Тажикстанда 14 имамга кылмыш иши козголду

306
0

Тажикстанда 14 имамга кылмыш иши козголду

 Өзүн “улут көсөмү” деп жарыя кылган о.э. референдум аркылуу өмүр бою президенттикте калууну кепилдеп алган Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп  жаткан күрөшүндө күн өткөн сайын чектен чыгып бара жатат. Коомдон исламий көрүнүштөрдү жок кылууга каратылган күрөштүн натыйжасында бүгүнкү күндө эркектерге ак топу кийип, сакал коюуга, аялдардын болсо коомдук жайларда шаръий талапка ылайык хижаб менен жүрүүгө мүмкүн болбой калды. 18 жашка чыга элек жаштардын мечиттерге киргишине, 40 жашка чыга элек адамдардын ажылыкка барышына тыюу салынды.  Ислам динине карата душмандыгын көрсөтүп жаткан Эмомали Рахмон ушучалык даражага жетип барды дейсиӊ, өзү демократияга негизделген болсо да аталышында Ислам сөзү бар болгону үчүн “Ислам кайра жаралуу партиясын” да террористтик уюмдардын катарына кошуп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Бул партиянын мүчөлөрүн жана тарапкерлерин болсо куугунтуктап, ар түрдүү жалаалар менен камакка таштады.

 Муну менен эле чектелбеген Рахмон адамдарды исламий пикир жана туйгулар менен тарбиялашы мүмкүн болгон имамдарга каршы күрөштү баштап жиберди.

Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы дин иштери жана улуттук каада-салттар, ырасымдарды тартипке салуу комитетинин жетекчиси Хусайн Шокиров 12-июлдагы маалымат жыйынында Тажикстандын күч түзүмдөрү 14 имам-хатибдин үстүнөн кылмыш ишин козгогондугун билдирди.

 Анын айтымында, кармалган 14 имамдын экөө гана учурдагы имамдар болсо, калгандары мурда эле имамдыктан бошотулган же жакында эле болгон аттестациядан өтө албай калган имамдар.

 Бул күрөш тажик өкмөтү имамдарга каршы баштаган күрөштүн алгачкысы эмес. Бул 14 имамга кылмыш иши козголушунан мурун да т.а. үстүбүздөгү жылдын март айында 6 имам диний экстремисттик уюмдарга байланышы бар деген күмөн менен камакка алынган болсо, май айында 5 мечит имамы кудум ушундай эле айыптоолор менен камакка алынган болчу. Июнда болсо Согди областынын Бобожон Гофуров районундагы 7 имам-хатиб “Мусулман агайындар” жамаатына байланышы бар деген айып менен айыпталып 3жылдан 3,5 жылга чейин эркинен ажыратылышты.

 Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон Ислам нурун өчүрүү максатында мусулмандарга, айрыкча диний уламаларга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн мына ушундай жолдор менен улантууда. Өкмөт мусулмандарга исламий пикирлерди берип жаткан, адамдардын адал жана арамды ажыратып алышына жол көрсөтүүчү имамдарды жок кылуу менен өсүп келе жаткан жаш муунду өзү каалаган жолго ээрчип кетүүчү манкурттарга айландырууну көздөп жатат. Эмомали Рахмон да кошуна мамлекеттердин башчылары сыяктуу эле, өзүнө берилген бийлик жана кубаттан сыймыктанган абалда Ислам динине каршы күрөшүп, натыйжада зыян көрүүчүлөрдөн болуп калышын эсинен чыгарып жатат.

(Эй Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам),Сен эч качан: “Аллах залим кимселердин кылып жаткан иштеринен бейкапар”, – деп ойлобогун! Бар болгоун Аллах аларды (н жазаларын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (коркунучтуу Кыямат) Күнүнө калтырууда”  (14:42).

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here