Абактагылардын сакалын мажбурлап алдырып жатышат

320
0

 Францияда жайгашкан “Борбор Азиядагы адам укугу” ассоциациясынын билдирүүсүндө келишинче, Кыргызстандын Чүй областындагы Ново-Покровка айылында жайгашкан №3-абактагылардан сакалдарын алып таштоо талап кылынууда.

Уюмдун кабар беришинче, бул сыяктуу маалымат Ош шаарындагы №5-тергөө изоляторунан да алынган жана акырындап республикадагы калган абактарда да күзөтүлүүдө.

“Кимде-ким, эрежеге моюн сунбаса күч менен чачы жана сакалы алынып жатат. Көпчүлүгүн изоляторго жайгаштырып, аларга жакындары менен жолугушууга жана тамак-аш киргизүүгө тыюу салып жатышат. Бул сыяктуу эрежелер динине карабастан, бардык туткундарга колдонулуп жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстан абактарында 182 миӊ адам жатат”,-  деп айтылат “Борбор Азиядагы адам укугу” ассоциациясынын билдирүүсүндө.

Туркистон:

Кыргызстан бийлиги да Өзбекстан канкору Ислам Каримовдун изи менен жүрүп абактагы туткундарга акырындап басым өткөрүү жолун тандаган окшойт.

 Өзбек режими да алгач башында абактардагы мечиттерди бузуп, жамаат болуп намаз окууга тыюу салды жана туткундардын сакал коюшуна уруксат бербесе да, бирок, жекече абалда намаз окууга жана рамазан айында орозо кармоого каршылык көрсөтпөгөн эле. Кийинчерээк болсо, тышкарыда көпчүлүктүн алдында намаз окууга тыюу салып, туткундардан жатаканаларда, кроваттын үстүндө намаз окууну талап кылды. Бул иштин артынан болсо, мейли адамдардын көзүнө чалдыкпаган жерде болсо да тике туруп намаз окугандарды жазалап, отуруп намаз окууну талап кылды. Буга ыраазы болбогон туткундарды жазалай баштады. Тик турган абалда намаз окууга тыюу салып, отуруп намаз окууга мажбур кылгандан кийин болсо, отуруп алып намаз окууга да тыюу салды. Акыры мусулман туткундар абактын жетекчилигинен же туткундардын арасындагы “кулактардан” жашынып, жаткан абалда намаз окууга мажбур болушту. Жаткан абалда болсо да намаз окуп жатканда колго түшкөндөрдү болсо адам чыдагыс кыйноолор күтүп турат. Изоляторго жабуу, кыштын суук күндөрүндө жука кийим менен сууккта кармап туруу, таманына темир таяк жана дубинкалар менен эси ооп калганга чейин уруу адаттагы ишке айланып калды. Канчалаган боордошторубуз өзбек режими камагында намазды кайрадан тикелөө, Аллахтын фарздарын аткаруу жолунда шейит болушту, инша Аллах.

 Абактын ичинде намаз жана орозого бүтүндөй тыюу салып койгондон кийин болсо мусулман туткундарды ишениминен кайтууга, президентке кечирим кат жазууга мажбур кылды. А бирок, ыйман даамын татып көргөн о.э. бул дүйнөнү сыноо майданы деп билген мусулман боордошторубуз режимдин талаптарын аткаруудан баш тартып, өздөрү тандаган жолдо бекем турушу режимдин желдеттерин кутуртуп жиберди. Ошол себептен да аларды жок кылуу жолуна өтүп алышты. Учурда Өзбекстан абактарынан ай сайын эки-үч мусулман боордошубуздун сөөгү чыгышы адаттагы көрүнүш болуп калды.

 Эгерде Кыргызстан бийлиги да жаза өтөө мекемелеринде сакал коюуга тыюу салып алган болсо, анда кийинки кадамы абактардагы мечиттерди жабуу жана намаз окууга тыюу салуу болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here