ЭНЕРГЕТИКА КИМДИН КОЛУНДА (КОММ-СИЗ)

382
0

Кыргызстандын өнүгүшү үчүн негизи базис болуп энергетика эсептелет,- деп билдирди Россиянын энергетика жана отун боюнча мурдагы министри Анатолий Дьяков. Кыргызстандын энергетика,өнөр жай министрлигинин жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагер энергетиктери менен болгон жолугушууда россиянын экс -министри Кыргызстандын энергетика мекемесине евроазиялык байланышты жандандырууну сунуштады. Ал учурдагы кыргыз энергетикасынын кыйын абалына токтолуп, тариф маселесине пикирин билдирди. Мисалы, өз керектөөчүлөрдөн да жаныңардагы казак туугандарыңарга төмөнкү баада сатылып жатканы өзгөчө көрүнүш,- дейт Дьяков. Экс-министрдин пикиринде Кыргызстан ички системаны түзө турган байланышты өнүктүрүүсү зарыл. «Буга умтулуу бар, күн тартибине коюлган маселе сөзсүз чечилет»,- деп билдирет россиялык окумуштуу, экс-министр Анатолий Дьяков.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here