Король Салман Анкарага барды

306
0

Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Анкарага келди. Аны Анкарада Эрдогандын өзү күтүп алды.

Король эӊ белгилүү мейманканалардын бири, президент сарарайынан 1 километр аралыкта жайгашкан “JW Marriot” мейманканасынын 450 квадрат метр болгон “Royal Griffin Suit” номерине жайгашты. Мейманкананын коопсуздугу жогорку даражада камсыздалган. Бөлмөнүн дубалдары бомбанын жарылуусуна чыдамдуу, ал эми терезенин айнектери  болсо ок өтпөй турган болуп жасалган.

Королдон мурда аны буюмдары жүк (карго) самолёту менен жетип келди. Мейманканада даярдык иштери бир нече күн мурда эле башталган. 300 адамдык делегация бир апта мурда мейманкана коопсуздугун камсыздоо жана королду жайгаштыруу иштери үчүн Саудиядан Анкарага келген эле. Королдун атайын тобу мейманканадагы ар бир ишти өз колуна алган. Мейманкана бир гана король Салман үчүн ажыратылган. Королдун өкүлдөрү Анкара жана Стамбулда король Салман пайдаланышы үчүн ондогон “Mercedes”,“BMW” жана “Audi” маркасындагы люкс машиналарды жалдашкан.

Бүгүн король Салман менен президент Эрдоган жолугушуп сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү айтылууда. Президенттик булактардан алынган кабарга ылайык, жолугушуу учурунда өз ара мамилелер, Сириядагы кырдаал, качкындар маселеси, “террорчу” уюмдарга каршы аткарыла турган иштер о.э. аймактык жана эл аралык маселелер талкууланган. Король Салман Анкарада президент Эрдоган менен делегациялар ортосунда жана жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин маалымат жыйынын өткөрөт.

Король Салман Стамбулда 14-15-апрель күндөрү өткөрүлө турган Исламий кызматташтык уюмунун 13-саммитине катышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here