Өзбекстан чегарадагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди

326
0

Нооруз майрамына даярдык көрүүгө байланыштуу Өзбекстан республикасынын улуттук коопсуздук кызматынын чегара кошуундары тарабынан чегараны, айрыкча, Кыргызстан менен чегараны кайтарууну күчөтүү боюнча бир катар иштер аткарылган. Бул тууралуу Өзбекстандын чегараларды кайтаруу комитетинин өкүлүнө таянып, “Подробно” маалымат агенттиги кабар таркатты.

Анын айтымында, чегараны кайтарууга бронетехника да тартылган. А бирок, “ушул бардык аскерий техника мамлекеттин аймагында жайгашкан о.э. мамлекет чегарасын коргоо такталбаган чегараларга кирбестик боюнча эки тараптуу келишимдерге ылайык ишке ашырылып жатат”.

Ошону менен бирге, 2016жылдын 18-март күнү оӊдоп-түзөө иштери себептүү “Маданият” өткөрмө пункту бир тараптуу жабылган жана бул тууралуу Кыргызстан тарапка тийиштүү каналдар аркылуу кабарланган.
Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматына караштуу мамлекеттик чегараларды коргоо комитети кыргызстандык кесиптештерин чындыкка туура келбеген маалыматтарды таркатуудан тыйылууга чакырды.

18-март күнү Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын элчиси К.Рашидов чакырылган.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин сайтында кабарланды. Жолугушууда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Д.Сыдыков Өзбекстан элчисине Жалал-Абаддагы Кербен – Ала-Бука жолунун жабылышына байланыштуу каршылык нотасын тапшырган.

Мындан тышкары, өзбек тараптын мындай аракети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына жакын жашаган аймактагы элдин ортосунда курч кырдаалды пайда кылышы мүмкүн экенин айтып өткөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here