Ийад Дананын (Eyad Dana) шаръий иллет жөнүндөгү суроосуна жооп

332
0

Хизб-ут-Тахрир амири аалым Ато ибн Халил Абу Роштанын «Фейсбук» тармагынын колдонуучулары берген суроолоруна жооптору (фикхий)

Ийад Дананын (Eyad Dana) шаръий иллет жөнүндөгү суроосуна жооп

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллох, шейх, шаръий иллетке тиешелүү ушул суроого жооп берсеңиз: иллет Шариънин пенделердин фиълдерине тиешелүү хитабынын кайсы жеринен орун алган? Иллет иктиза хитабына киреби, же вазъ, же тахйир хитабынабы? Иллет менен сабабдын айырмасы кандай?

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Шаръий өкүмгө – Шариънин пенделердин фиълдерине тиешелүү иктиза, же тахйир, же вазъ менен кылган хитабы деп таъриф берилген… Иктиза – талап. Ал фиълди (амалды) кылууну талап кылуу жана аны таштоону талап кылуудан турат. Ал жазим (катъий) талап кылуудан жана гайрижазим (катъий эмес) талап кылуудан турат. Фиълди кылууну жазим талап кылуу фиълдин фарз экенин билдирет. Фиълди гайрижазим талап кылуу болсо анын мандуб экенин түшүндүрөт. Фиълди таштоону жазим талап кылуу фиълдин харам экенин билдирсе, гайрижазим талап кылуу анын макрухтугун түшүндүрөт. Булар төрт өкүм, бешинчиси тахйир болуп, ал мубахтыкты билдирет. Бул беш өкүм – таклиф өкүмдөрү… Алардын тушунда вазъ өкүмдөрү турат: сабаб, шарт, маниъ, рухсат, азийма, сиххат, бутлан жана фасад.

Көрүп турганыңыздай, иллет шаръий өкүмдүн таърифине кирбейт. Ал таклифий шаръий өкүмгө да, вазъ өкүмгө да кирбейт… Анткени, иллет шаръий өкүмгө далил катары болот. Ошондуктан, ал тартип жагынан шаръий өкүмдөн мурун келет жана анын үстүнө шаръий өкүм курулат. Т.а. иллет фаръий өкүм эмес, ал – далил. Демек, иллет өкүмгө себеп болот. Сабаб болсо өкүмдүн жүзөгө келгенин билдирген белги гана. Анткени, өкүмдү важиб кылган нерсе – жазим амрда келген далил. Сабабдын далили – өкүмдүн жүзөгө келгенин билдирген белгини камтыган нерсе.

Дагы да тунук болушу үчүн ушуларды айтабыз:

Иллет – шаръий өкүмгө себеп болгон иш. Анткени, шаръий өкүм ушул иллет себептүү шаръий өкүм болот. Ошондуктан, иллет өкүмгө далил, ага белги жана аны билдирүүчү. Бирок, ошону менен бирге, ал өкүмгө себеп болгон иш. Анткени, ал ушундай бир иш, шаръий өкүм ал себептүү шаръий өкүм болот. Ошондуктан, ал маъкулун нас болду. Ошондуктан, эгер наста иллет болбосо, настын маъкулу болбойт, бул абалда настын мантуку жана мафхуму болот, ага башкасы таптакыр кошулбайт. Бирок, наста иллет бар болуп, анда (наста) өкүм бир муфхим васф (түшүнүктүү сыпат) менен байланып келсе, бул абалда настын мантуку, мафхуму жана маъкулу болот жана ага башкасы да кошулат. Демек, иллет бар болсо, наста башка түрлөр жана окуялардан турган башка бөлүктөр да бар болот. Нас аларды өз мантуку жана мафхуму менен эмес, кошулуу жолу менен өз ичине камтыйт. Анткени, мантук жана мафхум настагы иллет менен бирге келет. Иллет өкүмдүн далилинде келиши мүмкүн. Мында өкүмгө хитаб далалат кылат жана хитабдагы иллет далалат кылат. Буга Аллах Тааланын ушул сөзү мисал:

﴿مَّا أَفَاءَ اللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِ مِنْ أَهْلِ الْقُرَىٰ فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنكُمْ﴾

