Симпозиум ийиликтүү өттү

387
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты тарабынан 3-март күнү уюштурулушу жарыя кылынган эл аралык “Халифалык” симпозиуму Аллах Тааланын жардамы менен ийиликтүү аяктады. Симпозиумга дүйнөнүн түрдүү мамлекеттеринен келген коноктор катышты.

Бул симпозиум Түркияда Халифалык кулатылып, республика жарыя кылынгандан бери Халифалыктын бардык тараптары талкууланган алгачкы жыйын болгондугу менен айырмаланып турду. Ошол себептен улам массалык маалымат каражаттары жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, аалымдар, жазуучулар жана журналисттер бул симпозиумга өзгөчө көӊүл бурушту.

Симпозиум  Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн төрагасы Махмуд Кардын сөзү менен ачылды.

Симпозиумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Махмуд Кар жалпысынан: “Аллахка хамду-саналар болсун, бүгүн ушул программада Халифалык болушу керекпи, же жокпу деген тема көтөрүлүп жаткан жок. Муну тандоо биздин ишибиз эмес. Анткени, мусулмандар ортосунда Халифалыкты кайрадан тикелөө жаатында эч кандай ихтилаф жок. Бүгүн Исламий өлкөлөрдө Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн бар болгон күчү менен аракет кылып жаткан көптөгөн мусулмандар бар, Алхамдулиллах. Ушуга ылайык, бул симпозиум “Кандай Халифалыкты каалайбыз?” деп аталды. Бул симпозиумда дүйнөнүн түрдүү тараптарынан келген устаздарыбыз Батыштын Халифалыкты каралап, кадыр-баркын кетирүүгө болгон аракеттерин жокко чыгарат”, – деди.

Чындыгында, симпозиумда Түркия жана бир нече исламий өлкөлөрдөн келген муфаккирлер “Исламда башкаруу түзүмү кандай болушу”, “1924-жыл, 3-марттан кийин мусулмандардын абалы жана экинчи Халифалык”, “Исламдын колдонулушу үчүн мамлекеттин зарылдыгы”, “Мусулмандар үчүн Халифалыктын ушунчалык маанилүү экендиги”, “Халифалык тарыхий башкаруу формасы эмес, тескерисинче шаръий өкүм экендиги”, “Үммөт кандай Халифалыкты каалап жаткандыгы”, “Мусулмандардагы ихтилафтар алардын биригүүсүнө тоскоол боло албастыгы”, “Батыштын Халифалыкка эмне үчүн каршы экендиги”, “Исламда башкаруу формасы Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык экендиги” туурасындагы темаларды суроого орун калтырбай турган даражада ачык-айкын кылып, ачыктап беришти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here