө салыкты көбөйтүүгө үндөп турат.

Биз мусулмандардын абдан көп байлыктарын шамалдай сапырылып кетип жаткандыгына абдан капабыз жана кечиресиңер «бул – өзүн өлүмгө ташоо», дешке мажбурбуз.

Доктор Мухаммад Малкавий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here