Тажикстан президенти Кытай башкы штаб башкармалыгынын жетекчиси менен жолугушту

225
0

Тажикстан республикасынын президенти Эмомали Рахмонов Кытай менен аскерий кызматташтыкты күчөтүү, айрыкча тажик аскерлерин аскерий машыгуудан өткөрүү о.э. коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш тармактарында кызматташтыкты күчөтүүнү каалай тургандыгын билдирди. Президент Рахмонов кудум ушундай максатта сүйлөшүүлөр үчүн Тажикстанга келген Кытай армиясынын башкы штаб башкармалыгынын жетекчиси жана Кытай элдик республикасынын борбордук аскерий комитетинин мүчөсү Фанг Фингхуну кабыл алды.

Тажикстан президентинин маалымат кызматы билдиришинче, Рахмонов жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерден кубанычта экендигин билдирген. Рахмоновдун баса белгилешинче, аскерий билим, коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш жаатында Кытай менен аскерий кызматташтыкты бекемдөө – булар зарыл болгон маселелер.

Тараптар үчүн маанилүү болгон маселелер талкууланган жолугушууда эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты күчөтүү жана ушул күнгө чейин тараптар ортосунда түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу маселелери да көрүп чыгылды. Тараптар айрыкча Тажикстандын Афганистан менен чегарасында коопсуздукту камсыздоо, терроризм, экстремизм жана жикчилдик (т.а. Исламдын күчөшү) коркунучтарына каршы биргеликте күрөшүү маселесинде да пикир алмашышты.

Фанг Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен да жолугушту. Коргоо министрлигинен берилген билдирүүгө ылайык, жолугушуу учурунда эки мамлекет ортосундагы аскерий кызматташтыкты күчөтүү жана Тажик офицерлерине аскерий билим берүү маселелери талкууланган.

Жолугушуудан кийин Фанг Кытайдын финансылык колдоосу менен курулган Душанбедеги  “Офицерлер үйүнө” барды. Кытай 5 кабаттуу имарат куруу үчүн 2012-жылы Тажикстанга 1,5 миллион доллар грант берген эле. “Офицерлер үйү” жакынкы убакта пайдаланууга берилет.

Ошол эле учурда, президент Рахмонов Кытайдын терроризм жана коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Чинг Гопинди да кабыл алды. Рахмонов Кытай мамлекетин “экономикалык өнүгүү жана коопсуздук маселелери боюнча Тажикстанга жардам колун созгон ишенимдүү өнөктөш о.э. жакшы кошуна” деп сыпаттады. Жолугушууда Афганистандагы кырдаал, экономикалык өнүгүү жана тараптарды кызыктырган башка маселелер да талкууланды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here