Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар “Facebook”тагы расмий баракчасында төмөнкү билдирүүнү жарыя кылды.
Түркстандык мигранттарды ким камакка алууда?
Россия жана Борбор Азиядагы ырайымсыз диктаторлордун зулумунан качып, Түркиядан баш баанек тапкан түркстандык (өзбек, казак, тажик, кыргыз жана чечен) мигрант ага-ини жана эже-карындаштарыбызга каршы Стамбул жана башка шаарларда коопсуздук күчтөрү камакка алуу иштерин жүргүзүп жатат. Көпчүлүгү өзбектерден турган 50дөй үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү камакка алынгандыгы тууралуу маалымат алдык. Өкүнүчттүүсү, бир да маалымат агенттиги бул тууралуу кабар таркатпады. Бул маселе боюнча расмий эмес жолдор менен коомчулукка жетип келген кабарларга ылайык, мигрант боордошторубузду коопсуздук бөлүмүндөгү Фетхуллачылар т.а. Гүлен жамаатына караштуу полициячылар камакка алышкан имиш.
15-июль күнү мусулмандардын туйгулары жана ишенимдүүлүгү жардамында Ислам душмандарынын кооп-коркунучу жокк чыгарылды. Расмий булактар тарабынан мамлекеттик төңкөрүшкө аракет кылгандар Гүленчилер экендиги жарыя кылынды. Мунун артынан Түркия куралдуу күчтөрү, улуттук коопсуздук жана сот системасында иштеп келген миңдеген Гүленчилер камакка алынышты же кызматтан бошотулду.
Ушунча иштен кийин да мигрант боордошторубузду камакка алуу операциясы Гүленчи полициячылар тарабынан ишке ашырылды деген сөзгө кандай комментарий берүүгө болот?! Куралдар, танктар жана аскерий самолётко ээ болгон жырткыч хунтачыларды жок кылган Түркия бир нече полициячынын 50 мигрант үй-бүлөнү камакка алышына тоскоолдук кыла албайбы?! Бирер даражасы болбогон бир нече полициячы бир эле убакта 50 үй-бүлөгө карата операцияларды өткөрүшү мүмкүнбү?! Бул сөзгө мусулмандарды кантип ишендиресиңер?!
Белгилүү болгондой, президент Эрдоган расмий сапар менен Россияга барды. Эрдогандын Россияга сапарынын алдында Борбор Азиялык мигрант боордошторубузга карата камакка алуу операциясын өткөрүү жаңылык эмес. Буга чейин да Россияны ыраазы кылуу үчүн кудум ушундай иштер кылынгандыгын билебиз. Орус агенттер Түркиядагы чечен жана өзбек мигранттардын өмүрүнө кол салганын да билебиз. О.э. Россиянын Сириядагы мусулмандарды жырткычтык менен өлтүрүп жатканына да күбө болуп турабыз.
Ошондуктан, мен Түркия расмийлери жана бардык коомчулук төмөнкүнү билип коюшун каалаймын: Силер Россия жана анын кызматчысы болгон Борбор Азиядагы диктатор жетекчилерди бул операциялар менен эч качан ыраазы кыла албайсыңар. Себеби, алар Ислам жана мусулмандарга душмандык кылууда чегара билишпейт. Алардын мусулмандарга карата душмандыгын эч качан жеңилдете албайсыңар. Алар мусулмандарга зулум кылганы үчүн мусулман боордошторубуз мигрант катары биз тараптарга келишти. Мындан кийин да аларды Түркияда тынч коюшпайт. Түркия мамлекети Россиянын басымына моюн сунуп, мигрант боордошторубузду залимдерге тапшырып жибереби? Муну менен балким Россиянын ыраазылыгына жетишүүсү мүмкүн. Бирок, Аллахтын каары жөнүндө да ойлонуп көргүлө!
Мамлекет расмийлерине кайрылып айтарым: Мындай катадан Аллахтан баанек сурагыла, мындай зулумдан алыс болгула! Аллах үчүн мусулман боордошторубузду коргогула. Аларга зулум кылбагыла жана аларды залимдерге тапшырбагыла. Анткени алар Түркияга хижрат кылып келишти, аларга Ансордук кылгыла.
Расулуллах с.а.в.:
«اَلْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ لا يَظْلِمُهُ وَلا يَخْذُلُهُ وَلا يَحْقِرُهُ»
«Мусулман мусулмандын боордошу. Ага зулум кылбайт, аны жардамсыз таштап койбойт жана кемсинтпейт», — деген. (Бухарий жана Муслим риваяты).
Махмуд Кар. Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси