Тони Блэр «Ислам Мамлекети» уюмуна каршы турууда жаӊы стратегия иштеп чыгууга чакырды

282
0

 Британияда чыгуучу «Sunday Times» гезитинде мурдагы премьер-министр Тони Блэрдин макаласы жарык көрдү. Ал макаласында «Ислам Мамлекети» уюмуна болуучу мамиледе жаңы стратегия иштеп чыгууга чакырган. Блэрдин айтымында, бүгүн дүйнө жүздөнүп жаткан чыныгы коркунуч зомбулук эмес, тескерисинче ушул зомбулукка себеп болуп жаткан экстремисттик идеология. Ал “мына ушул реалдуу проблема менен алектенбестик терроризмди жок кылуудагы бардык иш-аракеттердин ийгиликсиз болушун» түшүндүрөт деди.

Блэр «Биз Исламды четке кагуу абалында жашап жатабыз» деген темадагы макаласында «көпчүлүк мусулмандар ээрчип жаткан тынчтыкка чакыруучу Ислам таалимдери менен түпкү акыйдадан тайган исламий экстремизмдин ортосун айырмалоо керектигин» баса белгиледи.

Бирок, мурдагы премьер-министр «Ислам дүйнөсүндөгү окуяларды четке кагуу абалына» чек коюу керектигин айтты. Ошондой эле: «Акыркы элүү жыл ислам дүйнөсүндөгү көптөгөн өзгөрүүлөргө күбө болдук. Өз кезегинде, бул өзгөрүүлөр ушул диндин мамлекет жана саясаттагы ролуна, башка диндер алдындагы позициясына карата көз-караштарды өзгөртүп жиберди. Бул болсо, жаңы дүйнө принциптерине бүтүндөй тескери өзгөрүүлөр болуп эсептелет», – деп кошумчалады.

Тони Блэрдин айтымында, исламий экстремизмге жана акыйданын аты менен ишке ашырылып жаткан зомбулуктарга жоопкер болгон мындай исламийликке каршы туруу керек.

Автор экстремизм жана анын акыбеттерине каршы туруу жолдоруна түшүндүрмө берип, муну дүйнө мамлекеттери ортосундагы разведка кызматташтыгын жакшыртуу менен ишке ашыруу керектигин, бул болсо кээде ушул кызматташтыкты ишке ашырууга тоскоолдук кылып жаткан укуктук чектөөлөрдү аттап өтүүнү талап кылып жатканын билдирди. (Би-Би-Си арабий).

Роя гезитинин комментарийи:

Тони Блэрдин сөздөрүн көӊүл коюп күзөткөн адам Блэрдин назарында негизги маселе “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы туруу эмес, тескерисинче ал айткан «зомбулук операцияларына себеп болуп жаткан экстремисттик идеология» экендигин түшүнөт. Ал «экстремисттик идеология» деп, Исламга турмуштун бардык тармагын өз ичине алган мабда катары кароону т.а. адамдардын иштерин башкаруу да Ислам менен болушу керек о.э. башка акыйдалар, сакафаттар жана диндер үстүнөн өкүм чыгарууда да мына ушул Ислам мабдасы өлчөө кылып алынышы керек деген көз-карашты назарда тутуп жатат. Бул нерсени далилдөөгө анын: «Акыркы элүү жыл ислам дүйнөсүндөгү көптөгөн өзгөрүүлөргө күбө болдук. Өз кезегинде, бул өзгөрүүлөр ушул диндин мамлекет жана саясаттагы ролуна, башка диндер алдындагы позициясына карата көз-караштарды өзгөртүп жиберди. Бул болсо, жаңы дүйнө принциптерине бүтүндөй тескери өзгөрүүлөр болуп эсептелет», – деген сөздөрү жетиштүү болот. Демек, Тони Блэр негизги проблема деп, Исламдын ролун, анын саясатка байланыштуулугун назарда тутуп жатат. Т.а. Ислам өкүмдөрүнүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонулушу, адамдардын иштери Ислам менен башкарылышы Блэр үчүн реалдуу проблема болуп эсептелет. Анын бул сөздөрүнө Австрия канцлери Вернер Файмандын төмөнкү билдирүүсү да туура келет. «Die Presse» гезитинин өткөн жекшембидеги санында Файмандын: «Ислам дини проблема эмес, тескерисинче мына ушул динди бузуп жаткан экстремисттер проблема», «Дин ар бир адамга таандык нерсе. Дин саясатта кандайдыр рол ойногон кезде, социалдык демократия ар дайым катуу сындоолорго бута болот», «Исламий тараптагы радикалдык күчтөрдү көзөмөл кылып баруу зарыл» «Европадагы социалдык демократия динге амал кылып, аны бекем кармаган киши менен дин жана саясат ортосун байланыштыруучу кишини ажыратат», «Динди саясат менен байланыштыруу эркиндикке да, демократияга да тиешеси жок», – деген сөздөрү келген.

Роя гезитинин 2016-жыл, 30-марттагы 71-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here