Америка Кытайга басым өткөрүү жана аны курчоого алуу максатында Азиядагы мамлекеттерге жетекчилик кылууда

329
0

Америка Кытайга басым өткөрүү жана аны курчоого алуу максатында Азиядагы мамлекеттерге жетекчилик кылууда

 Картер: Азия мамлекеттери Кытайга каршы турууда АКШ менен жакын алака орнотууда

Американын коргоо министри Эштон Картердин билдиришинче, Азия мамлекеттери Пекиндин Түштүк Кытай деңизинде таасирин жаюусуна каршы туруу үчүн АКШ менен аскерий алакаларды бекемдөөгө аракет кылууда. Мындай сөздөрүн ал Азия мамлекеттерине – Кытайдан тышкары – боло турган сапарынын алдында айтты.

Картер Индия жана Филиппинге сапар кылышынан бир апта мурда Нью-Йорктогу «Тышкы алакалар кеңеши» борборунда сөйлөгөн сөзүндө: «Дээрлик бардык Азия мамлекеттери көптөгөн тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүүнү бизден талап кылып жатышат», – деди.

Андан соӊ, Картер: «Чындыгында эле, Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги иштери регионалдык чыӊалууну пайда кылууда», – деп кошумчалады. Белгилүү болгондой, Картер Пекинге сапар кылууга чакырылып, бул чакырууну кабыл алган эле. Бирок, бир нече апта мурда сапар калтырылды жана мунун себебин америкалык бир жооптуу Картердин күн тартибинде проблема пайда болгону менен түшүндүрдү.

Ал «Азия-Тынч Океаны регионунун түрдүү тараптарындагы мамлекеттер куралдануу маселесинен, айрыкча, Кытайдын көлөм жагынан көрүнүп жаткан операцияларынан тынчсызданып жатышат», – деп сөзүн улантты.

Америкалык министр «Ошол себептен ушул мамлекеттердин көпчүлүгү бүт региондун өнүгүүсүнө салым кошуучу эреже жана принциптерге амал кылуу жолунда АКШ менен кайрадан алака орнотуп жатышат» деп баса белгиледи.

Кытай – эл аралык жүк ташуу үчүн маанилүү болуп эсептелген Түштүк Кытай деңизинин бардык тарабына талапкер болуп жатат. Анткени, бул региондо кен байлыктардын жана энергия ресурстарынын үлкөн запасы бар.

Көпчүлүк Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери Түштүк Кытай деңизинде Пекин менен чегара проблемаларына дуушар болгон. Бул регион стратегиялык жактан маанилүү болгон эл аралык соода жолдоруна о.э. балык жана нефть сыяктуу байлыктарга ээ. (Хаят гезити).

Роя гезитинин 2016-жыл, 13-апрелдеги 73-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here