Москвадагы өрттөн 17 кыргызстандык каза болду
“Албетте, баарыбыз Аллахтыкыбыз, жана албетте, баарыбыз Ал затка кайтуучуларбыз” [2:156]
27-август күнү Москванын түндүк-чыгышында жайгашкан Алтуфьевский шоссесиндеги басмаканадагы өрттөн 17 адам каза болуп, дагы үч адам түрдүү деңгээлде жараат алган.
РФнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиришинче, өрттө каза болгондордун бардыгы кыргызстандык мигранттар болгон.
Өрттү өчүрүү учурунда куткаруучулар 16 адамдын жансыз денесин табышкан. Каза болгондордун арасында 16 жаштагы кыз да болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун бардыгы кыз-келиндер экендиги айтылууда.
Туркистон:
Биз, Туркистон сайтынын кызматкерлеринин жана Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир уюмунун атынан, курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. О.э. курман болгон мекендештерибиздин акыретин абат кылып, аларга бейиштен орун беришин Аллах Тааладан сурап калабыз.