Кыргызстан президентинин Ислам жана мусулмандарга болгон көз карашы өзгөрдүбү?

291
0

ШКУнун Ташкенттеги саммитинен кийин Кыргызстан президентинин  Ислам жана мусулмандарга болгон көз карашы өзгөрдүбү?

Ташкентте өткөн ШКУнун кезектеги саммитинде Атамбаев менен Каримов бир нече саатка созулган жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушуу күн тартибине киргизилбегени жана жабык эшиктер артында уюштурулганы айтылууда. Каримов Атамбаевге эмнелерди сунуштады, жолугушуудан кандай максаттар көздөлгөн болушу мүмкүн, кандай басымдар болду? Төмөндө ушулар тууралуу сөз кылабыз.

Акыркы жылдарда эл аралык саясатта бир топ өзгөрүүлөр болуп жатат. Россия жетекчиликке умтулуп жаткан мамлекет болуп эсептелбей калды. Ал тургай, ири жана кудуреттүү мамлекеттер катарынан түшүп, агрардык жана сыярьё базасы болгон мамлекетке айланып барууда. Бул болсо, эл аралык гео саясатта анын колониясы болгон мамлекеттерди кайрадан бөлүштүрүү жараянына алып барат.

Эл аралык саясаттагы өзгөрүүлөрдүн Орто  Азия мамлекеттери арасында регион лидерлигин талашып келе жаткан Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы атаандаштыкка да таасири болду.

Казакстан жасалма экономикалык өнүгүү жолу менен жарандарынын жашоо деӊгээлин көтөрүп жиберген эле. Ал Батыш дүйнөсүнүн ипотекалык кредит берүүчү компанияларына эшигин кеӊири ачып берди. Алар казак улутуна өтө көп өлчөмдөгү кредиттерди таркатып жиберишти. Ипотекалык кредиттин башкалардан айырмасы, ал жаӊы курулуштар үчүн жана кыймылсыз же кыймылдуу мүлктөрдү сатып алуу үчүн берилет. Мамлекетти бутка тургузуп жибериши мүмкүн болгон (оор жана жеңил өнөржай) тармактарына каражат бериши мүмкүн эмес. Бул кредиттер Казакстан өкмөтүнүн кепилдиги астында берилгендиктен, Казакстан жарандары да, мамлекети да кредиттердин көп бөлүгүн төлөй албастан кризистик абалга кептелип калышты. Аныгыраагы, Батыш дүйнөсү Казакстанды атайылап ушул абалга алып келди.

ШКУнун саммитинен кийин Каримовдун бийлеп жибериши да Казакстандын алсырап бара жатканына байланыштуу. Каримов өз жарандарын жакырчылык чегинде кармап келет. Бул үчүн алгач диний адамдарды шылтоолоп, мамлекетте күчтүү диктатордук режим орнотуп алган эле. ШКУга мүчө мамлекеттердин дээрлик бардыгы Каримовдун ыкмасын макулдоого мажбур боло башташты. Алар да кудум Өзбекстан сыяктуу авторитардык режим орнотуп алуу үчүн эл аралык терроризм ызы-чуусунан пайдалануу керектигине келишишти. Бирок, алардын проблемалары көбүрөөк. Т.а. Батыш сакафатынын жарандарга таасири күчөп кеткен. Мамлекеттин мүлктөрү менчиктештирилип болгон. Батыш дүйнөсү менен адам укуктары боюнча бир катар келишимдерге кол коюлуп калган. Эӊ негизгиси, жарандарынын жашоо деӊгээли көзөмөлдөн чыгып кеткен т.а. жарандардын кээ бирлери байып, кээ бирлери жакыр болуп кеткен.

Мындан тышкары, Казакстан акыркы убакта Россиядан алыстап барууда. Ал Батыш дүйнөсү менен кыматташтыкты күчөтүүгө мажбур болуп, мамлекеттеги башаламан абалдардан кутулуу жолдорун издеп жатат. Бул абал Каримовго аябай ыӊгайлуу болду. ШКУ мамлекеттери Өзбекстанды Орто Азиянын лидери катары таанышты.

