Америка армиясы Сирия оппозициясынын ондогон согушкерлерин машыктырууда

295
0

 Америка армиясы “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү үчүн Сирия оппозициясынын ондогон согушкерлерин машыктырып жатканын билдирди. Өткөн жылы Түркияда оппозициячыл согушкерлерди машыктырууга аракет кылышып, бирок бир топ каталарды кетиришкен эле. Эми бул машыгуу ошол каталарды кайталабастык үчүн өзгөртүлгөн программа алкагында болууда. ИШИМге каршы АКШ жетекчилигинде түзүлгөнү коалициянын маалымат катчысы америкалык полковник Стив Уоррен 1-апрель күнү: «Бул жаӊы программа боюнча бир дагы сириялык жаран машыгууну бүтүрө элек», — деп билдирди.

Кабарларга ылайык, аскерий чыгымдар туурасындагы жаӊы мыйзам долбоорун Америка конгрессинин көпчүлүк бөлүгү колдогон. Бул долбоордо Америка коргоо министрлигине «Ислам Мамлекети» уюмунун согушкерлерине каршы кампаниянын бир бөлүгү катары сириялык оппозиционерлерди машыктырууга уруксат берилген. О.э. коргоо министрлигине 577 миллиард доллар бөлүнүп, андан 64 миллиарды Афганистан, Ирак жана Сириядагы согушту каржылоого жумшала турган болду. (Россия Сегодня).

Роя гезитинин комментарийи:

АКШ бир нече мамлекеттердин иштерине, айрыкча, Сирия ишине аралашып, өзүнүн саясатын өткөрүү үчүн «Ислам Мамлекети» уюмунан о.э. “ага каршы күрөш жана анын коркунучун жок кылуу” деген нерселерден шылтоо катары пайдаланып жатат. Америка Сириядагы согуш Шам калкынын ортосунда болуп, режим менен калктын ортосунда уланбастыгы үчүн аракет кылууда. Ал азыркы малайы Башардын ордуна жаңы малай тапканга чейин режимди сактап туруу үчүн ушундай кылууда.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here