АКЫЙКАТ КЕРЕКПИ, ОЛУТТУУСУҢБУ? (2)

361
0

بسم الله الرحمن الرحيم

АКЫЙКАТ КЕРЕКПИ, ОЛУТТУУСУҢБУ? (2)

Биринчи акыйкат Аллах Тааланын бар экендиги. Ал бүт ааламдын ээси болуп, акылды негиз кылуу шарты менен, ага ээлик кылууда эч ким Ал Заттан талашпайт же шериктикти дааба кыла албайт, тескерисинче бул акыйкатты моюнга алат жана ага ишенет. Себеби, анын далили өзүндө камтылган болуп, ар бир акылы бар адам аны“акыл көзү” менен көрүп турат. А бирок, аны четке каккан акмактар тарыхта болгону сыяктуу эле, бүгүнкү күндө да бар. Муну мындай түшүнөбүз: Сиз ээлик кылып жаткан үйдү башка бирөө талашуусу мүмкүн. Качан гана үй сизге таандык экендигине хужжат (далил) келтирсеңиз, ошондо аны талашкан адам өзүнүн акмакчылык кылганын моюнга алат, жок эле дегенде курулай талашуудан тыйылат. Ушул сыяктуу эле ааламдын ээсин тан албастан, өздөрү башка нерсени (м:бут-санамдарды) кудай кылып алгандар кандай гана акмактар экенин, алар бир чымынды да жарата албастыгын, ал тургай чымын алардан тартып алган нерсени да сактап кала албастыгын т.а. алардын даабалари акмактык экенин аклий далил менен Аллах Таала баян кылган:

يَاأَيُّهَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا

 وَلَوْ اجْتَمَعُوا لَهُ وَإِنْ يَسْلُبْهُمْ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنقِذُوهُ مِنْهُ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ

“Эй адамдар, бир мисал келтирилди. Эми ошого кулак салгыла: “Силердин Аллахтан башкага сыйынгандарыңардын баары жыйналып келсе, бир чымынды да жарата албайт. Эгер чымын алардын бир нерсесин тартып алса, андан аны куткарып да кала алышпайт. Анткени кубалаган да кууган да алсыз”. [22:73]

Же кудайлыкты дааба кылган падыша Намруд Иброхим алайхис-саламга: «Сен бизди даъват кылып жаткан Роббиң кандай зат?» — дегенде, Иброхим пайгамбар: «Роббим өз пенделерине жан берип, жан алуучу», — деп жооп берди. Ошондо Намруд: «Бул нерсе менин да колумдан келет», — деп эки кишини келтирди да, бирин өлтүрүп, дагы бирин бошотуп жиберди. Иброхим алайхис салам анын акмактыгын көргөн соң: «Менин Роббим күндү чыгыштан чыгарат. Эгерде сен чындап эле кудуреттүү болсоң, аны батыштан чыгарчы?!» — деди. Мына ошондо гана Намруд жооп таба албай калды т.а. Аллах Тааланын  “хужжаты” болгон жер планетасынын айланышын өзгөртүүнү талап кылып, анын даабасы акмактык экендигин далилдеп берген:

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِي حَاجَّ إِبْرَاهِيمَ فِي رَبِّهِ أَنْ آتَاهُ اللَّهُ الْمُلْكَ إِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّي الَّذِي يُحْيِي وَيُمِيتُ قَالَ أَنَا أُحْيِي وَأُمِيتُ قَالَ إِبْرَاهِيمُ فَإِنَّ اللَّهَ يَأْتِي بِالشَّمْسِ مِنْ الْمَشْرِقِ فَأْتِ بِهَا مِنْ الْمَغْرِبِ فَبُهِتَ الَّذِي كَفَرَ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

“Аллах падышалык бергенден оолугуп Иброхим менен Роббиси жөнүндө талашкан кимсенин (Намруддун) абал-кабарын билбедиңби? Ошондо Иброхим: «Роббим тирилтип, өлтүрө турган Зат», — дегенде, ал: «Мен (да) тирилтемин жана өлтүрөмүн»,-  деди. Иброхим: «Албетте, Аллах күндү Чыгыштан чыгарат. Сен аны Батыштан чыгарчы?» — деди. Ошондо бул каапыр сөз таба албай калды. Аллах залим кимселерди хидаят кылбайт”. [2:258]

Жаратуучуну ашкере же тымызын тан алып, Ал Зат жөнүндө же аалам жөнүндө оюна келген сөздөрдү айтуу да акылдуу адамга туура келбейт. Демек, жогорудагы шартыбызга ылайык, булар тууралуу да акыйкаттарды билмекчи болсок т.а. Жаратуучубуз болгон Аллах Тааланын бизди жана ааламды жаратуудан максаты эмне? Кандай жашашыбыз керек жана өлкөбүздө кандай башкарсак туура болот? – деген сыяктуу суроолорго акылыбыз жооп бере албайт. Себеби, Аллах Тааланы акыл негизинде тапкан болсок да, анын бар экендигине шек-күмөнсүз ишенсек да, анын “Затын” сезбегендиктен, Ал Зат жөнүндө эч кандай пикир билдире албайбыз. Демек, хужжатсыз эле Ал Зат “саясатка аралашпайт” же “бизди жаратып, айбанаттар же канатуулар сыяктуу өз абалыбызга таштап койгон” деген сөздөр кыялкечтик,  же болбосо тоту куш же маймыл сыяктуу башкаларды тууроо болуп эсептелет. Бул экинчи бир акыйкат болуп, мунун уландысын кийинки талкууда улантабыз.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here