Каримов лидерликтеги ишти биринчи Атамбаевден баштады. Ал Атамбевге Кыргызстандагы диний абалдан кабатырда экендигин билдирди. Атамбаев да бул абалдан курсант эместигин, болгону бул абалды өзгөртүү үчүн ага көп каражат керек болушун билдирди. ШКУнун террорго каршы комитети Ташкентте жайгашкандыктан о.э. Каримовдун Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыгы күчтүү болгондуктан, жаӊы түрмөлөрдү куруу үчүн жана башка чыгымдар үчүн Кыргызстанга жардам берүүнү убада кылды. Атамбаев Ташкенттен түсү бузулуп кайтты.

Президент мусулман жарандарга басым өткөрүүгө убада берип келди. Орозо айтты алдын ала белгилеп коюу менен мусулмандарды куугунтуктоо үчүн атайын карама-каршылык пайда кылды. Бул аркылуу президент ыйман менен куфрду экиге бөлүп алып, куфрду жактап, жарандарды өз буйругуна моюн сундурууга аракет кылды. Бул нерсе Каримовго кулдук кылуунун башталышы болчу. Эми акча берүү туурасындагы убаданын аткарылышын күтүп жатат.

Эл аралык саясат да кескин өзгөрүп барууда. Америка өзүнө атаандаша ала турган мамлекет калбаганын сезип, ШКУну да көзөмөлгө алып, аларга каршы күрөшкөндүн ордуна аны менен кызматташууга өтүп жатат. ШКУ да дүйнөлүк куфр системасы Ислам динине каршы түзүп жаткан глобалдык биримдигинин бир бөлүгүнө айланып калышы мүмкүн. ШКУнун ишмердүүлүгү ушул дүйнөлүк биримдикке кулдук кылуу менен гана сакталып калышы мүмкүн. Каримовду бийлетип жиберген абалдын дагы бири ушул. Т.а. куфр дүйнөсү бир тармактуу болуп бара жатканы о.э. мусулмандарга карата ырайымсыз болуп, аларга зулум кылып жаткандарды куугунтуктоодон баш тартып жаткандыгы.

Кыргызстандын ички саясий абалы да, экономикалык жана аскерий тараптары да өзүн коргой ала турган же өз алдынча башкарып, камсыздап ала турган абалда эмес. Ал тышкы мамлекеттерге карызын өз убагында төлөй албай жатат. Россия, Кытай жана Өзбекстан да өздөрүндөгү абалды оӊдоо менен убара. Бийлик аларга ишенип мусулмандарга каршы кеӊири фронт ачып алса өтө жаман абалга дуушар болушу мүмкүн. Президенттин алдында эки жол турат.

Биринчиси:  Мусулмандар менен болгон мамилесин жакшы тарапка багыттоо. Мында ал Кыргызстанды куфр дүйнөсүнүн ыпылас фитналарынан сактап калат. Кыргызстан бөлүнүп, жок болуп кетишинин алдын алган тарыхий адамга айланат.

Экинчиси: Ислам жана мусулмандарга каршы согуш ачат. Анда тышкы күчтөрдүн саясий, экономикалык жана аскерий аралашууусу үчүн кеӊири жол ачылат. Алар – кудум Асадды куурчак кылып алып, өздөрү Сирия мусулмандарын кырып жатканы сыяктуу – өлкөбүздү басып алышат. Алар Кыргызстанда да Түркиядагы сыяктуу террордук операцияларды уюштурушат. Натыйжада кыргыз өкмөтүнүн “бул террордук операцияларды мусулмандар кылып жатат” деп айтуудан башка чарасы калбай, кырдаалды ого бетер курчута берет.

Атамбаев тарыхий стратегиялык чечим кабыл алуунун астында турат. Ал тарыхта ким болуп калышы анын мындан кийинки иш-аракеттерине байланыштуу. Өз өлкөсүн, калкын тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн кыргын кылып жибере турган канкор болуп калабы, же куфрдун басымдарынан коркпостон мусулмандардын биримдигин сактап калган улуттук лидер болуп калабы, муну өзү чечет!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here