Женевада Сирия кризиси боюнча АКШ-Россия сүйлөшүүсү башталды
Женеванын “Президент Уилсон” мейманканасында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри ортосундагы сүйлөшүүлөр башталды. Сүйлөшүүлөрдөгү башкы тема, Сириядагы согушкерлерге каршы күрөштө Россия-АКШ аракеттерин ылайыкташтыруу.
Бул жолугушууда бирер жыйынтыктоочу документ кабыл алынуусу, же кабыл алынбастыгы азырынча белгисиз. Буга чейин эки мамлекеттин дипломаттары жана аскерий эксперттери ушул маселени бир нече жолу талкуулашкан эле. Күн тартибинин Сирия маселеси Халаб шаарына тиешелүү гуманитардык маселени, ок атууну убактылуу токтотуу жана саясий жараяндарды баштоо маселесин камтыйт. Мындан тышкары, Түркиянын Сирия менен чегарасындагы согуштук операциясы да талкууланышы мүмкүн.
Лавров менен Керри Украинадагы кырдаал тууралуу о.э. эки тараптуу алкаларга тиешелүү башка маселелер боюнча да пикир алмашат.