Тунис өкмөтү: Террорчу уюмдарга каршы жаңы коопсуздук планын кабыл алуу керек

349
0

Кечээ Тунистин премьер-министри Хабиб Эссид коопсуздук жана көзөмөлдү ылайыкташтыруучу бөлүмдүн атайын жыйынын өткөрдү. Белгилүү болгондой, бул бөлүм ал жетекчилик кылуучу өкмөтүн бөлүмү. Жыйын Тунистин түштүк-чыгыш вилаяты Ибн Кардондо ишке ашырылган террористтик операциядан кийин, коопсуздуктун абалын талкуулоо үчүн өткөрүлдү. Эссид терроризмди жок кылуу жана бул нерсеге каршы туруу үчүн бардык күчтөрдү биригүүгө чакырды.

Коргоо министри, ички иштер министри, адилет министри, аскерий жана коопсуздук тармагынын жетекчилери катышкан бул жыйында Эссид пландаштырылган иш-чараларды аткаруу жаатындагы ийгиликке көӊүлдү бурду. Анткени, бул иш-чаралар коопсуздук ишине жаңыча жандашууну активдештирүү үчүн тастыкталган эле. Жыйында террорчуларды аракетке киришүүсүнөн мурда куугунтуктоого о.э. кылмыштуу операцияларын ишке ашыруусуна жол бербестен, алардын тамырын курутуп жок кылууга чакырылды.

Бул жыйында Эссид, кошуна Ливияда жүз бериши мүмкүн болгон ыктымалдуу өзгөрүүлөргө даяр турууну, өлкө тынчтыгы жана улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруш мүмкүн болгон ар кандай ишке даяр болуп турууну баса белгиледи. Өз кезегинде, Ибн Кардон региону калкынын аскерий жана коопсуздук кызматтары менен болгон кызматташтыгын жогору баалады о.э. кызматташтыктын натыйжасында террористтик жамаат өз убагында ашкере кылынып, алар ыктымалдуу террористтик операцияларды ишке ашыра элегинде жок кылуу мүмкүн болгонун билдирди.

Ички иштер маселесинде өкмөт башчы социалдык нааразылык акциялары болуп жаткан кескин бир кырдаалда, саясий жана социалдык чөйрөлөр иш-аракеттерин бириктириши зарыл экендигин, бул аркылуу улуттук биримдик таянычтары бекемделип, кооп-коркунчтарга каршы күрөшүү үчүн ички фронттор ачылышы керектигин баса белгиледи. (Шаркул Авсат гезити).

Роя гезитинин комментарийи:

Тунисте коопсуздук абалы начарлашы менен адамдар режим тарабынан болуп жаткан зулумга жана бийликтеги коррупцияга көӊүл бурушуп о.э. бийликтин саясатына каршы нааразылык акцияларын өткөрүүгө киришип жатышат. “Бирер иш жүз бере турган болсо коопсуздук маселеси адамдардын иштерине көӊүл буруунун эӊ башында турат” деп көрсөтүп коюу үчүн өкмөт бул иштен пайдаланууда… Террористтик операция деген иштерге келсек, окуяларды күзөтүп жаткан адамга белгилүү болгондой, булар көпчүлүк абалдарда режимдин тыӊчылык кызматы тарабынан уюштурулат. Мындай атайылап уюштуруулар Тунисте эле эмес, Ирак, Мисир, Ливия сыяктуу өлкөлөрдө да колдонулат. Себеби, исламий өлкөлөрдө адамдардын мойнуна минип алган зордукчул өкүмдарлардын өздөрү кылмышкерлер. Алардын бардыгы өз саясатын адамдарды терроризм деген нерсе менен коркутуу аркылуу жүргүзүп жатышат. Бул болсо, элдерди жакырдантуу жана кордоо саясаты болгондугунан тышкары, Ислам жана мусулмандар душмандарынын көрсөтмөлөрүн аткаруу болуп эсептелет.

Роя гезитинин 2016-жыл, 9-марттагы 68-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here