Орозо Айтка карата Кайрылуу

316
0

Кыргызстанда быйыл Орозо Айт 5-июлга белгилеп коюлду. Мындай белгилеп коюу шариятка дал келбейт. Андыктан, ага тиешелүү адамдарды анын күнөөсүн көтөрүүдөн кайтарабыз жана бул күнөөлөрдөн оолак болуусу үчүн мусулман калкыбызга кайрылабыз.

Урматтуу мусулмандар! Белгилүү болгондой, Ислам шариятында Орозо айынын башталышы жана аякташы айдын абалына карай аныкталат. Айдын абалын аныктоодо болсо, астрономиялык илимий изденүүлөргө эмес, шаръий далилдерге кайрылынат. Хадиси шарифте айды көз менен көрүү буйрулган.

Эгер жер жүзүнүн кайсы бир орунунда, балагатка жеткен, акылы бүтүн, күбөлүгү кабыл алына турган, адилеттүү мусулман киши Рамазан айынын биринчи күнүнүн айын көрдүм деп айтса, анда жер жүзүндөгү бардык мусулмандарга ошол күндөн тартып орозо тутуу фарз болот. Так ушундай эле, Рамазан айынын акырында да, күбөлүк берүүчү шаввал айынын биринчи күнүнүн айын көрдүм деп айтса, ошондон тартып орозо ачылат.

Камарий (ай) жыл санагы боюнча, айрым айлар 29 күндөн жаңырса, айрымдары 30 күндөн жаңырат. Ошондуктан, Рамазан айы да кээ жылы 29 күндөн жаңырса, кээде 30 күндөн жаңырат. Ушундан улам, орозо календарларына “Айдын чыгышына карай бир күнгө өзгөрүшү мүмкүн” деп жазылып коюлууда.

Туура, өлкөлөрдүн географиялык жайгашуусуна ылайык, сухурлук жана ифтарлыктар саат боюнча айырмаланат. Бирок, бул айырма эч качан, эч бир жерде бир күнгө созулуп кетпейт. Андыктан, дүйнөнүн ар бир бурчундагы мусулмандардын орозосу башталышы жана аякташы бир күндө болот.

Орозонун башталышы жана аякташын болжолдуу түрдө алдын ала белгилеп койсо болот. Бирок, учуру келгенде ал айдын абалына карай туураланат. Ал эми, алдын ала так кесе белгилеп коюу жайиз эмес, анткени, ал шаръий өкүмгө тескери иш кылуу болуп саналат.

Империалист кафирлер Ислам мамлекетин кулатышкан соң, мусулмандар арасына жасалма чегараларды тартышты. Акыбетте, мусулмандар өлкөлөрү майда мамлекетчелерге айланышты. Ушундан соң, кафирлер мусулмандардын биримдигин көрсөтө турган бардык исламий көрүнүштөргө тоскоолдуктарды коё башташты. Алардын катарында, Айт майрамдарын жалпы мусулмандар бир күндө майрамдашына жолтоолуктарды жаратышты. Бул үчүн, биздин үстүбүзгө орнотуп коюшкан малайларын ишке салышты. Ал малайлар – биздин жетекчилер. Бул жетекчи сөрөйлөр ар бир “эгемендүү” мамлекетче Айт майрамдарын өз-өзүнчө “эгемендүү” белгилей турган жоболорду киргизип коюшкан. Мунун мындан башкача бөлүнүү ыкмалары да бар. Кээде суфийлик багытындагы өлкөлөр Түркияга карашса, салафийлик багытындагылар Саудияга карап белгилеп калышат. Кээде эл аралык саясатка ылайыкташат, мисалы, Саудияны Британияга малай король башкарып турганда, Британия колонияларынын көпчүлүгү Саудия менен бир күндө белгилешсе, АКШ колониялары Түркия менен бир күндө белгилешет. СНГ аймагындагылар болсо, Россия кысымга алганда, Россияны карап калышат, башка убакта ар жакты карашат. Алардын арасында Каримов сыяктуу оюна келгенин кыла турган арсыз-акмактары да бар ж.б.у.с. Кыскасы, кафирлер менен алардын малайлары орозонун башталышын жана Айтты белгилөөдө мусулмандар биримдигин жүзөгө чыгарбашка жан үрөп аракеттенип келишет.

Бирок, бул мамлекетчелердин убактылуу мындай бөлүнүүсүнүн шаръий өкүмгө эч кандай таасири болбошу керек. Мисалы ооз ачууда, ай күзөтүлгөн күнү Кыргызстанда ай көрүнбөгөн болсо, лекин, Арабстан же Африка мамлекеттеринин биринде көрүнгөн болсо, анда ошол күнү кыргызстандыктар да ооз ачуулары важиб болот. Ал эми, ар бир мамлекет жарандарынын өз-өзүнчө орозо башталышын жана Айтты белгилеши, атайын коңшу өлкөлөрдөн айырмалуу кылышы – булардын баары шариятка тескери келет жана куфр системасына моюн сунуу болуп саналат.

Хизб-Кыргызстан ондогон жылдардан бери бар мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып, Кыргызстан мусулмандарын мындай мункарлардан кайтарып келет. Ал кездерде салттуу исламды карманабыз деп жаткандар: “Ата-бабаларыбыз орозону 30 эле күн тутуп, келишкен, эч кандай 29 күн жок” деп каршы турушкан. А бүгүн алар “30 күндөн жаңырып калышы мүмкүн да” деп койбостон, чурк этпей турушат. Азирети Чубак ажы муфтий болгон чагында, өз мүмкүнчүлүгүнөн туура пайдаланып, ушул шаръий өкүмгө амал кылууну жолго койгон эле. Бирок, андан кийинки муфтийлер буга карата кайдыгер болушту же кыянат кылышты. (Аллахтын алдында ар ким берилген мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жооп берерин эскерте кетебиз).

Рамазан таквимдеринде “Айдын чыгышына карай бир күнгө өзгөрүшү мүмкүн” деп жазылышына карабастан, быйыл да Кыргызстанда Айт майрамы 5-июлга алдын ала белгиленип олтурат. Эгер Рамазан айы быйыл 30 күндөн жаңыра турган болсо, анда 5-июль орозонун 30-күнү болуп калат. Бул күнү орозо кармоо фарз болот. Айт намазын анын эртеси өтөө важиб.

Ушундан улам, мусулман калкыбызга кайрылабыз:

– Муфтият, уламалар кеңеши жана башка мүмкүнчүлүгү бар адамдар бийликке айга карап Айт белгилөөнү жеткиришсин

– Мамлекет Айтты айга карап белгилөөнү жолго койсун, эгер орозо 30 күндөн жаңырып калса, Айт намазын өз убагында өтөөгө, Айт майрамын татыктуу тосууга шарт түзүп берсин

– Катардагы мусулман жарандар жооптуулардан ушулардын баарын талап кылсын, эгер аткарылбаса, анда өздөрү бул ибадаттарды өз убагында аткарышсын. Анткени, бул ибадаттардын аткарылышы – ушул убакытка байланыштуу.

Азыр кылына турган иш: Айтты алдын-ала белгилөөнү жокко чыгарып, тиешелүү адамдарды айга карап белгилөөгө кайтаруу.

Жеткирдикпи, биз жеткирдик, Аллахым, Өзүң күбөсүң!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here