«Аллах айыл-шаарлардын (кафир) элинен өз пайгамбарына олжо кылып берген нерселер – тээ силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбашы үчүн – Аллахтыкы, пайгамбардыкы жана (пайгамбардын) тууган-уруктары, жетимдер, бечера-мискиндер жана жолоочу-мусафырлардыкы»  [59:7]

Ошондон кийин Аллах Таала мындай деди:

﴿لِلْفُقَرَاءِ الْمُهَاجِرِينَ…﴾

«Кембагал мухажирлердики»  [59:8]

Бул аят олжону кембагал мухажирлерге берүү өкүмүнө далалат кылды. Ошондуктан, Расул A аят назил болгон мына ушул олжону – ал Бану Назирдин олжосу эле – мухажирлерге гана берди, ансарлардан кембагал болгон эки кишиге гана берди, башкаларына берген жок.

Иллет Аллах Тааланын ушул сөзүндө да келген:

﴿كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنْكُمْ﴾

«… тээ силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбашы үчүн…»  [59:7]

Т.а. байлардын ортосунда гана айланып жүрө бере турган болуп калбашы үчүн, башкаларга да өтүшү үчүн дегени. Демек, бул иллет өкүмгө далалат кылды жана ал ушул шаръий өкүмгө себеп болду.

Сабаб болсо – ар бир захир, мунзабит (анык) васф болуп, самъий далил анын – өкүмдүн шаръий болушун эмес, өкүмдүн жүзөгө келгенин билдиргенине далалат кылат. Буга Аллах Тааланын ушул аяты:

﴿أَقِمِ الصَّلَاةَ لِدُلُوكِ الشَّمْسِ﴾

«Күн оогондон (баштап) намазды толук аткаргыла»  [17:78]

жана Набий Aдын ушул хадиси мисал:

«إِذَا زَالَتِ الشَّمْسُ فَصَلُّوا»

«Эгер, күн эңкейсе (оосо) намазды аткаргыла». (Байхакий риваяты). Бул аят жана хадис күндүн ооосу намаз жүзөгө келгенин билдирген белги экенин баян кылууда. Мунун мааниси ушул: эгер ушул убакыт жүзөгө келсе намаз жүзөгө келет. Т.а. башка шарттар да толук табылса намазды аткаруу жайиз болот. Бардык сабабдар ушундай болот. Мисалы, Аллах Таала:

﴿فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ﴾

«Силерден ким бул айга кбө болгон болсо, орозо кармасын»  [2:185]

деди. Набий A болсо:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ»

«Айды көрүп орозо туткула» деди. (Бухарий риваяты). Бул аят жана хадис айдын чыгышы жана аны көрүү рамазанда орозонун жүзөгө келгенин билдирүү белгиси экенини баян кылууда.

Мындан болсо иллет менен сабабдын ортосундагы айырма анык болууда. Сабаб – өкүмдүн жүзөгө келгенин билдирген белги. Мисалы, күндүн оосу намаз (убакытысынын) жүзөгө келгенин билдирген белги. Иллет болсо – шаръий өкүмгө себеп. Анткени, иллет шаръий өкүмдүн жүзөгө келишине сабаб эмес, анын шаръий өкүм болушуна сабаб. Ошондуктан, ал өкүм далилдеринин бири болуп, ал наска окшойт. Буга мисал кылып Аллах Субханаху ва Тааланын:

﴿إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ﴾

«Жума күнүндөгү намазга азан айтылса, дароо Аллахтын зикрине баргыла жана соода-сатыкты токтоткула!»   [62:9]

деген аятынан истинбат кылынган намаздан чалгытууну келтирүү мүмкүн. Анткени, чалгытуу шаръий өкүмгө себеп болду. Ал – жумага азан айтылганда сооданын харам болушу. Муну менен чалгытуу сабаб эмес, иллет болду. Күндүн оосу болсо мунун тескериси. Анткени, күндүн оосу иллет эмес. Анткени, бешин намазынын шаръий өкүм болушуна күндүн оосу себеп эмес. Т.а. күндүн оосу бешиндин жүзөгө келиши важиб болгонуна белги болот.

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта 

13ражаб, 1437-х.

20апрель, 2016м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here